Кыргызстанга эӊ керектүү болгон кесиптер же кайсы тармак эмнеден аксайт?

29.09.2017 | Коом

hello_html_m59d9fdeb

Дүйнөдө илим, техника ылдамдык менен өнүгүп жатканда өлкөдө катардагы эле адистер тартыш, айрымдары такыр табылбайт. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан ар кыл тармактар муктаж болгон кесип ээлерин тактап көрдү.

Маалымат ар бир министрлик менен мекемелердин өзүнөн алынды.

Саламаттык сактоо. Медицинада бир топ кадрлар жетишпейт. Бул маселе аймактарда гана эмес, борбор калаада да бар. Алсак, үй-бүлөлүк дарыгер, анестезиолог, психолог, соттук-медициналык эксперт, остеопатолог, профтолог, клиникалык фармакологдор тартыш. Андан сырткары, мамлекеттик ооруканаларда трихолог (чач, тери боюнча дарыгер) жок, алар аз санда айрым гана жеке менчик медициналык борборлордо эмгектенет.

Өзгөчө кырдаалдар. Кырсык болгон аймакта иштеген атайын психологдор жок, алар жада калса штатта каралган эмес. Ошондой эле аскер дарыгерлери, радиохимиялык коопсуздук боюнча кесипкөй адистерге муктаждык күч. Ошондуктан айрым мамлекеттик органдар эл аралык уюмдардын жардамы менен радиация менен иштеген жумушчуларын чет өлкөгө кесибин жогорулатууга жиберүүдө.Маданият. Өлкөнүн аталган чөйрөсүндө бир топ кесипкөй адистер жетишпейт. Алсак, маданий иш-чаралардын чыгымы менен кирешесин эсептей алган экономист, автордук укук менен алектенген атайын юристтер жок. Анысы аз келгенсип арфа аспабында ойногон музыкант, жогорку билимдүү каскадёр, жарык берүүчү жана гримёрлор табылбайт.

Спорт. Ата мекендик спортко илимий мамиле жасалбайт. Мунун бирден бир себеби — өлкөдө спорт жаатында илимий кадрлар жок. Мисалга, спорттук диетолог, психолог жана антидопинг боюнча кадрларды издеп табуу өтө кыйын. Ага миңдеген спортчуга бир эле спорттук дарыгердин бар экени далил. Андан сырткары, жада калса спорттун айрым түрлөрү боюнча машыктыруучулар дагы жок.

Айыл чарба. Өлкөнүн негизги тармагында бүгүнкү күндө агроном, зоотехник, селекционер аз санда. Тамчылатып сугаруу, күнөскана боюнча кесипкөй жумушчуларга муктаж.

Геология. Кен байлыктарга бай Кыргызстанда геммологдор жокко эсе. Бул кесиптин ээлери балуу таштардын курамын, өзгөчөлүгүн аныктайт. Азыр өлкөдө совет мезгилинде тарбияланган бири-эки гана геммолог бар. Ал эми минералдарды изилдеген минералогдор аталган тармакта аз гана санда иштейт.

Курулуш. Маркшейдер (жер алдындагы курулушта изилдөө иштерин жүргүзөт), топографтар тартыш жана электр долбоорлоочулар жокко эсе. Мисалга, Транспорт жана жолдор министрлиги узак убакыттан бери аталган кесипти аркалаган жумушчуларды таппай келет. Алар ири курулуштарда электр чубалгыларын өткөзүү, жайгаштырууну долбоорлойт.Авиация. Кыргызстанда аэпорттордун учуп-конуу тилкесин долбоорлогон жана оңдогон адистер жок. Себеби, өлкөдө совет маалында билим алган саналуу гана кадрлар бар, алар дагы пенсия курагында. Ал эми жаштар арасында бул кесипти аркалагандарды табуу кыйын.

Байланыш. Өлкөдө IT технологиялар боюнча юрист (маалыматтык технологиялар жаатындагы укук менен алектенет), кибер коопсуздук менен алектенген адистер, бизнес аналитиктер аз. Мисалга Кыргызстан боюнча 4-5 гана криптограф бар. Алар өздүк маалыматтарды коргоо, чечмелөө менен алектенет.

Булак: sputnik.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: