Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстанга сууну сатышы керек

01.12.2017 | Саясат

                2015-03-26_18-01-01_568049

2-ноябрда Жогорку Кеңеште кышка даярдык маселеси талкууланып жатканда тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова “сууну товар катары эсептөөнү биз бир тараптуу талап кыла албайбыз, ал үчүн эки тараптуу келишим түзүлүшү керек” деп айтты. “Суу боюнча эл аралык укукта Кыргызстан коңшуларын суу менен камсыздоо үчүн тиешелүү каражатты талап кылышы керек. Суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимге Өзбекстан менен Казакстан кол койбой келет”, — дейт ал.

БУУнун жана эл аралык конвенциялардын негизги принциптери, сунушу жана нормалары төмөндөгүдөй: “Суу башындагы өлкөлөр аны кандай агышын эл аралык нормалар боюнча каалагандай көзөмөлдөй алат. Суунун өзүнүн экономикалык баасы бар жана ал товар катары эсептелет. Жаратылышта бекер суу жок”.

1992-жылы Дублинде (Ирландия) өткөн эл аралык конференцияда “суунун жаратылыш байлыгы катары өзүнүн экономикалык баасы болот, ал товар болуп эсептелет”  деген принцип кабыл алынган.

            Ушул принцип ушул эле жылы БУУнун Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарындагы өткөн концеренциясында бекитилген.

            Кыргызстандагы майда жана ири дарыялар өзүбүздүн аймакка гана тиешелүү. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан же Кытайдын бир да дарыясы Кыргызстандын аймагына агып кирбейт. Дарыялардын негизги булагы бийлик тоолордо жайгашкан биздин мөңгүлөр. Өлкөнүн суу агымынын жылдык көлөмү  35-44 млрд. кубга жетсе, анын 24-25 млрд. кубу гана суу сактагычтарга, ГЭСтерге агып кирет. Бизден чыккан суулардын дээрлик 80 пайызы коңшу өлкөлөргө агылууда. Алар биздин сууну каалагандай бекер пайдаланууда.

Көпчүлүк эл аралык уюмдар, суу тармагы боюнча адистер менен эксперттер Кыргызстан коңшуларын үзгүлтүксүз суу менен камсыздап, ошол эле кезде экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын айтып келет. Бизди “сууну бекер бербей саткыла” дегендер далай жолу эле чыккан.

            Советтер Союзу учурунда Үч-Коргон, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Киров, Орто-Токой, Папан, Чоң-Чүй каналы, Чумаш плотинасы сыяктуу уникалдуу суу сактагычтартар курулган. Бул үчүн Кыргыз ССРи 2 млрд. рублден ашык каражат жумшаган. Ошол кезде 0,80 рубль 1 доллар болуп турган.

Токтогул суу сактагычы баш болгон бул объектилер жай мезигилнде Өзбекстан, Тажикистан, Казакстанадын эгин талааларына суу топтоп берип турган. Ал эми Кыргызстан анын ордуна жыл сайын Өзбекстан менен Казакстандан 1,2-1,2 млн. тонна көмүр, 3,5-4,5 млн. тонна мазут жана 920-960 млн. куб жаратылыш газын алган.

Бул экономикалык кызматташуу акыйкат жана мыкты болгон. Бирок, Союз кулагандан кийин бардык өлкөлөр көз карандысыз болуп, Өзбекстан менен Казакстан суу үчүн бериле турган газды, көмүрдү, мазутту бекер берүүнү токтотту. Алар мындай кадамын бул байлыктарды иштеп чыгууга чоң каражат кетип жатканы  менен түшүндүрдү. Ошол эле кезде бул өлкөлөр ири каражаттарга ондогон завод-фабрикаларды курду.

Кыргызстан коңшулардын эгин талааларын суу менен камсыздоо үчүн 60 миң гектардан ашык суулуу жерин жоготуп, 150 миңден ашуун жарандарын башка жактарга көчүрдү. Аларды турак-жай менен камсыздоого, башка кем-карчысын толуктоого оңбогондой каражат кетирди. Акыркы 20 жылда “Электр станциялары” ААКсы жыл сайын Токтогул району үчүн 44-70 млн. сом компенсация төлөп келет. Бул суу сактагычтарды жыл сайын оңдоп-түзөөгө, аларды кармап турууга 28-32 млн. доллар АКШ сарпталууда.

2000-жыл эле Токтогул суу сактагычынан Өзбекстан менен Казакстанга 270-280 млрд. куб суу берилген. Ошол эле учурда Кыргызстан алардан мазут, газ жана көмүр сатып алууга 1 млрд. 350 млн. доллар короткон. Албетте, Кыргызстандын өз байлыгын бекер берип, алардын ушундай эле товарын ири суммага сатып алып жатканы өкүнүчтүү.

            Көз карандысыз эксперттердин божомолу боюнча Казакстан 30 жылда биздин Орто-Токой суу сактагычыбыздан 750 млн. доллар, Киров суу сактагычынан 230 млн. доллар пайда тапкан. Ал эми Токтогул суу сактагычынан агып чыккан сууда өзбектер менен казактар 16 жылда 7,7 млрд. доллар киреше алган. Бул жылдары коңшулар биздин табигый байлыгыбызды пайдалануу менен 8,6 млрд. таза кирешеге маарыган.

Эми дүйнөлүк практиканы алып көрөлү. АКШ Канададан 1 куб сууну 5 центтен сатып алса, Германия Швециядан, Түркия Болгариядан 1 куб сууну 12 центтен сатып алат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2017-жылдын 13-ноябрында өткөн Астана клубунда суу үчүн күрөш Борбор Азия жана Жакынкы Чыгышта чоң чыр-чатактарды алып келиши мүмкүндүгүн айтты. Бирок, Назарбаев Кытайдын бул багытта жасаган аракетин эстегиси келбейт. Мисалы, Или дарыясы Кытайдан агып чыгып Балхаш көлүнө куят. Кытай кыска аралыкта бул дарыяга 13 суу сактагычты, 59 суу тосмолорун куруп Казакстанды 15 млр. куб суудан куржалак калтырды. Алар дал ушул дарыядан өз аймагынын какыраган талааларын иштетүүдө. Бирок, Казакстан менен келишим түзөлү деген жери жок.  2007-жылы Казакстан Кытайга 10 жыл арзандатылган азык-түлүктү экспорттоп, алардан сууну сураган. Бирок, Кытай баш тартып койгон.

Кыргызстан болсо өз кызыкчылыгын токтотуп, коңшуларын суу менен камсыздоо үчүн оңбогондой зыянга кириптер болууда. Кыргызстандын өкмөтү жана Тышкы иштер министрлиги суу саясатын кайрадан карап чыгышы керек. Биздин өлкө өз аймагындагы дарыяларга ээлик кылат. Аны эч ким талап кылганга акысы жок. Биз да коңшуларга сууну табияттын байлыгы катары сатышыбыз керек. Жакында Казакстандын Айыл чарба министри Кыргызстан сууну бербей коё албайт деп кайрылуу менен чыкты. Анын сөзү эч кандай эл аралык нормаларга туура келбейт. Андыктан мамлекет жетекчилиги эң чоң байлыгыбыз болгон сууну эффективдүү пайдаланууну колго алышы керек. Кыргызстан көз карандысыз өлкө катары эч бир мамлекеттин эгин-талааларын суу менен камсыздоого милдеттүү эмес. Ойлоно турган учур келди!

Расул ҮМБӨТАЛИЕВ, коомдук ишмер


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: