Кыргызстанга бурулуш алып келген 2017-жыл

28.12.2017 | Саясат

         KG_Flag

Ыйман, адеп жана маданият жылы аяктап, босогодо жаңы 2018-жыл турат. Андыктан өтүп бараткан жыл Кыргызстан үчүн кандай жыл болду, өлкөдө кандай өзгөрүүлөр жана ийгиликтер орун алды деген суроого кыскача жооп издөөгө аракет кылдык.  

Жалпы жонунан алып караганда 2017-жыл Кыргызстан үчүн жемиштүү, бурулуш жылдардан болду десек туура болот. Бул жыл көз ачып жумганча өтүп кеткени менен далай эсте кала турган орчундуу окуяларга бай болду.

Өтүп бараткан жылда өлкөбүздө эң башкы байлык болгон тынчтык өкүм сүрүп турду. Канчалаган эксперттер Кыргызстан тууралуу коркунучтуу божомолдорун айтканы менен стабилдүүлүк, өнүгүү, бейкуттук орун алып турду. Мекенибиздин тынчтыгын бузууну каалаган ички жана тышкы күчтөр канчалык аракет кылбасын алардын арам ойлоруна жол бербедик. promethazine codeine for sale online.

2017-жылда алгачкы ирет тынчтык жолу менен бийлик алмашканы кыргыз тарыхында  калат десек жаңылбайбыз. 15-октябрда кыргызстандыктар эң чоң атаандаштыктагы таза өткөн шайлоодо Сооронбай Жээнбековду президент кылып шайлады. Бул тарыхий окуя. Алгачкы жолу шайлоо жыйынтыгына элибиз толугу менен ынанды. Муну менен Кыргызстан Борбор Азия эле эмес, дүйнөгө үлгү көрсөтө алды.

Бул жылы дагы эсте кала турганы мамлекеттик жогорку кызматтарга жаңы муундун, жаштардын чыныгы өкүлдөрү келди. Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык кызматын тапшырып бергенден кийин Жогорку Кеңеш 40 жаштагы Сапар Исаковду премьер-министр кылып шайлады. Анын орун басарлары да чет элден окуп келген жаш кадрлар менен толукталды. Министрлик кызматтарга  30 жаштан тарта жетекчилер тартылды. Ал эми парламенттин төрагасы болуп 41 жаштагы Дастан Жумабеков шайланды.  

2017-жылда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн 2040-жылга чейинки стратегия иштелип чыкты жана ал коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган мындай документти кабыл алуу аракети эксперттер тарабынан жогору бааланууда. Анткени Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мындай узак мөөнөттүү өнүгүү планы бир да жолу демилгеленген эмес.

Ушул жылдагы дагы бир жетишкендигибиз, бул ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, өзүбүздүн басып өткөн тарыхыбызга туура баа берүү кадамын дагы бир жолу жасадык. Башкача айтканда 7-8-ноябрь күндөрүн  “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деп жарыяладык. Кыргызстан муну менен өз тарыхын унутпай, ошол эле кезде башкалардын бурмалоосуна жол бербейт.

Албетте, 2017-жылда жетишпестиктер, кемчиликтер да болбой койгон жок. Бирок, эң башкысы алган туура багытыбыздан тайбадык. Жетекчилерибиз убадаларына турду, мыйзам, коомчулуктун талабы көз жаздымда калган жок. Журтубузду Жараткан ар кандай табият кырсыктарынан сактады. Эл арасынан чыккан бузукуларды карапайым калкыбыз ээрчибеди. Эң башкысы мекенибизди тынчтык болду. Жамандыкты амантык, тынчтык жеңет деп коет элибиз. Эми кийинки келе жаткан жыл да жалпы журтубуз үчүн жемиштүү болсун деп тилек кылалы. 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: