Кыргызстандын таасын жолун таптырган алты жыл

27.03.2018 | Саясат

                   

AppleMark

AppleMark

 

Жасалган иштин сынчысы көп болот. Азыркы тапта экс-президент А. Атамбаев өлкөнү башкарып турган мөөнөтү тууралуу түрдүү пикирлерди айтып, сынга алып жүргөндөр да бар. Ошол эле убакта мына ушул алты жылдык мөөнөт Кыргызстандын тарыхындагы бурулуш жылдар болгонун баса белгилеп жүргөндөр да арбын.

Ырасын айтканда, экс-президент А. Атамбаев эки жолку революциядан кийин жедеп экономикасы талкаланып, казынасы куру калган өлкөнү кайра жандантуу, аны чыныгы көз карандысыз, туруктуу өнүгүү жолундагы өлкөгө айлантуу үчүн башын канжыгага байлап алып иштегендей эле болду. Албетте, ал өлкөбүздү туура жолго салуу үчүн жасаган ишмердүүлүгүндө эчендеген тоскоолдуктарга кабылды. Эчендеген душмандарды тапты. Бирок, көздөгөнүнөн кайткан жок. Анын талыкпаган эмгеги жана көздөгөнүнөн кайтпаган өжөрлүгү өз жемишин бербей койгон жок.

А. Атамбаев өз ишин адегенде эле Кыргызстан көп улуттуу өлкө экендигин эске алуу менен улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жаатында баштады. Себеби 2010-жылдагы июнь коогалаңы өлкөбүздөгү улуттар аралык ынтымакка аз жерден доо кетирип кое жаздаган эле. Ошондон улам А. Атамбаев элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо максатында демилге көтөрүп, анын негизинде атайын концепция да кабыл алынган. Анан ошол концепциянын негизинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында өлкөбүздө жашаган улуттар ортосундагы ынтымак бекемделди.

Ошону менен катар эле эл менен бийликтин ортосундагы ишенимди кайра калыбына келтирүү аракети жасалып, ал дагы жүзөгө ашты. Бийлик – бийликте тургандардын жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей тургандыгына ишеним пайда болду.

Өлкөнүн кубаттуулугу – экономикасы менен байланыштуу

Эки жолку революциядан кийин талкаланып турган өлкө экономикасын кайрадан бутуна тургузуу аракети жасалышы керек эле. Ал аракет конкреттүү план менен жүргүзүлбөсө жүзөгө ашуусу да кыйын болчу. Ошондон улам адегенде өлкөнү 2013-жылдан 2017-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынган. Анда туруктуу экономикалык өсүштүн деңгээлине жетүү жана натыйжалуу иштеген социалдык рыноктук экономиканы куруу боюнча милдет коюлган.

Ошентип мына ушул стратегиянын негизинде жасалган иш-аракеттердин натыйжасында акыркы жылдарда өлкөбүздүн ИДПнын көрсөткүчтөрүнүн туруктуу өсүш деңгээли байкалды. Анын орточо реалдуу өсүшү 2011-2016-жылдары 4,8%ды түздү. Республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2011-2017-жылдары 1,8 эседен ашык көбөйдү. Эгерде 2011-жылы жалпы кирешенин көлөмү 69 миллиард сом болсо, 2017-жылы 126,8 миллиард сомго чейин жетти. Башкача айтканда, 57,8 миллиард сомго көбөйдү.

Мурда сол чөнтөктөргө солонуп келген салык кирешелери, бажы төлөмдөрү да бюджетти көздөй агылды. Маселен, 2011-жылы салык кирешелери 46,1 миллиард сом болсо, 2017-жылы ал 93,2 миллиард сомго көтөрүлдү. Салыктык эмес төлөмдөр 2011-жылы 14,1 миллиард сом болсо, 2017-жылы 20,7 миллиард сомго өстү. Бажы кызматы кмсыз кылуучу кирешелердин көлөмү 2011-жылы 23,7 миллиард сом болсо, 2014-жылы 42,6 миллиард сомго көтөрүлдү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 138 өлкөсү менен соода-экономикалык мамилелерди жасап келет.

Мамлекеттик тилге көрүлгөн камкордук

Кыргызстандын мамлекеттик тили – бул кыргыз тили экендиги белгилүү. Эне тилибиз мындай статус алганына чейрек кылымдан эбак ашса дагы, ага мамлекеттик деңгээлде жетишээрлик көңүл бурулбай келген. Тагыраак айтсак, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын арттыруу жана анын мамлекеттик деңгээлде колдонулушун жүзөгө ашыруу үчүн финансылык жактан камсыздоо дээрлик жокко эсе эле. Ар бир изги максатты ишке ашыруу үчүн каржылык таяныч зарыл экендигине анчейин маани берилген эмес. Бул жаатта да А. Атамбаев өзүнүн чечкиндүү кадамдарын жасай алды. Анын убагында 2020-жылга чейин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы кабыл алынып, эгемендүү тарыхыбызда алгач ирет бул багыттагы иш-аракеттерди жүргүзүүгө 493 660 сом бөлүнгөнүн айта кетели.

Тарыхыбызды билүү менен келечегибизди түзөбүз

Экс-президент А. Атамбаев элибиздин бай тарыхын тереңден иликтөөгө жана ага өзүнүн чыныгы баасын берүү жаатында да зор иштерди жасады. Себеби, биз тарыхыбызды тереңден билбей туруп, келечекке карай ишенимдүү кадам таштай албайт элек. А. Атамбаев кыргыз эли дүйнөдөгү саналуу гана байыркы элдердин бири экенин дайыма баса белгилеп айтып келди. Кыргыз эли убагында улуу Кыргыз каганатын түптөгөнүн, өзүнүн маданияты, тили, салт-санаасы болгонун, эми аны келечек муунга да калтыруу керек экенин айтты. Андыктан өлкөбүздө тарых илимин өнүктүрүү, элибиздин тарыхын жана маданий-тарыхый мурастарын таанып-билүү, окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Ансыз элибиздин мекенчилдик сезимин ойготууга, мамлекеттик идеологияны калыптандырууга мүмкүн эмес. Бул максатты 2012-жылы экс-президент “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Андан тышкары тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия, тарыхый жана маданий мурастарды жайылтуучу “Мурас” фонду түзүлгөн.

Элибиздин басып өткөн тарыхына таасын берилген баалардын бири – бул 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөштөгү окуяларга берилген баа, Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө болгонун айтсак болот. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Үркүнгө арналып эскерүү мемориалы ачылды.  Ал жерде жүз жыл мурда шейит кеткен ата-бабаларды эскерүүгө Россиянын, Армениянын президенттери, Молдованын премьер-министри келип, атайын гүлчамбар коюп кетишкенин да айтып коюу керек.

Мындан тышкары элибиздин каада-салтын, уюп жаткан маданиятын дүйнөгө даңазалоодо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салымы чоң болгонун айталы. Бул дагы А. Атамбаевдин демилгеси менен жасалды. Адегенде 2014-жылы, андан кийин 2016-жылы эл аралык деңгээлде, өтө жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Бул иш-чаранын өтүшү менен өлкөбүздүн кадыр-баркы бир топ көтөрүлдү. Дүйнөнүн абройлуу телеканалдары, басылмалары Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүн чагылдырып турушту. Экинчи Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн шарапаты менен эл аралык бардык стандарттарга жооп берүүчү жаңы ат майдан жана ультразаманбап спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекс курулганын да белгилеп коюу керек.

Дагы бир олуттуу жасалган кадам – бул 2017-жылы “Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер” деп аталган эл аралык форумдун өтүшү болду. Ага 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, дүйнөлүк окумуштуулардын, илимпоздордун кызыгуусун жаратты.

Коррупцияга каршы күрөш жана энергетикалык көз карандысыздык

Өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып аткан эң башкы көйгөй – бул тамыры тереңге жайылып кеткен коррупция экенин да А. Атамбаев кызматына киришкен күндөн тарта ачык айтып, ага каршы айоосуз күрөш жүргүзөөрүн убада кылган. Натыйжада мурда мындай күрөштө майда кызматкерлер гана жоопкерчиликке тартылып келсе, А. Атамбаевдин убагында министрлер, депутаттар, алтургай Президенттик аппараттын жетекчисине чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылышты. Бул күрөштүн башкы жемиши – эгерде мамлекеттик кызматтарда карьера жасоо максатың болсо, анда башынан таза иштешиң керек экендигин ар бирөөнүн аң-сезимине жеткирүү болду.

Ал эми жалпы аралыгы 405 километрге созулган “Датка – Кемин” электр линиясы жана 500 киловольттук “Кемин” көмөк чордонун куруу Кыргызстанды энергетикалык көз карандылыктан куткарды. Өлкөбүз өзүнүн ички энергетикалык алкакчасына ээ болду. Биз буга чейин өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергияны кошуна өлкөлөр аркылуу транзиттөө үчүн миллиондогон доллар каражат коротуп келген элек. Эми өзүбүздүн ички энергетикалык алкакча аркылуу бул миллиондорду өз эсебибизде калтыра алдык.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: