Кыргызстанда көп аял алууга каршы мыйзам иштейби?

10.05.2018 | Коом, Саясат

Без названия

153-берененин иштебегендиги аялдарга байланыштуубу?...

     Кыргызстанда эки аял алууга мыйзам жол бербейт. Бирок, экинчи аялга үйлөнүп алгандар жоопко да тартылбай келет. Себеби эмнеде?

     Эгемендүүлүк алгандан тарта өлкөдө мыйзам кабыл алуу жагынан дүйнөгө рекорд койгондой эле болдук окшойт. Кээ бир мыйзамдар совет мезгилинен бери келе жатат. Мисалы, совет доорунда көп аял алууга каршы «Кылмыш жана жаза» кодексинде каралган. Ал мыйзамга ылайык, көп аял алуу үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу белгиленген. СССР мезгилинде бул мыйзам уруучулук калдыктардын негизиндеги кылмыштар деп каралып, ага калың алуу, калың берүү, кыз ала качуу да кирген. Ал эми азыр, ал мыйзам «Кылмыш жана жаза» кодексинин «Үй-бүлөлүк баалуулуктарга каршы» деген бөлүмүндө жүрөт. Бирок, тилекке каршы совет мезгилинде да, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин деле эч ким көп аял алуу боюнча айыпталып, жоопкерчиликке тартылган эмес. Демек, Кыргызстанда бул мыйзамдын иштебегендигинен кабар берет.

      Мыйзамдын иштебегендигинен, эч кимдин жоопкерчиликке тартылбаганынан улам, аны бузгандар жана иштебеген мыйзамдын курмандыктарына айлангандар күнүмдүк турмушта миңдеп саналат. Алардын бири төмөндө өз башынан өткөргөн окуяны баяндап берди:

      Күйөөм өз кызынын курбусуна үйлөнүп алган… 

         -Төрт жылдай кыз-жигит болуп, сүйүшүп-күйүшүп жүрүп, туугандарыбыздын каршы болгонуна карабай баш кошконбуз-деп сөз баштады Чолпон (аты өзгөртүлдү) эже. -Экөөбүз турмуш курганда мен 23, ал 27 жашка чыгып калган. Бири-бирибизди толук түшүнгөндөй эле болгонбуз. 

     Ойлоп көрсөм 22 жыл чогуу жашаптырбыз. Союз таркагандан кийин күйөөм соодага аралашып, айылга дүкөн куруп, аныбыз жакшы иштеди. Элдин алды болуп эле жашадык. Бир кыз, эки уулдуу болдук. Кызыбыз борбордо жогорку окуу жайга тапшырып, студент болуп калган. Курбу кыздары менен батирде турчу. Кызыбыздан кабар алганы бат-бат келип турчубуз. Көбүнчө атасы машинасы менен кем карчын алып келип кетчү. Ошентип биринчи күнү келип, эртеси үйгө барып калчу жолдошум кийинчерээк Бишкекке үч-төрт күн кармалып калчу болду. Мен аны башында кызыбыздыкында жүрүп жатат го деген ой менен шек санабаптырмын. Арадан жарым жыл өткөндөн кийин, кеч болуп калганда гана кызымдын курбусуна үйлөнүп алганын билип жатпаймынбы. 

     —  Мүмкүн туура эмес маалымат алгандырсыз?

      -Жоо-ок кагылайын. Сен жигит болсоң да бирдемени менден бешбетер баамдабаган пенде окшойсуң. Кызым батирде үч курбу кызы менен турчу. Атасы кызына барып кеткен күндөрү, анын курбу кыздарынын бири батирге эки, үч күн түнөбөй калчу экен. Кыздарга туугандарымдыкында болуп жатам деген шылтоону айтчу тура. Ошентип ал кыздын боюна бүтүп калгандан кийин кызымдын курдаштары айтып, анан билип калдык. Мен күйөөм менен жай олтуруп сүйлөшсөм, ал кызды экинчи аял кылып ала турганын айтты. Мен каршы турдум. Ал болсо, эркектигин кылып, керек болсо экинчи аялды менин уруксатымсыз эле ала бергенге шарият уруксат бере тургандыгын, ал жөнүндө аалымдар радио-телевидениеден күндө какшап айтып жаткандыгын мисал кылып мени көндүргөнгө аракет кылды. Мен каршы болдум. Ортодо уруш- талаш болду. 

    Ошондон кийин күйөөм да үйгө сейрек каттап калды. Мен аябай кыйналып кеттим. Мени менен кошулуп, мектепте окуган эки балам да чүнчүп кетишти. Балдарым менен элге батпай, же жерге батпай калгандай болуп калдык. Акыры эки баламды ээрчитип алып, айылдан борборго баса бердим.

     Бишкекте батирлеп жашаганыбызга эки жылдан ашып калды. Балдарымды мектепке сүйлөшүп киргизип окутуп жатам. Кызым жогорку окуу жайды быйыл бүтүрөт. Андан кийинки уулум буйруса, эки жылдан кийин мектепти аяктайт. Күйөөм Бишкекке келгенде балдарына менден жашырынып жолугуп турат. Балдарына экинчи аял алганы үчүн өкүнөөрүн айтыптыр. Бирок, экөөбүз жолугуша элекпиз.

     — Сотко арыз менен кайрылган жоксузбу?

     — Жок ай. Алгач, кайрылайын дегем. Бирок, элден уялдым. Нары соттор деле кайра жарашып алгыла, балдарыңар турат деп жолго салат деп да уктум. Андан көрө балдарым аман болсун. Жаштарга ыйман берсин. Эркектер «эки аял алам» деп бүтүндөй бир шаарды уратып жатат. Ошондойлордон кудай сактасын. 

     Силер журналисттер ушулар жөнүндө көбүрөөк жазсаңар жакшы болот эле. Силер да тескерисинче диний аалымдардын сөзүнө кошулуп маалыматтарды жазып, бүтүндөй бир үй-бүлөнүн чачырап кетишине көмөк көрсөтүп жатасыңар. 

      Арам жолго азгырылгандар да ооздукталмак

       Өткөн жылы эки аял алуу маселеси катуу көтөрүлдү. Ал тургай кыргыздын кээ бир кыз-келиндери тарабынан эки аял алууну колдогондор да пайда болду. Атайын талкуулар уюштурулуп, ага аалым Чубак ажы Жалилов баш болгон динчилдер катышты.

     Алар динге таянып, көп аял алуунун жол жоболорун карапайым калкка саймедиреп айтып беришти. Керек болсо, Чубак ажы: —“Эки аял алуу мыйзамын кабыл алышыбыз зарыл. Андай мыйзамды кабыл алуудан коркпошубуз керек, бул акыр түбү кабыл алына турган мыйзам”-деген пикирин билдирген жайы бар. Чубак ажынын мындай билдирүүсү “экинчи аял алсам” деп жүргөн жарандарыбыздын билигине май тамызган. 

     Кийинчерээк эркектерге үлгү болуу максатында Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын да бир сыйра жарыя кылып ийип, кайрадан эмнегедир дымы чыкпай калды.

     Диний аалым Өзүбек ажы Чотоновдун айтымында, Кыргызстанда кыз-келиндердин саны эркектерден көптүк кылат. Жакыр жашаган, жалгыз бой калган аялдар дагы көп. Эгер көтөрүлгөн социалдык долбоорду мамлекет мыйзамдаштырса, арам жолго азгырылгандар да ооздукталмак.

     “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын пикиринде   күйөөсү үстүнөн аял алып, борборго жардам сурап кайрылган аялдар көп эле болот.

    «Ал аялдарга борбордо психологиялык жардам, юридикалык кеп-кеңештер берилип, күйөөлөрүнүн терс жоругун ачыкка чыгаруу сунушталат. Чырдын башында арыз жазгылары келет, бирок «эл эмне дейт? Бойго жеткен балдар турат, кой, уят» деп өздөрүн тыйып, артка чегинишет. Андай шартка айласыз макул болуп жашап калуунун дагы бир себеби, экономикалык жактан да көз каранды. Экинчи аял алам дегендердин көпчүлүгү акчасы көп, материалдык жактан камсыз болгон эркектер болушат. Жабыркаган аял арыз менен кайрылбаса, мыйзам жазылып турган менен ишке ашпайт. Кылмыш жана жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк баалуулуктарга каршы» деген бөлүмүндөгү беренени алып салганга да болбойт. Кокустан андай боло турган болсо, боорун жерден көтөргөн эркектин бардыгы экинчи аял алам деп да чыгышы мүмкүн. Ошондуктан өлкөдө элдин аң-сезимине өзгөрүү керек. 

    Негизи, динде жесир калган, колунда жокторго жардам берүү иретинде соопчулук үчүн үйлөнүү керек экендиги айтылат. Бирок, Кыргызстанда андай баатырларды жолуктурбай келебиз» дейт «Сезим» кризистик борборун жетекчиси. 

    Өлкө башчыбыз тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңеш, жарандык коом, ЖМК биргелешип көзөмөл жүргүзүүсү зарыл

      -«Эки аял алуу биздин светтик мамлекеттин мыйзамына туура келбейт. Бирок, тилекке каршы, бизде мыйзамдын иштебегендигине коомчулук өзүбүз дагы таасир этип жатабыз. Эгерде жабырлануучу арыз менен Укук коргоо органдарына кайрылса балким иштемектир. Андай даттануулар жок болуп жатпайбы. Кошуна Өзбекстандын мыйзамдарында да көп аял алгандар үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 50дөн 150гө чейинки минималдык эмгек акы өлчөмүндө айыппул төлөтүү жазасы каралган. Биздегидей эле, ал жакта дагы бул мыйзамдын практикада күчү жок. Ошол проблеманы сезген президент Ш. Мирзиёев өлкөнүн дин кызматкерлери менен болгон жыйында сөз сүйлөп, экинчи аялга нике окуган молдокелер мыйзам алдында катуу жазага тартыларын белгиледи. Ошондой эле расмий нике күбөлүгүн көрбөй туруп нике кыйган имамдарды жазалоо боюнча атайын мыйзам иштелип чыгарын да эскертти. Тактап айтканда, өлкө башчы өзү көзөмөлгө алды. Кыргызстанда да мыйзамдын иштешин Президент өзү демилгелеп, Жогорку кеңеш, жарандык коом, ЖМК биргелешип көзөмөл жүргүзүүсү зарыл»  дейт белгилүү саясат таануучу, политология илимдеринин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев. 

  Ким кандай, кайсы жерде ким менен жашап атат — мамлекет көзөмөлдөөгө ала турган маселе эмес

    Белгилүү коомдук ишмер Эдил Байсалов:«Мыйзамда бир үйдө бир канча аял менен түтүн уласа кылмыш деп түшүндүрүлөт. Андайлар бизде бар, бирок аз. Көбүнчөсү «аялдарын» менин билишимче, бири-биринен айры кармашат эмеспи. Ал моралга каршы келиши мүмкүн. Бирок, бул адамдардын жеке турмушу. Мамлекет кирише албайт. Аялзат билимдүү жана көз карандысыз болушу керек. Кааласа сотко арыз берип ажырашып, ошол ашып-ташып аткан эрин кутурттурган байлыгынын жарымынан көбүн (балдардын үлүшү менен) тартып алышсын. Тескерисинче, аялдардын өз каалоосу боло турган болсо, биз же мамлекет эчтеке кыла албайбыз. Бул жеке турмуш. Ким, кандай, кайсы жерде ким менен жашап атат — мамлекет көзөмөлдөөгө ала турган маселе эмес. Кыргызстаныбыз — тоталитардык мамлекетке кирбейт. Моралдык суроолор — башка маселе. Андыктан, кыздарыбызды жана карындаштарыбызды туура тарбиялап, билим берип, материалдык жактан көз карандысыз сезип, бирөөгө кор болбошуна маани беришибиз керек» — деген пикирин билдирди.

    Мыйзамды жазган депутаттар өздөрү үлгү… 

     —«Бул мыйзамды кабыл алганыбызга жыйырма жылдан ашык убакыт өтсө дагы, негедир ушул мезгилге чейин иштебей келет. «Аялдардын арыз жазбаганына байланыштуу иштебейт»-деп шылтоолойбуз. Жок, андай эмес. Кабыл алынган мыйзамдын иштөөсүнө Жогорку Кеңеште олтурган депутаттарыбыз тарабынан көзөмөл жок. Жарандык коом, ЖМК өкүлдөрү бул мыйзамдын иштөөсүнө кайдигер. Депутаттар өздөрү баш болуп экиден-үчтөн аял алгандары коомдо айтылып эле журбөйбү. Ошолор элге үлгү көрсөтүүнү токтотушу керек» — дейт жарандык коомдун активдүү мүчөсү Сейит Орозбеков. 

    Жогоруда белгилегендей эркектердин эки аял алуусуна Кыргызстандын мыйзамы жол бербейт. Бул – кылмыш.

    Жабырлануучу арыз менен Укук коргоо кызматына кайрылса, жоопко тартылат. Мындай мыйзам СССР таркагандан кийин Кыргызстанда Жогорку Кеңештеги депутаттар тарабынан 1997-жылы кайрадан кабыл алынган. Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк баалуулуктарга каршы» деген бөлүмүнө ылайык, 153-беренесинде таамай жазылып, «айыпталуучу 2 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат» деп турат.

   Бирок, эгемендүүлүккө ээ болгондон бери бул мыйзам боюнча арызданган да, жоопкерчиликке тартылган да адам жок.  Демек,  жоопкерчиликтүү депутаттар, активдүү жарандык коом, сабаттуу ЖМК өкүлдөрү мыйзамдын иштөөсүн тыкыр көзөмөлгө алуу менен аялзаттын көз карандысыздыгын камсыз кылуу зарыл.

  Султаналиев С. С.  


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: