Кыргызстан социал-демократтар партиясы XVI съездге делегаттарды көрсөтүүдө

05.07.2017 | Саясат

 

????????????????????????????????????

 

Бүгүн, 4-июлда, өлкөдө Кыргызстан социал-демократтар партиясынын райондук жана шаардык аймактык партияларынын конференциялары башталды. Алгачкы конференциялар Балыкчы шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өттү.

Конференциялардын күн тартибинде аймактык уюмдардын алып барган иштери тууралуу маалыматтардан сырткары, партиянын  XVI съездине делегаттарды шайлоо болду. Иш-чарага активисттер, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле, Жогорку Кенештин КСДП партиясынын депутаттары менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары катышты.

Эске салсак, КСДП партиясынын кезектеги съезди үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Бишкек шаарында өтөт жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерди шайлоо чечими кабыл алынат

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: