Кыргыздар казактарга футболдон сабак окутуп келди

08.04.2016 | Спорт

футбол тобу

Алматы шаарында 24-30 -март күндөрү Казак республикасынын эмгек сиңирген тренери Георгий Козельконун 100 жылдыгына карата футболдук мелдеш өттү. Бул мелдешке сегиз команда катышып эки топко бөлүнүп ойноду. Бизден ал жерге Канттын “Абдыш-Ата” клубунун тарбиялануучулары менен Кыргызстандын  өспүрүмдөр курама командасы барган. Жыйынтыгында курама командабыз биринчи орунду жещип алды. Группасында үч оюн ойноп, баарын уткан өспүрүмдөр жарым финалда “Актөбө” командасын 3:1 менен утуп финалга чыккан. Финалда “Шахтер” командасынын алты амалын түгөтүп жеңип алды. Азаматтар!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: