Кыргызстан өзүнүн көз карандысыз жана суверендүү саясатын жүргүзүүдө

30.08.2017 | Коом

90505323a53ffda812db9fd26bdf20d5

Көз карандысыздык алгандан берки жылдардын баары текши болгон жок. Биринчи эки президенттин тушунда мамлекетибиз оор кырдаалда болду, образ менен айтканда ал жылдар тууралуу унутуп койсо да болот. Ал учурда биздин «демократия аралчасы» деп атагандары менен биз толук кандуу мамлекет кура алган жокпуз. Кыргызстан тизелеген абалынан акыркы бир нече жылдарда гана өйдө тура баштады жана бул Алмазбек Атамбаевдин жаңы көз карандысыз саясатынын арты менен болду. Биз өзүбүздүн мамлекетибизге карата мамиленин акцентин өзгөрттүк. Биз түрдүү Эл аралык уюмдар бизге таңкуулаган көрсөтмөлөрдү кыңк этпестен аткарбай калдык.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча акыркы референдумдан кийин Кыргызстан туура багытка кадам таштады. Жаңы Конституция коопсуздукту камсыздоого, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен саясат жүргүзүүгө арналган. Ошондой эле Конституция жарандардын коопсуздугун коргоого арналган. Себеби демократияга жамынып либералдык идеология мамлекетибизди өтө тез-тезден туңгуюк абалга кептеп отурду. Кыргызстан мурда көз карандысыз, суверендүү саясат жүргүзө алган эмес. Бирок, акыркы жылдары мамлекетибиз акыры өзүнүн экономикалык, саясый жана башка сфераларда позициясын тактай алды. Эми ишенимдүүлүк менен мамлекетибиздин приоритеттүү милдеттери бар жана тандалган жолу менен бекем барууда деп айтууга болот.

Мамлекетибиздин ИДПсынын көрсөткүчтөрү өзүнө өзү жооп берип турат. Мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугунда негизги ролду ойногон энергетикалык көз карандысыздык тууралуу унутууга мүмкүн эмес.

Эгерде эске салсак, биз мурда кыштын келишин кооптонуу менен күтүп турчук. Дагы электр энергиясын өчүрүү башталат деп коркчубуз. Бул маселе чечилди, эми биз мамлекетибиз өзүнүн жарандары үчүн түзгөн жыргалчылыгын эч кандай кооптонуусуз колдоно алабыз. Үчүнчүдөн, айлык акылардын өсүшү. Мугалимдердин, врачтардын айлык акысы өтө жагымдуу болуп калды, эми жаштар бул адистиктерге окуп башташты. Алар мектепте, ооруканада иштөө менен өз үй-бүлөлөрүн бага ала тургандыгын түшүнүшөт. Мамлекет өзүнүн жарандарына көңүл бөлүп жана алардын бакубат жашоосу үчүн кам көрө баштады.

Сырткы саясатта да Кыргызстан өз позициясын ээледи. Биз өзүбүзгө эмне керек экенин жана ким менен иштешкибиз келерин так жана түшүнүктүү билебиз. Кыргызстан ЕАЭБке кошулду жана өз экономикасын өстүрө баштады. Биз өзүбүз кырдаалды иликтөө менен ушундай чечимге келдик, себеби бул биздин кызыкчылыгыбызда.

Коопсуздук сферасында да Кыргызстан жакшы результаттарга жетише алды. Кыргызстан ЖККУ, ШКУ мүчөсү жана дүйнөлүк ири оюнчулардын ичинде турат. Коопсуздукка жетишпей туруп, эч нерсе тууралуу сүйлөөгө болбойт. Коргонуу – баарынан зарыл нерсе.

 

Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: