Кыргызга күндөй жансын деп, жаралды Рыспай… Барчынбек!

28.03.2016 | Маданият

Барчынбек БугубаевКайран, Барчынбек!  Оозун ачса ичегарды көрүнгөн, көңүлүндө кири жок таза жигит болчу. Азыр шапкеңи ыргытсаң эле обончу менен акынга тийет эмеспи. Кара сөз катары бычакка сап болор ыры жок бирдемелерди кынаптай салган жармач обончулар ансыз да «аксагы менен миң» болгон акындардын катарын толуктап жатат. Аларың ямаха, компьютер менен чүргөй салган алешем обондорунун аркасынан үстөккө-босток сахна менен телерадиодон түшпөй, бирок чыныгы акындардын сүрмө тобунда боз чаңгыл болуп желип-жортуп келатышат. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендей, алиги бөртөй-шөртөй «акындарды» кой деп койгон Жазуучулар союзу же Маданият министрлиги же “Кыргызпатент”, кур дегенде илгеркидей адабият сынчылары жок. Бар деңизчи, бирок бирдеме десең эле «демократия» деген чапанды тескери жамынып алган аларың «бөө» деп беттен алганда, «сынчынын сыңар өтүгү» сыраң деп көрүнүп калчудай, иликтей, жиликтей, тескей турган тиригарак сынчылар эчак кынына кирип кеткен сыяктуу. Жаман сөзүнө кымкаптай көрүнгөн чепкенди желбегей жамынып алган «акындардын» жанында Омор Султанов, Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев, Кыялбек Урманбетовдор шоона эшпей, алар ким десең, «аларды эмне менен жейт?» деген аңкоо суроо менен кайра өзүңү бөк түшүргөн жан дүйнөсү жарды окурман четтен табылат. Анткени, алардын өз чындыгы бар. Дегинкисин жакшы деп жаралган чыгарма жүрөктү зырп эттириши керек да, алиги «кымкап» жамынган обондуу ырлар жаштардын жүрөгүн эмес, буттарын тыбыратат. Анан соңку кездери  «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичкен» кыспуруштар бекер келген «беделден» айрылсынбы? Анан жинди улактай үзүнүп-жулкунуп, меңдубана жеген койдой мээси тегерене мекиренип жаткан жаштар, кудай уруп Шайлообек менен Кыялбекти таанысынбы!? Базар шартында алардын шири каптаган маңкурт башында кытай азыктарындай кызылдай акча турат. Капитализмди башынан кечирбеген байкуш кыргыз көпшөк бадырактай көңдөй  жан дүйнөнүн кулу болуп  баратат.

Барчынбек Бугубаев деле кыргыз рухунун жогорку чени болгон өйдөкү акындардай сөздүн чыныгы маанисиндеги акын болчу. «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, анык акындыгын сөз кадырын билген мекенчил адамдар билчү. Рыспай Абдыкадыров да анын ырларын окуп алып, «Ой, кыспуруш эй-а! Куду мендей  ойлойт экен аа!» —  деп атпайбы.

Миң толгонгон сезимимди,
Куса чөккөн ыр коштоп.
Арман ойлор көңүлүңдү,
Кыйнаар бекен мага окшоп. («Көңүлсүз кеч», 1993-жыл, Ош)

Ушинтип жогору баа берип, өмүрүнүн акыркы жылдары Барчынбек Бугубаевдин «Кусалуу жол», «Көңүлсүз кеч», «Түнкү санаа», «Айтумар» деген ырларына обон чыгарган. Менин билишимче, анын дагы үч-төрт ырына обон чыгарса керек эле, бирок алар 6 томдугуна кирбей калган 150дөй обону менен кошо «күүсандыгында» жатат шекилди.

Рыспай 1994-жылы 12-сентябрда каза болгон. Ал шордуу да соңку кездери ичер суусу төгөнүп баратканын сезип, жалаң алигидей муңдуу обондорду («Аза күүсү», «Махабат жөнүндө баллада», «Бейкүнөө жүрөгүмдө орун бирөө», «Күнөөлүүсү жалгыз өзүңсүң», «Кечирип кой») чыгарып калган. Атүгүл акыркы алты айда бирибизге да билгизбей биз менен коштошуп кетип жүргөнүн Рыспайдын 6 томдугуна жакындары эскерип жаздык.

Ал эми биз эбиреп-жебиреп жеткире албаган Рыспайдын генийлигин Барчынбек  төрт сап менен эле таасын айтып койгон:

Табышмактуу талант бар
тагдырында,
Табийгаттын үнү бар
кайрыгында.
Рыспайдай обончу Ала-Тоого,
Качан келет болду  экен,
кай кылымда?

Алты томдо айтылгандардын баарын төрт сап менен жеткирүү үчүн Барчынбектей жүрөктүү акын болуу керек. Рыспайды баарынан ыйык, бийик, улук көргөн, ал оюн сыйымдуу төрт сапка батыра алган Барчынбектей алп акын болуу керек. Ошондойунан анын төрт саптары афоризмге айланып кетти.

Астрология  төлгөсү боюнча бешенесине Ломоносов,  Бальзак, Глинка, Чайковский, Шекспир сыяктуу генийлер  туш келген Барчынбек Бугубаевдин да өмүрү өйдө-ылдый, бирок жемиштүү болду. Отуз басма табактай “Асман жерге созулган узак баян” деген ыр китебин чыгара баштап, дагы ошончо көлөмдөгү эки китебин белендеп койгондо, демөөрчүнүн жоктугунан биринчи китебинин эки жүздөй гана нускасын көрүп калды. Калганы колжазма түрүндө турат. Алмазбек Атамбаев, Султан Макашев, Тайырбек Сарпашев, Таштемир Айтбаев, Аскар Салымбеков, Мелис Турганбаев, Чыныбай Турсунбеков сыяктуу кыргыздын белдүү азаматтарына арнап ырлар жазган экен, бирок көшөкөр ыр эмес, алардын инсандык, атуулдук бейнесин кыт куйгандай кынаптаган саптар менен ачып бериптир. Атаңгөрү, ошолор, анан намысы болсо кочкорлук Акылбек Жапаров сыяктуу мен деген жердештери “көп түкүрсө көл болот” дегендей, демөөрчүлүк кылып койсо, утуштуу болгон кыргыз поэзиясы бир бөксөсүн толтуруп  алат эле. Ошол бөксөнү Барчынбек гана толтурат болчу. Анткени, анын кыргыз поэзиясында эч кимге бергис өз орду бар. Ошон үчүн кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Барчынбек Бугубаевдин чыгармачылыгы бөтөнчөлүгү, сырдуулугу, философиялуулугу менен кыргыз поэзиясынын гана эмес.., жалпы адамзаттын акылга сыярлык бийиктигин элестетет” — деп, 1997-жылы эле жазып койгон экен. Чыкесине окшоп, жалпы адамзаттык көйгөйдү көтөргөнү үчүн андан тилектеш шакиртин көрө билген шекилди. Анын ошол көсөмдүгүн жердештери көрө билсе кана!?

Аны кой, Жолдошбек деген бир тууган агасы  Барчынбекти мас кылып алып, Кара-Жыгач конушундагы эки бөлмө тамын өзүнө жаздырып алыптыр. Эми келинчеги Майрам эки кызын балдар үйүнө тапшырып, кенжесин колуна алып, ар кимдин үйүн баанектеп жүрөт. Ага болбой арам өлсөчү дегиң келет ушундайда! Болбосо, кыргыз поэзиясынын алдыңкы сабында жүргөн инисинин ордун жоктотпой, жетим калган үч  кызын камкордукка албайбы!

Үрөйдү учурган ушул суук кабарды уккан коомчулук үн кошуп, экинчи өмүрү ырлары менен балдарында жашап калчу Барчынбектин арбагы алдында атуулдук парызын аткарабы дейм…

Бөкөнбай Боркеев,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: