Кыргызсың, андыктан пейилиң кең болсун, көлдүгүм

08.05.2017 | Аналитика

Ысык-Көл

Атаганат, бизди бушайманга салып турган, өзүбүздүкү болуп, бирок, өзүбүзгө баш бербей турган, анан да адамды адам кылган «пейил» деген маани, нерсе, түшүнүк бар. Бөтөнчө, кыргыз улутун улут кылчу сапат ушул пейилдин кеңири же тар болушуна жараша. Ушул сөздү илгери бала кезде көп укчу элем, «анын пейили жакшы»,  «ай, пейилиңди оңдо», «пейилиң менен сенин…» , «о, пейли бузук энеңди…» деген көңүлдүн ар кандай абалында айтылган маанилерди. Кийин азыраак угуп калдым, а балким, укпай да калгамынбы… Анткени, пейил менен эсептешип-чоттошуп турган заман калып барат. Пейил таза да убак болгон, ошондо адамдар биринен-бири эч нерсе аябай берип, өзү ушул азыр керектөөчүсүнүн акыркысын берип турчу да. Азыр болсо, бирөө сураган нерсеси ашып-ташып жатса да эч нерсе жылдырбайт, андан көрө чирип жоголгону жакшы. Адамдардын турмушу канчалык оңолгон сайын, канчалык бар болуп жашаган сайын, пейилдин жаманы бийлик жүргүзө баштайт тура. Ал өзүбүздүн эле практикада дааналанып калды.

Атам тирүү кезинде Жети-Өгүз курортуна кетчү жолдун сол капталындагы боюнан жүз кадамчалык жерде килейген үйү менен мал сарайы, эки жүздөн ашык кою, он бештей ую, бир канча жылкысы боло турган. Атам өлгөндөн кийин анын баары кичүү иниме калды. Ал бир адамга зыяны жок, ичкилик да ичпейт, тамеки да тартпайт, ууру да кылбайт, ушак да сүйлөбөйт…анан колунан колунан бок келбейт экен, баягы малдын баарынын түбүнө жетип тынды, сарайын кошо сатты! Мына ошол күндөрдүн биринде, кебетеси, 90-жылдардын башы,  ошол жердеги үйүбүздө жүрөт элем, эртең менен аял-эркеги болуп, алты-жети турист келди, англичандар го. Анан эптеп түшүндүрүп сүт саткыла дебатпайбы. Жүрөгүм шуу деди. Ал кезде сатуу дегенди билбейбиз да, жеке мен эми деле эч нерсе сата албайм. Келиниме айттым, буларга каалаганча  сүт куюп бер деп. Куюп берген сүттү ошол эле жерден ичип, тигилер кетти, аябай ыраазы болуп кетти. Ошондо алар кыргыз пейилин көрүп ыраазы болуп, анан таң калып да турган. Ошондо жыргаганымды айтпа, жоо сайгандай кубандым го! Мен муну мактанайын деп айтпадым, билгендер билет, мен эч нерсе аяп көргөн жан эмесмин, муну айтканым: азыр туристтик мезгил келатат, мына ошол мезгилде, айланайын көлдүктөр пейилин кенен таштаса экен дегенди айтайын дегеним. Бузулуп турган пейилдин ээлери кайсы бир имаратын, үйүн, сарайын, короосун ж.б. жайларын арендага берет. Анан аны алып иштетебиз дегендер өз кызматтарынын баасын бычат. Эгерде аренданы арзан алса, тейлөө, тамак- аш да арзан, аренданы кымбат алса, калганы да кымбат. Ошондуктан имараттардын, жайлардын ээлери пейилин кенен таштап, арендасын арзан кылышы керек. Азыркы мыйзамдар боюнча мамлекет аларга эч нерсе кыла албайт, арендаң эмнеге кымбат, арзандат дегенди айтууга акысы жок. Андыктан ар-ар кимдин пейилине жараша болот.

Эми Ысык-Көлгө баа болбос. Айтылуу Калыгул акылман акын: «Ысык-Көл бейиштин эшиги, суу сайын нарын табак эти бар, жай болуп катыра ысыгы жок, кыш болуп кашкая суугу жок, ат жеткен жерде мындан артык кызыгы жок, мактанып жер жетээрби, адам мындан кетээрби, Ысык-Көлдөн кетпеңер, балдар!» деген тура. Олуянын ушул сөзүн унутпайлы, урматтуу көлдүктөрүм.

Өткөн жылы Көлгө 3 млн 800 миң турист келди деп жатат. Кыргызстанга келген туристтердин дээрдик баары ушул жерге келет. Демек, Кыргызстандын- кенедей мамлекеттин жүзү көлдүктөрдүкүндөй көрүнөт, алардын кыял-жоругу, пейили, ыйманы, башка кылыктары көлдүктөрдүкү менен ченелет, бааланат. Көлдүн эли баткендик менен оштуктардын, жала-абаддык менен нарындыктын, таластык менен чүйлүктүн алдында чоң жоопкер! Анткени, көлдүктөр кыргыз эли болуп жогоруда саналган жерлерде жашагандардын да   атынан чыгып жатат…

Кандай гана адам, улут  болбосун, биринчи иретте, сыпаа мамилени жакшы көрөт. Ошондон улам жүздөгөн пансионаттардага, эс алуучу жайларга келген  туристтерге кызмат кылган аялзаты, адам сугун арттырган татына кийинип, таза кийинип, жүзү жылмаюуга толуп турса, туристтериң ошол жерден эле жанын берет, энтеңдеп эмдиги жылы дагы келип берет…ушул жерин нары улантайынчы… анан аппак болуп кийинип, бутуңан башыңа чейин көргөзмөгө койгон куурчактай жаркырап, ыйманың мына-мына куюлуп кетчүдөй болуп, сенден тамак ичкиси келген адам тамакты эмес, сени жеп жиберчүдөй болуп, бу жарык дүйнө сени менен уланып, сенин жыйлмайган өңүңдүн  бир үзүмү болуп, сенин бажырайган өңүңөң күн уялгансып… ,койчу деги, бейиштен чыккан периштеге окшоп турсаң, атаганат… кана, кана, ошол сүрөт! Эркегиң болсо, зыңкыйып эркек болуп, жигиттигин көрсөтүп, марттыгын көрсөтүп, турист аялдардын сугун арттырып дегендей… тийиштүү кызматын так, даана, кичипейил аткарып турсун.

А эгер, жүзүңдөн каар менен заар кош чыгып, үн катпасаң деле кебетең коркунучтуу келишип турса, туристиң эмес, кадимки эле кыргызың коркуп берер, жаныңдан безе качар.  Анан сен бир нерсеге ачууң келип, тилиң менен колуң бирдей кычышып жатса, наркы күйөөңдү далдаа жерге чакырып туруп тилдеп ал, а балким, бир-эки ирет жамбаш талаштыра тээп өтөрсөүң!  Бирок, кандай болсо да турист дегенге тийбе!

Сенин бөлүп берген бөлмөңдөгү эмеректер да тирүүлүгү бардай жаркырап, жаркылдап турсун, тамагыңдын даамы жарылганча жедиртип турсун, сенин мамилең тигил эркек туристке аялын унуттуруп турсун, аял турист болсо, ушул аялдай болсом ээ деп суктанып турсун!

Ооба, Көлдө турист тозгон нечен бир абройлуу азамат жигиттер, ашкере сулуу, адамкерчиликтүү аялдар бар. А мен «пейилди оңдогула» деп кээси менен начар кыялын көрсөтүп койчу адамдарга айтып жатам…

Өзүбүздү өзүбүз сыйлаганды унутпайлы. Байлары баш бербей кутуруп турган замандын кедейи көп болот. Кыргызда кедейлер көп. Мына ошолордон кыштата акча чогултуп, анан ошол анча кеңири эмес акчасы менен эс алганы барат. Ошолордун көңүлү сынбасын, алардын көңүлү көкөлөп, аз акчасына санаа тартпай жыргап келгендей боло экен деп ойлоп калам…

Баарыбыз сыйлаган аксакалыбыз, улуу инсан Мамбет Мамакеевдин айтканы бар, жазганы бар: «Кудая тобо, азыр менде баары бар, билим десең билим, аброй десең аброй,  наамдын, сыйлыктын түрү бар, байлык да жетиштүү, кийим-кеченин эсеби жок. Мага жакшы сөз менен сый эле керек» деп. Анын сыңарындай туристтер бизден наам же сыйлык  сурап келбейт,байлык сурап келбейт, эс алганы келет, демек, аларга сый мамиле эле керек. Ал бекер. Демек, бекер нерсени аябайлы!

Пейлиңди кенен сал, көлдүгүм!

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: