Кыргызстандын прессасы же маалымат таштандысын ташыгычтар

12.03.2016 | Аналитика

Адилет АйтикеевКыргызстандын прессасы пресса эмес эле маалымат таштандысын ташып жеткирип, окурмандарга тараткан кадыресе арабага айланды. Төтөн, кыргыз тилдүү деп коюучу гезиттер туташ жоромол-божомолдорго, ушактарга шыкалып толгон. Көбү жугуштуу «ушактология» вирусуна чалдыккан. Гезиттин жазган маалыматтарынын басымдуу көпчүлүгү ачыктан ачык катын ушак экенин жазмакерлер колдонгон сөз түрмөктөрүнөн эле аңдап түшүнсө болот. Алардын штампталган сөз тиркемелеринин парадигмасы төмөндөгүдөй: «бизге жеткен маалыматтарга караганда», «кулагыбыз эшиткенине ылайык», «айрым бир такталбаган маалыматтарга таянсак», «элдин айтымында», «элдин ичинде көп сөз болуп келет», «баланчаны кызматтан түшүрө турган болушуптур, түкүнчө анын ордун ээлейт экен», «өзүбүздүн ишенимдүү маалымат булактарыбыздын билдиргенине карганда» ж.б. ыптырлар. Журналист жедеп көзү жетип туруп жазган макалалары сейрек жолугат. Кыскасы, басма бетин журналисттердин сезгенип калган ой-жорууларынан пайда болгон кадимки эле примитивдүү учурма ушактар ээлегенин көрөсүң. Кыргыз гезиттерине жарыяланган макалалар жөнүндө сөз болуп калса этегинин чаңын күүп четке баскандар демейдеги көрүнүшкө айланган.

Ырас, мандем жалаң гана журналисттерде эмес, алар таянган маалымат булактарында да турат. Башкы роль тиги же бу медиа ресурсун каржылап турган кожоюндарына таандык. Журналисттер ошол кожоюндун айтканын кылып, айдаган жагына басууга мажбур. Бир сөз менен, ММКнын редакциялык саясатын анын кожоюну аныктайт. ММК жеке менчик болобу же өкмөткө тиешелүү болобу, ким акча каражаты менен сугарып турса, редакция ошонун сөзүн сүйлөгөнгө, ошонун камчысын чаап саясатын жүргүзүүгө аргасыз. Кыскасы, «пулуң болсо кулуңмун» деген кеп. Кай бир жазмакерлер өздөрүн, «биз деген көз каранды эмеспиз, эркин журналисттербиз» деп бой көтөрүп калышат эмеспи. Байлап коюптурбу аларга эркиндикти, кур эле каадаланып жаткандары. Журналисттердин басымдуу көпчүлүгү жалданып иштегендер. Демек, кожоюндун көзүн кароого, анын көзү менен чарк айланып турууга аргасыз. Азыр башыбыздан кечирип жаткан либералдык экономиканын өзү ушуну талап кылат.

Эмне үчүн кыргыз тилдүү гезиттердин баары тегиз «ушактология» илдетине чалдыкты, эмне үчүн туташ «желтухага» айланып кетишти? Журналисттердин басымдуу көпчүлүгү өрдөк багып, өрдөк учурганды кесип кылып алышты? Анын механизми чын-чынына келгенде жөнөкөй. Пресса саясатчылар менен чиновниктердин кусаматтарын, ич күптүлүктөрүн, ич күйдүлүктөрүн, көрө албастыктарын туюндурары жашыруун эместир. Мындан сырткары, саясый атандаштарынан өч алуу куралы болуп кызмат кылат. Кезегинде бул жагдай «кожоюндар» менен анын чоролору ойлоп тапкан катын ушактарын, оорулуу фантазиясынын «жемишин», компроматтарын астыртадан гезит беттерине маалымат катары «төгүп» беришине алып келүүдө. Журналисттин милдети ошо жогору жактан «төгүлүп» келген «маалыматты» көркөмдөштүрүлгөн сыпаа тилге ылайыкташтырып, кайрадан иштеп чыгуу гана калат. Көп учурда «биздин булактардын» айткандары сөзмө сөз түрүндө гезит беттерине басылып кеткен учурлар да кездешет. Ошентип, жогоруда эскергендей, журналисттердин кызматы адат катары Ак үй менен Көк үйдүн чиновниктеринен же болбосо кайсы бир олигархтын офисинде отурган кызматкерлеринен телефон аркылуубу же сөзмө- сөз форматындабы, келип түшкөн «заказды» аткаруу менен чектелет. Гезит беттеринде жайнап басылган ушактарды «өндүрүп» чыгарганга журналисттер жамаатынын өздөрүнүн фантазиясы да, шаасы да жетишпестиги айтканыбызга далил.

Асыресе, бул жерде айыпты бир жактуу саясатчы менен чиновниктерге жүктөй берген деле ашкерелик болор эле. Журналисттер деле ага «заказ» бергендерден да ашса ашкан, асты кем калбаган жоопкерчиликти моюнуна аркалап жүрүшү абзел. Башкача айтканда, гезиттер өз беттерине жарыялаган материалдары үчүн маалымат «булактарынан» да артык жоопкерчилиги болушу кажет. Себеп дегенде пресса саясатчы менен чиновниктердин ушактарын тиешелүү кондицияга жеткирип, көп тираждар менен жалпы элге ташып жеткирип жана жайылтып жаткандары үчүн мен көрдүңбү, сен көрдүңбү мыёо болуп четке туруп калышы чаңырган калыссыздык болор эле. Эгер, гезиттер ушактарды өз бетине жарыялабаса, элге көп тираждар менен таратпаса, анда ал чиновниктердин кабинеттериндеги айтылган ичим тап күбүр-шыбыр кеп, ушак катары унутулуп кала бермек. Окурмандарга жетмек да эмес, коомдук резонас дагы туудурбайт болчу. Мындан сырткары, айрым «кыялкеч жана эркин» журналисттер өздөрүнүн жеке кусаматтыктарына, ич күптүлүктөрүнө ылайык чиновниктер чыгарган ушактарга кошумчаларын: жеке ой жорууларын, божомол-жоромолдорун, сезген фантазияларын киргизерин унутпашыбыз керек. Прессанын коомдук пикирди түзүүдөгү ролу ченемсиз чоң. Кээде аны «төртүнчү бийлик» деп аташат эмеспи. Эгер, гезиттер мурдуна чүлүк салгандай болуп чиновниктердин ушактарына жетеленип калса, ала кушту атынан чакырган түзүк, аларды масс-медиа эмес эле, «ушактология» деп атоо жөндүү.

Баарынан өкүнүчтүүсү, өлкөнүн маалымат мейкининде маалымат «таштандысын ташыгычтардын», «ушактолог­дордун» сөзү сөз, кеби кеп болуп кеткенинде турат. Жазмакерлердин чүрмөгөндөрү кадыресе олуттуу пикир катары кабыл алынып жатканында. Журналистикага тиешеси азыраак Д.Орунбеков, А.Айтикеев, Н.Анаркулов сыяктанган медиа-мытаамдардын айтканы айткан, дегени деген боло башташы улуттук информациялык мейкиндикте түзүлгөн өтө кооптуу кырдаал. Азыр эки сөздүн башын эптеп кошо билсе, ошо өзүн журналистмин деп жарыялачу болушту. Чагым салып, бет тырмарлык ушак тарата билсе эле журналист. Башкача айтканда, ийин казган ар бир суур эле өзүнчө «агроном» болуп алышкан. Аларың адат катары уят-сыйыт, бир аз болсо да кылчактап тартынуу дегенди жыйыштырып ташташкан. Моралдык сасыткылар, ачыгын айтканда, моралдык мутанттар десе болчудай.

Журналистиканын сапаты болуп көрбөгөндөй төмөн түштү. Адискөйлүк жөнүндө азыр кеп кылып деле кереги жок болуп калды. Маалымат «таштандысын ташыгычтарды», «катын ушакчыларды» кой-ай деп токтото албайсың. Айталы, президент А.Атамбаев сыяктуу «фильтруйте базар» деп көрчү — дароо эле туш- туштан сөз эркиндигине кысым жасап жатышат дешип жаалап чыгышат. Карап туруп Кыргызстанда сөз эркиндиги менен эркин ой жүгүртүүнү туюндургандар бир гана дал ушу “орунбековдор” окшобойбу деп да кетесиң, калган журналисттер текей терип жүргөнсүшүп. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин баки жогун өздөрүнө биротоло энчилеп алгандай сүйлөшөт десең.

Талаш жок, медиа-эксперттердин айтканы боюнча ар бир эркин атуул өз ойлогонун, оюнда жүргөнүн тартынбай жазууга жана айтууга укугу бар. Бирок да, ал жазганын жана айтканын акыйкаты жана чындыгы боюнча башкалардын алдында нравалык жоопкерчиликти моюндап жүргөнүн  эстен чыгарбашы зарыл. Башка бирөөнүн сөз эркиндиги боюнча укугу сеникинен кем турбастыгын эсепке алуу керек. Ушак таратуу менен жалган айтуу бул — акыйкатты зордуктоо, сөз эркиндигин кыянат пайдалануу дегендикти билдирет.

Кыргыз гезиттериндеги чагым жасап, ушак таратууну кесип кылып алгандарды ооздуктоого эч бир ылаажы жок калганын моюнга алуу керек. ЖК тарабынан кабыл алынып, президент кол койгон «кылмыш жасаганы боюнча атайылап эл арасына жалган маалымат таратуу жөнүндөгү» (“заведомо ложные публичные обвинения в совершении преступлений”) мыйзам башка толуп жаткан мыйзамдар сыяктуу өлүк жүккө айланды. Бир дагы «ушактолог» бул закон боюнча жазасын алган учуру болбогону айтканыбызга күбө. Сот органдары менен укук органдары мыйзамды иш жүзүндө колдонууга келгенде шалаакылык кылып жатканын байкоо кыйын эмес. Алардын компетенттүүлүгү да жетишпеген түрү бар. Ушак тараткандары үчүн мыйзамдын талабына ылайык эч жаза албасына көзү жеткен «ушактологдор» кийинки кездери өздөрүн өзү билип, өтүктөрүн төргө илип эркин тайраңдай баштаганына күбө болосуң. Бир жагынан бийликтин өзү ушак таратууну кесип кылган журналисттерди астыртадан колдоп жана шыкактап жаткандай таасир калтырат, жогорку эшалондогу бийликтин өзү тымызын тиешелүү каражаттар менен камсыздап тургандай пикир түзүлөт. Мунун деле себеби белгилүү — башынан интригага жакын чиновниктер үчүн кол алдында ушакчы гезиттердин болушу пайдалуу экени түшүнүктүү дечи. Экинчи жагынан, бийлик убарасы көп обүективдүү, конструктивдүү жана жоопкер гезиттерге караганда ушактар менен алпурушуп, чагым жасоого адистешкен пресса артык деп ойлошкон түрү бар. Кыргыз тилдүү гезиттердин биротоло маалымат таштандысын ташыгычтарга айланып кетишине бир жагынан муктаждык болгонун да көрүүгө болот. Саясатчылар ушакты курал катары пайдалануусу ушакчы гезиттер менен ушакчы журналисттерге болгон суроо-талапты пайда кылууда. Демек, эл аралык стандартка ылайык: прессада такталган фактылардын негизинде обүективдүү маалымат таратуу, маалымат ынанымдуу далилдер жана аргументтер менен бекемделиши керек экендигине азыркы көптөгөн саясатчылар кызыгышпайт.

Ошентип кыргыз маалымат мейкиндигин базардын албуут, жалакор катындарына окшогон «ушактологдор» ээледи. Гезиттердеги интриганын баркы өстү. Ушакчы гезиттер коомду ичинен иритип бүлук түшүрүп жатканы чоң талаш туудуруп жибербес. Басма сөздөгү ушактардын чаңгылт агымын ооздуктап токтотуу үчүн мамлекеттик деңгээлде саясат жүргүзүүгө муктаждык пайда болгону талашсыз. Улуттук маалымат коопсуздугу боюнча атайын программалык иш чара иштеп чыгуу талабы эбак эле бышып жетилген.

Үсөн Касыбеков


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: