Домой Саясат Кыяс Молдокасымов: Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!

Кыяс Молдокасымов: Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!

12

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Дооронбек Садырбаевди эскерип төмөнкүлөрдү жазды:

“Кайран гана эл! Кайран гана мамлекет! Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар! Дагы тарткылыгың алдыда экен.

Белиңди бекем бууп, чыдагын, өзүндүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!” 16 жыл мурда Акаевдин бийлиги Кумтөрдөгү алтын кенин кыргыздан тартып, Центеррага берээрде Докебиз Парламенттин трибунасынан ушинтип күйгөн сөзү бүгүн да маанисин эч жоготпой келет. 16 жылдын ичинде бийлик канча жолу алмашканы менен Кумтөр алтыны кыргызга кайтарылган жок. Кумтөргө кошуп башка алтын кендерин да чет өлкөлүктөргө кармата берип, элибиз Доке айткандай зөөкүр уулдарына чыдап келет!

Дагы көпкө чыдайт тургандай болуп калды көрүнөт. Кайран Доке, Салижан акебиз экөөңөр оо дүйнөгө кеткенден бери кыргызга күйгөн, көргөнүн күйгүзө айткан мыктылар чыкпай келет. Же андай касиет силер менен кошо кетип, жерге көмүлүп кеткенби?!

Элиңиз ошондон бери белин бекем бууп, чыдап эле келет, качан чечет, качан чечилет али белгисиз. Бүгүн Сиздин туулган күнүңүздө оюма ушулар келди, — деп жазган Кыяс Молдокасымов.