Кыргызстандын сыртынан сын берчү азыркы абалы кандай? Кадам ушул…

16.04.2016 | Аналитика

Күн өткөн сайын дүйнөдө адамзатты чочулата турган окуялар биринин артынан экинчиси жаралып жатат. Мындай опурталдуу кырдаалда ар бир мамлекет баскан кадамына эсеп берип, тынччылыкты, бейпилдикти көздөп турбаса болбойт. Мамлекеттер ортосундагы мамилелер деле эки адамдын ортосундагы мамиледей да. Айталы, бир адам менен экинчиси дос болот, бирине-бири ишенет, экинчилер бирин-бири жек көрөт, бир балээге учурап кетсе деп тиленип турганы да бар. Мамлекеттер да дал ошондой мамиледе. Азыр дүйнөдөгү эң кубаттуу эки держава – Россия менен Американын ыркы келишпей, араң эле турат. Кичине эле кылт этсе согуш чыгып кетчүдөй абал жашап жатат. Бул экөө балээни баштап берсе, аларды ООНдун чечимдери да, бүт мамлекеттердин «кой-ай» дегени да жетип бербейт! Андайдан кудай сактасын дейли. Алар ошентип жаткан убакта башка мамлекеттерде да тынч эмес. Сириядагы, Афганистандагы согуш, араб жана  Африка мамлекеттериндеги  ар кандай көтөрүлүштөр, төңкөрүштөр байма-бай болуп жатат. Ушундай тынч эмес кырдаалда бизге окшогон чакан мамлекеттердин санаасы толуп, саксактап калат эмеспи, биз деле ошол абалда турабыз. Анын үстүнө чек ара маселеси кээси менен курчуп кетип жатпайбы. Кыргызстандын сыртынан сын берчү азыркы абалы кандай?

 

Ак үй жана КремльРоссия досубуз, антсе да…

Ооба, бүгүнкү күндө Россия эң жакын шериктеш мамлекет болуп саналат. Айтып эле, билип эле келатпайбызбы, Россия менен экономикалык да, социалдык да, саясий да байланышыбыз чырмалып калган. Аларсыз биздин оокат өтпөчүдөй да сезилип кетет. Россия чынында эле бизге жакын мамлекет. Башкаларга караганда салыштырмалуу, бизге ишенимдүү, алдап кетпечү мамлекет. «Бир тууган» деп кылымдар айтылып келаткан Казакстан менен Өзбекстан да кийинки жылдары «өнөрлөрүн» жакшы эле көрсөтүштү… Ал эми Кытай болсо, достугунан мурун пайдасын көздөгөн мамлекет экенин, алар бөөдө жерден бир тыйын бекерге сарптабай турганын да билебиз. Түркиянын «жүрүм-туруму» деле ошоп кейипте. Демек, бизге Россиядан өткөн дос, биз ишенимдүү таянчу мамлекет жок. Аны менен кошо бир «бирогу» бар. Тээ илгертен майда республикаларга социалисттик революциянын идеяларын таратып, анын жемиши кылып — он төрт республиканын башында «ага» болуп туруп,  далай жыл «маданияттуу» түрдө эзип турбадыбы. Ал жагы көп сөз. Кийин СССР ыдырап бергенде, орустарыңдын айласы жок олтуруп калып, анан  ошол эле республикалардын кээ бири менен ар кыл аталыштагы жакын санаалаштыкты түзүп, кайрадан өз идеясына ишендирип, баш ийдирүү жолу менен келатат. Албетте, ал жол түптүз кетпестен, ар кандай буктурмалардан, билип болбогон буйтамалардан  турган жол. Биз эркиндик алганыбыз менен дале болсо орустардын шовинизминин чет-бучкагын көрүп жатабыз. Бир жакшы мисал, өткөндө жаздым эле, көптөн бери эле жазып келатам, биздин кыргыз тилинин орус тилинин тебелендисинде калгандыгы. «Кыргыз тили өз вазийпасын аткара албай калды, орус тилдин алдында калды» деп кашкайган чындыкты айтсаң эле, орус тилдүү гезитттер бизди «улутчул» дейт да бечара болуп, кор болгонсуп, басмырлаганга учурагансып баарыбызди «ит» кылат да. Орус тилин басып жатсак, анда борборубуздагы 95 мектептин 11 гана (!) кыргыз тилдүү мектеп болот беле?! Бизде чыгып жаткан «Дело №», «Вечерний Бишкек», «Аргументы и Факты», «МК Азия» сыяктуу гезиттердин баары эле ачык, жабык Россиянын идеясын таратуучулар эмеспи. Эми алар аз келип калгансып «Вести Бишкек» деген телепрограммасы  чыгып таптаза эле орус жыттанып турат. Жогоруда айткандай, таянарыбыз орус, бирок, биз деген эркин делген мамлекетпиз, орустар менен болгон достугубузду «теңата» маанисине жеткизбейбизби… андай болбосун билсек да тейтектеп көрбөйбүзбү… Бул маселени жакында кенен жазабыз.

 

Темир Сариевди оңой көрбөгүлө

1992-жылы СССР ыдырап, «он беш бир тууган» он беш жакка кеткенден кийин «кайсы республикада эмне имарат, завод-фабрика, курулуш ж.б. болсо, ошол республиканын менчигинде калат» дегенди мыйзамдаштырып туруп, келишип туруп кол коюшкан. Аны биздин Жогорку Кеңеш 1994-жылы ратификациялаптыр. Андан бери 22 жыл өтүптүр. Мына ошончо жыл Өзбекстан тараптан өз мүлкүбүздү алууга аракетибиз жок келдик. Кебетеси, суроодон уялып, алуудан коркуп келгенбиз го. Мына, кечээ жакында премьер-министр Темир Сариев Өзбекстанга караштуу төрт пансионатты алуу үчүн буйрукка кол койду. Бул жөнүндө гезитибиздин мурунку санына да жазылган. Эми да жазып жатабыз, мындай жакшы иштер кайра-кайра жазылып туруу укугуна ээ. Ошентип, Көлдөгү «Рохат», «Дилором», «Золотые пески», «Бустон» пансионаттары буюрса, эми кыргыз элине кызмат кылат. Азыр аталган пансионаттарды кантип иштетүү керек дегенди талкуулаганга өтүштү. Кээ бири буларды мамлекет иштетсин десе, дагы бирөөлөр тендер жарыялап туруп менчикке сатуу керек дейт. Кандай колдо болсо да мамлекетке киреше алып келип иштеши керек. Бирок, эмитеден эле кайсы бир шүмшүктөр аларды кантип арзан сатып алуу жолун ойлонуштуруп жатса керек…

Темир Сариев премьер-министр болуп шайланары менен айтканбыз, «далайлар чиритип кеткен өкмөттү колуна алды, эми азабын аябай тартат» — деп. Аныбыз чын эмеспи. Сариев колунан келгендин баарын жасады, анан мурун ишпалдасы чыккан өкмөт болсо, анын үстүнө дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы бизге да келип жетсе, ага улай адегенде кыйынчылык алып келе турган Евразиялык бирикмеге кирсек… баары биригип келип зор кыйынчылыкты жаратып жатпайбы. Дагы Темир мырза кыйын экен, Өкмөтүн иштетип келди. Эми ага асылгандар тилегине жетти. Ага жардам берүүнүн ордуна этектен тартып, интригаларды уюштуруп, акты кара деген жолго өтүп акыры кызматынан кетирип тынышты. Анын кызматын ташташына биринчи иретте Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендердин туура эмес өтүшү,  депутат Исаевге жакын фирманын тендерге катышпай калышы, транспорт министри Малабаевдин жагымсыз иши болду. Иши кылып баары биригип жатып Темир мырзаны  кетирип тынышты. Бирок, бир нерсе белгилүү — Темир Сариев мыкты билимдүү, түшүнүктүү, адамдыгы арткан жана да кандай иш тапшырылса да өтөөсүнө чыгара иштеген инсан. Анын мамлекетине кереги тийчү мезгил али алдыда. Ар тараптуу даярдыгы бар Сариев мамлекетибиздин экономикалык абалын жакшыртууга күчү жетип бермек. Эми анын ордуна шайтаны келсе да деңгээли ага жетип бербейт.  Дагы бир жылга жетип-жетпей «чамбылала» болуп Өкмөтүн өткөзөт эмеспи… Көпчүлүк айтып жатат, биз да билебиз: келечектеги президенттикке биринчи кандидатура да ушул Темир Сариев.

 

Эшек саткандардын эсебин качан табабыз?!

«Баланча ашканадан эшектин эти чыгыптыр» деген кеп алгач угулганда тим эле акыр заман келип, өзүбүздү мына, мына күнүбүз бүтчүдөй сезип аябай жаман болгонбуз. Кийин мындай кеп көп угулчу болду. Эми болсо, «түкүнчө жерден эшек сойгондор кармалыптыр» дегенден арбын эле угуп жатабыз. А сөзгө да көнүп баратабызбы? Көнбөй калалы!

«Эшек» маселеси кытайлыктар менен кошо келди окшойт. Алар Боомдогу жолду салып жатканда тегерек-чектеги эшектер азайып калды, таптакыр эле жок болуп калды» деген кеп чыгып турду. Анан бизден айбандар чыгып эшектин этин сатабыз деп, сатып алып союп жүргөн жеринен кармалышты.  Дагы кийин Ноокат районунда «эшек ферма» чыгып, ал жердин жашоочулары аны кууп чыкса, алар Кара-Суу районунан жай таап кетиптир дешти. Эми дал ушул жерден негизги нааразылыгыбызды айталы: биздин мамлекеттеги титулдук улут кыргыздар, алар Кыргызстандын ээси. А биз, кыргыздар, бардык мусулмандардай эле эшектин этин жебейбиз, ал баарыбызга арам болуп эсептелет. Анан бизге убактылуу келген кытайлар улуттук салтыбызды сыйлабай «эшек фермаларын» ачып жатканына кандай бааны берсек болот?!  Алар биздин намыска тийгенди кой, намысыбызды тебелеп-тепсеп жатпайбы. Аны менен бирге, биз аларга жолтоо боло албагандан кийин, кайсы намысты айтып жатабыз?! Сөз кыскасы, жаман-жакшы болушубуз өзүбүздүн эле колдо. Чет элден келген бардык улуттардын өкүлдөрүн сыйлардан мурун, алар биздин мыйзамдарды, салт-санааны сактагандай кылышыбыз керек!

Жанагы «халал» деп жанталаша акча тапкандар эмне үчүн эшектин этин саткандарга катуу чара көрүлсүн деп ар түрдүү акцияларды уюштурбайт?! Эмне үчүн чет элдин акчасы менен өз элин жамандаган «агент эмеспиз» деп жаткандар чуу көтөрүп чыкпайт?! Анткени, аларга эч ким акча бербейт, акча бербегенден кийин арамды жемектен, балээнин баарын жесин деген «жүр-нары» мамилеси бар!

Мамлекеттин жетекчилиги «эшек маселесинде» катуу чараларга барышы керек эле, антпеди. Ал эмнеси?!

Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: