Кытайдын жасалма күрүчүнөн этият бол

08.04.2016 | Коом

күрүчКытай мамлекети пластиктен жасалган жасалма күрүч өндүрүшүн кеңири жолго койгону ар бир акыл-эси жайындагы адамды ойлондурбай койбойт. Бул күрүч ден соолукка катуу зыянын тийгизээрин дарыгерлер айтып чыгышты. Жасалма күрүч “Учан” деп аталып, күрүчтүн табигый элиталык сорту болгон “Учан” менен атаандашып турган кези. Бул күрүч сатып алуучуларды жагымдуу жыты жана арзан баасы менен кызыктырат экен. Бул болсо жагымсыз жыйынтыкка алып келди: биринчиден, кытайлыктардын бул “өнөрүнө” башка мамлекеттер да кызыга башташты, экинчиден, Кытай бул жасалма күрүчүн ар кандай соода маркалары менен дүйнөгө тарката баштады. Жалпысынан алып караганда, Кытай бул күрүчтү бир канча жыл мурда эле ойлоп тапкан. Эгерде бул күрүчтү мурун-кийин жеп келген болсоңуз, ден соолугуңузга оңбогондой зыян келтиргениңиз анык. Жыл сайын КЭРде 800 000 тонна чыныгы табигый “Учан” күрүчү жана 10 000 000 тонна желим кошулуп жасалган жасалма күрүч өндүрүлүп чыгарылат. “Учан” жасалма күрүчүн жегениңиз желимден жасалган баштыктарды жегендей эле кеп. Бул адегенде тамак сиңирүү жолдорун талкалайт. Андан кийинки жыйынтыкты айтып отуруунун зарылдыгы жоктур. Эл толгон Кытайда желимден жасалган күрүч жеп атышканда, өнүккөн батыш өлкөлөрүндө тамак-аш салууга колдонулуучу желим баштыктарды чыгаруунун кереги барбы-жокпу деген маселенин үстүндө баш катырып жатышкан чагы. Мындай баштыктардан бөлүнүп чыгуучу бисфенол заты ден соолук үчүн оңбогондой зыян келтирет. Атап айтсак, ал биздин тукум улоо системабызга терс таасирин тийгизет. Жасалма күрүчтүн курамындагы пластикификаторлорго 2005-жылы эле тыюу салынган. Мамлекеттин атуулдарына адилет мамиле жасай аларына ишенесизби? Эгер ишенбесеңиз, өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн ден соолугун сактагыңыз келсе анын бир эле жолу бар – кытай күрүчүн сатып албаңыз.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: