Кыргыз элинин тамак-ашынын туу чокусу — кыргыз озолоңун билесизби?

18.03.2016 | Коом

ОзолоңМен унутулуп бара жаткан  кыргыз тамак-ашынын ден соолукка пайдалуулугу, жагымдуулугу жөнүндө ой бөлүшсөм деген ойдомун. Себеби, Айкөл Манас атабыздан берки бардык кыргыздын кыйындарын    даңазалаганда, биз алардын эмгегин айтабыз дале, алардын ичкен тамак-ашын,  турмушун унуткарып келебиз.  Мисалы, Манас атабыз    Бээжинге чоң Казатка аттанганда курсагын тойгузуп алып чыкса керек деп   ойлойм. Алар эмне тамак-аш ичишкенин билип коюу биз үчүн балким,    кызыктуу, нары пайдалуу болуп жүрбөсүн. Ошондуктан, кыргыз элинин тамак-ашынын дайыма туу чокусу болуп жүргөн кыргыз Озолоңу жөнүндө маек кургум   келди. Менин эсимде бала кезимден бери ажайып бир көрүнүш сакталып калды.  Совет мезгили эле анда. Жайдары жашоо, адамдардын бири-бирине болгон    байкерчилик мамилелери. Эртеңкиден кабатыр болбогон жашоо жүрүп турчу. Эл    жыл сайын кышында кышкы согум союшаар эле. Дээрлик көпчүлүгү согум этке     кыргыз озолоңунан сээп, ал чөптүн аты озолоң экенин карыялардан уктум эле,     көкүрөгүмө жатталып калыптыр. Бирок, анын мазмунун териштирбей калган  экемин, узун сарыга чейин деп,   “маканды” — этти союлган бодо малдын    терисине ороп коюшчу. Анан жаз келгенде казан-казан согум этин жешээр эле.    Эми андагы эттин даамына дүйнөдөгү бир да эттин даамы тең келе алчу эмес.  Жылдар өтө берди, заман өзгөрүлө берди, мен ал согум этинин даамын унутпай    сактап  жүрдүм. Себеби, бул сезимим ата- энемди сагынган, алардын колунан    дагы эле даам таткым келе берген сезим го деп жоруп койдум. Экинчи жагынан    ушундай даамдуу согум этинин жок болуп бара жаткандыгына ичим ачыша берчү.   Акыры жагымдуу сезимди унута албаган курган жаным озолоң чөбүн издеп таап, изилдөөгө батындым. Өзүм илимий кызматкер болбогон күндө да ушул    жагымдуу даамы менен жыты бар озолоң себилген согум этин кыргыз үй- бүлөсүнүн дасторконуна кайтарып бергим келе берди. Ошентип Бишкектин   китепканаларынан, чар тараптагы карыя аксакалдардын кеп-сөзүнөн изилдөө    жүргүзө баштадым. Изилдөөмдүн жүрүшүндө абдан жагымдуу маанайга туш   келдим.

Кеп башынан болсун үчүн талыкпай кеп салып берейин. Чындыгында     кыргыз элинин улуттук тамак-аштары өтө жогорку деңгээлде изилденген эмес. Өткөн кылымдын 40-60-жылдарында бир катар окумуштуулар кыргыз тамак-ашын изилдеп көрүшкөн экен.

Маселен, Бөрүбаев Таштанкул кыргыз тамак-ашынын жасалыш ыкмасын    изилдеген болсо, И.В. Выходцев менен Е.В.Никитина тамак- ашка кошулуучу     жапайы даам берүүчү чөптөрдү изилдеген. Ал эми Г. Боссэ витамин берүүчү   чөптөрдү айтып бергенге жараган болсо,  В.Тагаева Совет мезгилинен берки эле    тамак-ашты кооздоп сүрөткө тартып, англис тилине которуп койгон. Бул багытта   аракет кылган башка адамдар деле ушундай деңгээлде болушкан.

Ал эми кыргыз тамак-ашынын туу чокусунда турган “Кыргыз    озолоңунун” кайталангыс даамынын сырын жана адам ден соолугуна тийгизген   дарылык касиетин,  анын биологиялык, химиялык составын, ошондой эле      тарыхый өзгөчөлүгүн Кыргызстанда эч ким изилдеген эмес. Бир гана орус    окумуштуусу  В.Махлаюк бул касиеттүү чөптүн дарылык дараметин изилдеп…

(Уландысы кийинки санда)

Орунбек ЖААНБАЕВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: