Кыргызстан-Россия: пайдубалы бекем түптөлгөн достук жана кызматташтык мамиле

             99905w660h490croplr

Ушул жылдын 6-мартында президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында республикабыздагы ММК жетекчилери менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан үчүн Россия ишенимдүү мамлекет, стратегиялык өнөктөш экендигин билдирген. Албетте, муну танууга болбойт эле, себеби Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамиле кылым карытканы белгилүү.

Бирок, айрым батышчыл саясатчылар дагы деле өлкөбүздүн алган мындай багытын сынга алгылары келет. Маселен, экс-депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстан Россия менен мамилеге артыкчылык берип жатканын жактырбаганын билдирип келет. «Биринчиден, Россия менен мамиледе обьективдүү себептер бар. Бирок ошону менен бирге биздин жетекчилер шайлоо алдында мени колдогула, президент болсом дагы көп көңүл бурам, стратегиялык багыттарды мурдагыдан да көп өткөрөбүз деп жатып, ушундай абал жаралды», — дейт ал.

Ырасын айтканда, «Шайлоо алдында мени колдогула, президент болсом дагы көп көңүл бурам» деген убадалар берилгенин эч ким билбейт. Болгону эки өлкө ортосундагы карым-катышты дагы да жакшыртуу, эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына туура келе тургандай багытта жүргүзүү аракеттери жасалып келатат.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштын түбү 19-кылымдын орто чендерине туура келе турганы тарыхта жазылган. Албетте, ал кездеги карым-катыштын башаты тууралуу өзүнчө узун сабак сөз кылса болот. Андыктан биз эки өлкөнүн ортосундагы жаңы тарых тууралуу, учурдагы карым-катыштын деңгээли тууралуу кеп кылганыбыз оң болот.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин жумушсуздук түзүлгөн кыйын кырдаалда мекендештерибиз эң көп жумуш издеп барган өлкө – Россия болгонун танууга болбойт. Бүгүнкү күндө расмий маалымат боюнча бул өлкөдө 700 миңден ашуун эмгек мигранттарыбыз эмгектенип келет. Жыл сайын Кыргызстандан Россияга 400 миңге жакын киши кетет. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Казакстандан кийинки эле экинчи орунда турат экен. Себеби коңшулаш Казакстандан Россияга баргандардын жылдык саны 800 миңге чейин чукулдайт.

2013-жылы Россия Кыргызстандын жарым миллиард доллар карызын кечкенин жакшы билебиз. Анын 189 миллионун дароо эле жокко чыгарса, калган 300 миллиону 2026-жылга чейин жоюлмай болуп чечилген. Мына ушул жогорудагы көрсөтүлгөн сумма айтканга оңой болгону менен өтө чоң каражат экенин билип турабыз. Эгерде Россиянын Кыргызстанга карата ниети түз болбосо, анда бир тыйын да карызды кечмек эмес.

Ошол эле убакта биздин өлкөгө жылына Россиянын жарым миллиондон ашуун жараны келерин да белгилеп коюу керек. Булардын арасында туристтер да, бизнес жаатындагылары да бар. Албетте, көбүнесе туристтик сезон маалында көптөгөн россиялыктар Кыргызстанга эс алуу үчүн келишери маалым. Бул дагы өлкөбүздүн экономикалык абалынын чыңдалышына бир топ таасир этери бышык.

Россия менен соода-сатык жаатындагы кызматташуу да күчүндө. Болжолдуу маалыматтар боюнча кыргызстандыктар соодадан тапкан ар бир онунчу сому Россиядан келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер Россиянын базарларында чоң суроо-талапка ээ экени белгилүү. Бул дагы эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдүү мамилени далилдеп турат.

Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк компаниялардын саны жагынан да Россия алдыда турат. Башкача айтканда өлкөбүздө 667 россиялык ишкана ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул дагы эки өлкө ортосундагы кызматташуу жогорку деңгээлде экенин айгинелейт. Биздин өлкө импортко жумшаган акчасынын төрттөн бир бөлүгү Россияга кетет. Ал акчага бизге күйүүчү майлар, газ жана металл келе турганын айта кетели.

Баса, ушул жерден белгилей кете турган жагдай, Кыргызстан россиялык «Газпром» компаниясына «Кыргызгазды» саткандан бери карай мекендештерибиз кыштын кыраан чилдесинде газы жок калуу коркунучунан биротоло кутулган. Андан тышкары «Газпром» Кыргызстанды газ менен камсыздоо үчүн ири иштерди жасап атканын да айтып коюу керек.

Негизи эле Россия Кыргызстанга келген инвесторлор арасында лидер болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул сан жарым миллионго жакын долларды түзүп турат.

Кыргыз армиясынын күчтөнүшү үчүн дагы Россия чоң жардам кылганын айтпай коюуга болбойт. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргени Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлүп, ал фонд аркылуу дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген кредиттер берилип атканы белгилүү. Кыргызстан бул биримдиктин курамына кирердин алдында өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга койгонун да жакшы билебиз. Андыктан Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин танууга болбойт.

Албетте, Кыргызстан Россия менен гана мамиле кылып, башка мамлекеттер менен мамиле кылуудан алыс болобуз деген принципти карманбайт. Мамлекетибиздин кызыкчылыгын биринчи орунга коюу менен бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташууга даяр жана бул багытта чоң иш-аракеттер жасалып келет.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: