Кыргызстанда да кароосуз калган айыл бар

22.02.2017 | Тарых

Көлдүн тескейи менен Тоң районунан Нарын тарапка кетип баратканда, жол боюнда кароосуз калган айылды көрүүгө болот. Дубалдардан башка эч нерсеси калбаган үйлөрдү карап, бул жерде мурда киши жашаганына да ишенбей кетесиң. Бозоргон тоо арасында жетимсиреп калган бул айылдын аты Кызыл-Омпол деп аталарын билген соң, ал эмне болгон айыл, кандай тарыхты басып өткөн да, эмнеге кароосуз калган деген суроолор жаралды.

Кызыл-Омпол айылы

Кызыл-Омпол айылы жөнүндө билүү үчүн Ысык-Көл облустук архивде болуп, жарытылуу эч нерсе тапкан жокпуз. Облустук жетекчилердин кай бири менен сүйлөшүп, бул айыл ошол аймактагы жерди иштетүү үчүн уюшулган деген ойду уктук. Дагы башка адамдардан сураганыбызда, ал жөнүндө олуттуу ойлорду айткандар болгон жок. Кай бири муну Орто-Токой суу сактагычынын уюшулушуна байланыштырышты.

Бирок, интернет булагынан ага тиешелүү 1987-жылы токулган бир токтомду таап алдык. Ал Кыргыз ССР Министрлер Совети  тарабынан чыгарылып, анда Кызыл-Омпол Башкы Кыргыз суу курулушунун Ысык-Көлдөгү бөлүмүнө караган көмөкчү чарба экени анык болду. Токтомдо бул чарба жумушчуларды азык түлүк менен жетишерлик камсыз кыла албай жатканына байланыштуу анын базасын чыңдоо керектиги айтылган. Ушул эле токтомдо Кызыл-Омпол 1981-жылы уюштурулганы да так көрсөтүлгөн.

Кызыл-Омпол айылы

Андан кийин биз Ысык-Көл облусунун Тоң райондук жетекчилигине телефон чалдык. Алар дагы бул айылды жер менен байланыштырды. Чын эле бул аймакта жер өтө кенен. Ошол Тоң районунан аркы Нарын облусунун чегине чейин эмне деген жер? Бирок, бул жердин көбү жайыт жери экенин ошол Тоңдогу Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысынан уктук. Баса, биз Тоң райондук мамлекеттик администрацияга телефон чалганыбызда, алар ушул табышмактуу Кызыл-Омпол жөнүндө кененирээк маалыматты ушул киши бере алат деп айтышкан эле.

Ошентип, Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Майрам Кыдыралиева мага бул айыл жөнүндө мындайча айтып берди. “Кызыл-Омпол айылы Союз убагында 1981-жылы уюшулган. Ал Башкы Кыргыз суу курулуштун көмөкчү чарбасы болгон. 1983-жылы ал жерде үйлөр салына баштаган. Ошол кезде анда 65-70 түтүн эл жашаган экен. 1988-жылы анда 3 жылдык мектеп ачылган. 1989-жылы ал мектеп 9 жылдык мектеп болуп түзүлгөн. Ушул жылдары бул айылдан шайлоого 200гө жакын адам добуш берчү экен. Мында чочко, кой фермалар уюштурулуп, тоок фермасы да болгон. 2001-жылы чарба жоюлуп кетип, аз убакта эле айыл талкаланып таланып кеткен. Эл үйлөрдү менчиктештирип алгандыктан, аны бузуп, өзүнө ыңгайлуу жерлерге көчүп кетишкен. Ошол кездерде мамлекеттик каттоо кызматы бул айыл жөнүндө 39 гектар калктуу конуш деп отчет бериптир”,-деп билдирди.

Көрсө, ошол аймак жалпы Кызыл-Омпол деп айтылат экен. “Кызыл” деген кадимки эле кызыл, “Омпол” деген бийик деген маанини түшүндүрөрү  Юдахиндин сөздүгүндө турат. Демек, кызыл дөбө деген сөздөн келип чыкса керек. Бул топоним “Манас” эпосунда да бар.

Ошентип, бир кезде бир чоң максаттар менен уюштурулган жер азыр жетимсиреп кароосуз калды. Өз мектеби, контору, бүтүндөй фермаларга чейин уюшулган айылды көп кишилер унутуп деле калышкан. Кызыл-Омполдун аймагына отургузулган бактар азыр куурап, качандыр бир кезде бул аймакка суу келгенин эске салып турат. Угушубузга караганда, ошол бак тигилип турган жерлер менчиктештирилип кеткен. Бир кезде Орто-Токой суу сактагычынан, Чу суусунан союздун күчү менен узун трубалар тартылып, алар аркылуу суу алынып келинген айыл бир заматта жок болуп кеткени кызык. Ал жер Чудинов премьер-министр болуп турганда Көк-Мойнок айыл аймагына өткөрүлүп берилген экен. Кечээ жакында эле, 2005-2006-жылы эле ал трубалар каалагандай сатылып, таланып, какыраган жерге суу жүгүртүп турган союздун сонун трубалары кайда калганы дайынсыз болгон.

Айыл чарба тармагына аралашып жүргөндөр бул аймакка суу келсе, миңдеген гектар жер иштетилмек деп айтышат. Себеби, Арстан Сулайманов деген киши ошол аймактан ылдыйраак жерге тамчылатып сугаруу аркылуу 80 гектар жер иштетип, алма, өрүк, алмурут айдап, жакшы түшүм алып жатканы белгилүү. Ушундан кийин кайран кыргыз Кудай берген жерди да иштете албай, курулган нерсени бузуп, бүлүндүргөнгө маш экенбиз го деген ой кетет.

Жумагүл Барктабасова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: