Кыргызстандын Борбор Азиядагы энергетиканын флагманы болуу мүмкүнчүлүгү бар

86

Кыргызстан дүйнөдөгү суу ресурстарына өтө бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Андыктан ошол ресурстарыбызды туура пайдалана билүү — бул келечегибизге камкордук көрүү болуп саналат. Дагы тагыраак айтсак, ошол суу ресурстарын туура пайдалануу менен биз өлкөбүздүн энергетика тармагын өтө жогорку деңгээлге көтөрүп, Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинде энергетиканын флагманы боло алабыз.

Эгемендик алган 1990-жылдардын башынан тарта 2010-жылга чейин тилекке каршы энергетика тармагына эч кандай инвестиция салынбай келген. Натыйжада жем берилбей эле саала берген уй сыңары ГЭСтерибиздин жабдуулары эскирип, жедеп талкаланып, иштен чыгып калуу коркунучуна кептелип калган болчу.

Президенттин жеке демилгеси менен, акыркы 5-6 жылдан бери карай бул тармакка өзгөчө көңүл бурула баштады. Бир катар чакан жана ири долбоорлор жүзөгө ашты. «Датка-Кемин» ЛЭПтин курулушу менен Кыргызстан энергетикалык жактан толук көз карандысыздыкка жетишти. Ошол эле убакта Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоору боюнча да Россия тарап менен убагында сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок, Россия тараптын финансылык жактан мүмкүнчүлүгү жетпей калганына байланыштуу бул долбоор башталып, бирок, уланбай калган эле.

Эми ошол Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын шыбагасына туш келе турган болду. Тактап айтсак, үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда КР  Өкмөтү  менен  Чехиянын «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясынын ортосунда  Жогорку Нарын  гидроэлектростанциялар каскадынын  Акбулуң ГЭСи жана Нарын ГЭС-1ди куруу жана эксплуатацияга киргизүү, андан сырткары  “Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу” долбоорун ишке ашыруу  жөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Макулдашууга кыргыз тараптан Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев, өнөктөштөр тарабынан — «Liglass Trading CZ, SRO»  компаниясынын директору Михаел Смелик кол коюшту.

Бул чакан ГЭСтерди куруу тууралуу документте 2019-жылдын 30-декабрына чейин Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын «Орто-Токой-1», «Орто-Токой-2», «Папан», «Чоң-Аксуу», «Киров», «Карасуу сол тарап-1», «Карасуу сол тарап-2» чакан ГЭСтерин каржылоону, техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгууну, курууну жана ишке киргизүү, анан дагы 2020-жылдын акырына чейин «Сандык-1», «Сандык-2» жана «Сандык-3»  чакан ГЭСтерин курууну жана пайдаланууга берүү каралган.

Бул чакан ГЭСтерди курууну баштоо үчүн түзүлгөн инвестициялык макулдашууда буга чейин Россия тарап ГЭСтерди курууну баштоо үчүн сарптадык деген 37 000 000 долларды чехиялык компания төлөп берери да каралган. Андан сырткары долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелери да жаңыланат.

Бул макулдашууга катышкан президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасына Европадан ири жеке инвестордун келиши дүйнөдөгү бардык потенциалдуу инвесторлорго кубаттуу белги болорун билдирди.

Ооба, ырасында эле ошондой, акыркы 5-6 жылда Кыргызстан толук кандуу стабилдүүлүктү орното алды. Ал эми стабилдүүлүк – бул сырткы инвесторлор үчүн өтө маанилүү фактор экендиги талашсыз.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: