Кыргызстан-Тажикстан алакасындагы жаңы баскыч

                   1037245399

Өткөн аптанын 1-2-февраль күндөрү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанда расмий сапар менен болуп кайтты. Душанбе шаарындагы жолугушууларда эки өлкө башчылары эки тараптуу кызматташууларга багытталган маселелерди талкуулашты. Расмий сапардын алкагында президент С. Жээнбеков Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзаде, Оли Мажлисинин төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушту.

Албетте, бул расмий сапардын башкы максаты – кызматташтыктын жаңы барактарын ачып, эки өлкө ортосунда турган бардык маселелерди талкуулап, чечүүнүн жолун табуу болуп саналат. Кошуна Тажикстан менен Кыргызстан негизинен суу-энергетикалык, соода-экономикалык жана чек ара маселелери багыттарында мамиле түзөт. Мындан сырткары аймакта коопсуздукту камсыз кылуу маселесинде да эки өлкөнүн кызматташуусу мезгил талабы болуп саналат.

Тажикстан — биздин мамлекет менен чектешкен төрт мамлекеттин бири. Эки өлкө чектешкен чек аранын жалпы аянты 971 чакырым. Бүгүнкү күндө бул аянттын жарымына жакыны такталып бүтөлек. 70ке жакын талаш болуп турган аймактар да бар экенин айта кетүү керек. Чек ара маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр мындан туура үч жыл мурун болуп, андан бери тынчып калгандай болгон эле.

Бул жолку расмий сапардын алкагындагы сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн президенттери чек ара маселеси боюнча ишти активдештирүү тууралуу тапшырмаларды беришти. Жакынкы күндөрү кыргыз-тажик чек араларын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык жыйыны өтө турган болду.dst_8531

Ал эми суу-энергетикалык жаатындагы кызматташууда Кыргызстан менен Тажикстанды негизинен CASA-1000 долбоору байланыштырып турат. Өлкө башчылары өздөрүнүн биргелешкен билдирүүсүндө аталган долбоорду тез аранын ичинде ишке киргизүү аракети жасаларын белгилешти. Негизи эле CASA-1000  энергетика жаатында Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанды байланыштырган эң ири кызматташтык долбоору болуп калды.

Кыргызстан менен Тажикстан экспорт менен импортту жандандыруу боюнча да ниеттерин билдиришти. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы убактарда солгундап кеткени жашыруун эмес. Мисалы, кошуна өлкө эт-сүт, суусундук ширелери, кондитер азыктары сыяктуу продукцияларды бүгүнкү күндө үчүнчү өлкөлөрдөн импорттойт экен. Ал эми мына ушул эле продукцияларды Тажикстанга үзгүлтүксүз жеткирип турууга биздин өлкөнүн ишкерлеринин деле чамасы жетиштүү, толук даяр. Ошондон улам эки өлкө тең учурдагы соода-экономикалык байланыш жетишээрлик эмес экендигин белгилешип, жакынкы арада бул жааттагы кызматташууну дагы арттыруу керек экендигин баса белгилешти.

 

Жылуу маанай, жогорку даражадагы тосуп алуу

Президент Сооронбай Жээнбековдун коңшу өлкөгө жасаган сапарына Тажикстан өзгөчө маани берди. Жогорку даражадагы конокту кошуна өлкө расмий сапардын бардык эреже-талаптарына ылайык тосуп алды. Тажик аба майданында ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн президенттеринин сүрөттөрү, эки өлкөнүн желектери калаа боюна илинген. Эки өлкөнүн достугун даңктаган ураандар жазылган.

Президент С. Жээнбековдун Тажикстандын президенти Э. Рахмондун чакыруусу менен жасаган бул расмий сапары эки өлкөнүн дипломатиялык байланыш жасай баштагына 25 жыл толгон убакка туш келгени да өзгөчө символикалуу болуп калды.

Расмий иш-чаралардын алдында Сооронбай Жээнбеков Душанбедеги «Достук» аянтына барып, тажик мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири болгон Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. Бул кошуна мамлекетке болгон сый-урматтын белгиси.86117b2792ba

Андан соң президент баштаган кыргыз делегациясы расмий иш-чаралар өтө турган улуттар Ак сарайына өтүштү. Ал жактан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алып, хан чатырдын алдына келишти. Ардак кароолдун башчысы рапорт берген соң, эки өлкөнүн гимни жаңырды. Анан эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү менен тааныштыруу болду. Кыргыз делегациясынын курамында тажик улутундагы эки өкүлдү – Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун бөлүм башчысы Мурат Дадабаев жана Баткен облусунун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахматжан Абдырахмановду президент Сооронбай Жээнбеков тааныштыруу учурунда өзгөчө белгилеп өттү.

 

Ынак коңшулук мамилени жаңы бийик деңгээлге көтөрөбүз

Адаттагыдай эле адегенде тар чөйрөдөгү жолугушуу орун алды. Э. Рахмон кесиптеши С. Жээнбековду жылуу кабыл алып, анын чакыруусун кабыл алып расмий сапар менен келгенине терең ыраазычылык билдирди. «Кыргызстан биздин жакын кошунабыз, биздин өлкөлөр эки тараптуу жана регионалдык мүнөздөгү көптөгөн маанилүү маселелер боюнча кызматташат. Биз биргелешкен аракеттер менен өлкөлөрүбүз ортосундагы кызматташтыкты жаңы, азыркыдан да бийик деңгээлге көтөрө алабыз деп ишенебиз», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Тажикстанга келген алгачкы мүнөттөрдөн тартып, биз жылуу кабыл алууну сездик. Менин Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышыма байланыштуу куттуктооңуз жана жылуу каалоолоруңуз үчүн дагы бир жолу Сизге ыраазычылык билдиргим келет. Быйыл биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл болду. Менин дал ушул мааракелик датага удаалаш Сиздерге расмий визит менен келишимдин символикалуу мааниси бар», — деп белгилеп, Кыргызстан Тажикстан менен мындан ары да кызматташууга, достук мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин баса белгиледи жана бүгүнкү жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Иш сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары талкууланды. Мында ар бир маселе боюнча орток пикирлер табылганын, алар эки өлкөнүн достук ынтымагын бекемдөөгө багытталганын мамлекет башчылары белгилешти.f95470a1c2bc

Президент С. Жээнбеков кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери мүмкүн болушунча эртерээк чечилиши зарыл экендигине токтолду. “Көпчүлүк түйүндүү маселелер боюнча пикирлерибиз жана позицияларыбыз төп келгени кубандырат. Эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттарын жандандыруу үчүн эки тараптуу механизмдердин ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу зарыл. Бул жагынан алганда эки тараптуу  маселелерди жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссия, Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңеш туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Элдерибиз көптөн бери  мамлекеттик чек араны делимитациялоону аягына чыгарат деп  күтүп жатышат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди чечүү жана тиешелүү макулдашууга кол коюу чек ара районунда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү фактор болуп калат”, — деди ал.

 

Чек ара маселеси чечилүүгө тийиш

Өз кезегинде өлкө башчыларынын билдирүүсү эки тараптын өкмөттүк комиссияларына чек араны делимитациялоо боюнча иштерди активдештирүү тууралуу тапшырмасы болуп калды. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундагы 971 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы буга чейин эки тараптын өкмөттүк комиссияларынын деңгээлинде такталып бүткөн. 2015-жылы чек араны тактоо иши тажик тараптын сунушу менен токтотулган. Негизи эле кыргыз-тажик чек арасында тактоо иштери кыйынчылык жаратып келген. Себеби СССР доорунда облус, район жана айылдардын деңгээлинде бири-бирине жерди ижарага берүү тажрыйбасы кеңири колдонулчу. Чек арада макулдашыла элек 70тей жер тилкеси бар. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү К. Искандаров чек ара маселесинин эрте чечилишине эки өлкө тең кызыкдар экендигин белгиледи. «Бардык материалдар даяр. Азыр Тажикстан дагы бизге жакшы кадамдарды жасайбыз деп атат. Буюрса эки президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча эки мамлекеттин делимитация боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу уланат», — дейт ал.

Иш сапардын алкагында чек арадан тарта соода-экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, саясый гуманитардык кызматташтыкты арттырууга багытталган сегиз документке кол коюлду. Өзүнчө эки өлкө башчысынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Анда 24 бөлүктөн турган тапшырма-милдеттер камтылган. Документтин негизги максаты бардык чөйрөдө кызматташтыкты мындан ары бекемдеп, туруктуулукту сактоо негизги маселелерден болуп каралган.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болду. Биз кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын тактоо боюнча мындан аркы аракетибизди аныктадык. Эки тараптуу соода-экономикалык байланыштардын маанилүү негизи болуп эсептелген чек ара аймагындагы кызматташууга биз артыкчылыктуу маани беребиз. Биз Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңеш, эки тараптуу   маселелерди жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссия өңдүү туруктуу эки тараптуу механизмдердин натыйжалуу ишинин маанисин белгиледик”, — деди С. Жээнбеков биргелешкен билдирүүдө.1429403.1.1517486850

 

Баткен жана Согди облустары тыгыз кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүшөт

Эки тарап тең бул сапардын алкагында өткөн сүйлөшүүлөргө, макулдашууларга толук канааттанышканын белгилешти.

Айтмакчы, Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймагынын негизги бөлүгү Баткен облусуна туура келет. Жергиликтүү калк канча жылдардан бери Согди облусу менен бири-бирине азык-түлүктөн тарта өндүрүш материалдарына чейин ташып турат. Андыктан алдыда кызматташтыкты арттыруу негизги милдеттерден.

«Буга чейин 2017-жылга чейин бизде келишим болгон. Эми дагы 2018-жылдан тарта келишимди жаңыладык. Бул жерде биз Согди облусу менен Баткен облусун элдин алдында биринчи ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле бул жерлерде кошмо ишканаларды ачуу, бизнес-борборлорду ачуу болуп саналат», — дейт Баткен облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү А. Халмурзаев.

 

Тажикстанга үчүнчү өлкөлөр ташыган продукцияларды Кыргызстан да ташый алат

Өткөн жылда эки ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү өскөнү менен ал тиешелүү көрсөткүчкө жетелек. Экономика министри А. Новиковдун айтымында соңку жылдары Тажикстанга болгон экспорт солгундап кеткен. «Биз анча чоң эмес талдоо жүргүзүп көрдүк. Мисалы, учурда Тажикстан айнек, эт-сүт, кондитер азыктары, шире жана башка азык-түлүк товарларын үчүнчү өлкөдөн импорттоп жатат. Бул жаатта Кыргызстандын деле тажрыйбасы чоң. Биз коңшуларга көп көлөмдө товар жөнөтсөк болот. Андыктан президенттер белгилеген маселелер ишке ашса, бул жаатта жагдай калыбына келет деп ойлойм», — дейт ал.

Мындан сырткары Кыргызстан Тажикстан менен суу-энергетикалык тармакта кызматташса болот. Эки өлкө тең суу ресурстарына бай. Эки өлкө биргеликте күрөшө турган терроризм, экстремизм маселелери бар. Адистердин айтымында эки өлкө ортосунда чек ара маселелери такталып бүтсө, бул жаатта иш алып баруу алдаканча натыйжалуу болот. Башкысы эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу эки тараптуу кызматташуулардын бекемделишине өбөлгө болуп, кызматташтык дагы бир тепкичке жогору көтөрүлө тургандыгына ишеним бар.

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: