Кыргыз оппозициясынын өңү Уран (Азия) Ботобековдун өңүндөйбү?

12.03.2016 | Аналитика

Уран Ботобеков

Саясатта кызык көп. «Элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин кызык­чылыгы үчүн күрө­шүп атабыз» деп көкүрөктөрүн кой­гулаган көптөгөн саясатчылардын артын­да чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгы тура­рын мурда терең билбе­сек да, азыноолак маалыматтар бар эле. Маселен, АКШнын кызыкчылыгын ачык эле колдоого алып келген саясатчыларыбызды коомчулук жакшы билет. Азыркы тапта оппозиция жээгинде жүргөн саясатчылардын бардыгы «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара албай» келатышканы белгилүү. Себеби, ар биринин өзүнүн асмандын башына чыга качкан амбициялары бар. Мындан тышкары, алардын айрымдарынын артында ар башка мамлекеттердин кызыкчылыгы турат окшобойбу? Кепти мына ушул өңүттөн улайлы.

 

Ботобековдун таржымалынан «сүйрүприз» же Түркияга качуунун сыры…

Жакында эле өзүнүн маалымат булактарынын бирине билдирген жалган пикирине жооп бере албай, сот аркылуу өзүнүн ак экендигин аныктоого акыбалы жетпеген Уран Ботобеков Түркияга качканын жар салды. Чындыгында коомчулук ушундай ойдо калды. «Уран Ботобеков ММК булактарынын бирине билдирген пикири үчүн куугунтук жеп атат» деген пиарды азыр ага караштуу маалымат булактары жасап аткандагы кербези. А бирок, анын Түркияга качуусунун сыры таптакыр башка себепке байланыштуу болушу мүмкүн экендиги жакында эле ачыкка чыкты. Ботобеков мырза Бакиевдин доорундагы президенттин кеңешчиси аттуу статуска жетишкенге чейин эле Акаев бийлигине да азыноолак «эмгек сиңирип» калган. Тактап айтсак, Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде 1-катчылык кызматты аркалаган. 1996-жылдан 1998-жылга чейин анын Түркиянын атайын кызматы үчүн агент кызматын аткарганын жакында эле Россия телеканалдарынын бири шардана кылды. Албетте, төмөндөгүдөй конкреттүү фактылар менен: Украинанын коопсуздук кызматы ошол эле өлкөдөгү Түркиянын улуттук чалгындоо уюмунунун резиденти (тыңчысы сыяктуу) Али Ферит Чиптин иш аракеттерин иликтөөгө алган оперативдүү иш чарасынын негизинде анын 1996-жылдан тарта 1998-жылга чейин Украинадагы Кыргызстандын элчилигинин 1-катчысы Уран Ботобеков менен бир нече жолу жолугушканын каттаган. Оперативдүү маалыматка ылайык, Али Ферит Чип Ботобеков менен өзүнүн автоунаасында, кыргыз дипломатынын үйүндө жана шаардын башка ылайыктуу аймактарында жолугушуп турган. Жалпы жонунан бир жарым жылдын ичинде 10-15 жолу жолугушуу болгон же болбосо айына бир жолу жолугушуп турушкан. Көбүнчө айдын башында жолугушкан. Алар телефон аркылуу сүйлөшкөндө кайсыл жерден жолугуша тургандарын айтышкан эмес, себеби телефон аркылуу аларды тыңдоого алышы мүмкүн экендигин Чип мырза эң сонун түшүнгөн. Ошентип, Чип мырзада Крымдагы социалдык-саясый кырдаалды, украин-орус мамилесиндеги маселелер, Кара деңиз флотундагы жана башка регионалдык аспектилерди мүнөздөгөн материалдардын пайда болушу Ботобеков менен жолугушуудан кийинки убактысына туура келген. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам Чип мырзага мындай документтерди кыргыз дипломаты берип турат деген версиянын пайда болушуна түрткү берген. Бул версия кийинчерээк Чип мырзада кыргыз-украин мамилелери тууралуу материалдар пайда болгондо ого бетер бекемделген. Ошентип, 1998-жылы А.Ф.Чип Түркияга шашылыш иш сапары менен кетип, анын ордуна убактылуу Фахретдин Саид аттуу Түркия жараны келген. Аны менен да Ботобеков бир нече жолугушууларды жасайт. Ошондой эле Ф.Саид Ботобековго Украина боюнча социалдык-саясый мүнөздөгү аналитикалык маалымат даярдоону тапшырат. Ботобеков буга макулдугун берет. Ошол эле учурда Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан Ботобековдун Украианага келгенге чейин эле Түркиянын атайын кызматына байланып калганын аныктаган материалдары табылат. Ошентип, Түркиянын атайын кызматына өтөгөн «ак кызматы» үчүн ага «Азия» аттуу каймана ат да ыйгарылган. Баса, ушул жерден кошумчалай кетүүчү дагы бир жагдай – Ботобеков А.Ф.Чиптин ордуна келген (1998-жылдын август айында) Д. Читинский менен да эки жолу жолугушууга барган. Демек, Уран Ботобеков өзүнүн жаштык кезин толугу менен эле Түркиянын атайын кызматына тыңчы болуу менен өткөргөн десек болот.

Эми минтип жылкы теппей, жылан чакпай эле өз мекенинен качып, Түркияга барып отурат. Аны Кыргызстанда куугунтукка алган деле эч ким жок болчу. Кыязы, анын Украина элчилигинде иштеп жүргөндөгү «маалымат саткыч» ишмердүүлүгү ачыкка чыгып калаарын жон териси менен сезген окшойт. Өз өлкөсүнүн жана башка мамлекеттерге тиешелүү жашыруун маалыматтарды саткан киши өз элине, мамлекетине жакшылык жасайбы? Муну карапайым элибиз билсе, анда Ботобеков экинчи мекенине келбей тургандай кылып боздотпойбу, ыя?..

 

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:

“Ботобековдун бул аракети кылмыш болуп саналат”

— Токтогул мырза, Россия телеканалдарынын бири оппозициячыл Уран Ботобековдун 1996-1998-жылдары Украина элчилигинде 1-катчы болуп туруп, Түркиянын атайын кызматына жашыруун түрдө эл аралык мамилелер тууралуу документтерди берип келгени тууралуу маалыматын жарыялады. Буга эми кандай чара көрүш керек деп эсептейсиз?

— Бир четинен бул иштин балким мөөнөтү да өтүп кетсе керек. Бирок, анын Украинадагы Кыргызстандын элчилигинде иштеп туруп Түркиянын атайын кызматына керектүү документтерди берип турганы мамлекеттик кылмыш болуп саналат. Андыктан мындан жаңы кырдаалды таап чыгып, маселени кайра козгоп, Ботобековду камакка алууга да болот. Ошол Россия телеканалынын берген сюжетинде Ботобековдун Кара деңиз флотунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу документтерди чогултуп берип атканы көрсөтүлдү. Демек, анын бул видео боюнча алганда күнөөсү бар экен. Бирок, буга биздин укук коргоо органдарыбыз кандай реакция жасайт, өзүнчө кеп.

— Башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды берип келген адам өз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн иштейт деп ишенсек болобу?

— Биздин мамлекетте негизи жашыруун деле аскердик сыр калбады. Бирок, бул жерде кеп Ботобековдун Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде иштеп туруп Түркиянын атайын кызматына маалыматтарды жашыруун берип турганы тууралуу болуп атат. Биринчиден, анын кылганы мамлекеттик кызматкердин милдетинен аша чаап кеткенин көрсөтүп турат. Экинчиден, жалпы ЖККУнун аскердик күчүнө зыян келтирди десе да болот. Эми буга биздин Башкы прокуратура кандай көңүл бурат, көрө жатарбыз. Ушул жерден дагы бир айта кетүүчү жагдай, эми оппозиция Ботобековго атайын саясый басым жасалып атат деп чыгат.

Мурат Мусакеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: