Кыргыз циркинин алтын доору

08.04.2016 | Коом

11-декабрь, 2015-жылы кыргыздын сол канатынын кытай уруусунан чыккан биздин сүйүктүү атабыз, агабыз, бир боорубуз, Жети-Өгүз районунун Кытай айылынын белдүү кулуну Изибаев Абубакирдин (Абакир) ысымы Кыргыз мамлекеттик циркине ыйгарылды. Бул күндү биз, айылдаш туугандары көп жылдан бери чыдамсыздык менен күтүп келдик эле. Агабыз көп жылы маданият тармагында үзүрлүү эмгектенип, 1968-жылдан баштап кыргыз циркин жетектеп, кийин 1976-жылы цирктин жаңы имаратын курууда чуркап, өз мээнети менен тер агызып жүрүп курулушун бүтүрүп, албан эмгек өтөдү, башкача айтканда 14 жыл кыргыз циркинде жетектеди. Мен агабыздын жеке адамдык сапатына токтолоюн дедим. Себеби, менин жолдошум Дыйканбаев Турдубек Шерипович да ушул агабыздын жанында жүрүп, тарбиясын алган кеменгер адам эле. Турдубек менен Абакир абамдын чоң аталары бир тууган болушат. Турдубектин эскерүүсү:

«Мен 11-классты Жети-Өгүз районунун азыркы Балтабай айылынан бүтүп Фрунзеге окууга тапшырганы барып калдым. Абамдыкына түшүп окууга тапшырганы келгенимди айттым. Абам бир азга карап туруп, макул, ойлонолу деп койду. 2-3 күн өтүп эле: — Жүрү, мени менен — деп кара Волгасына салып жөнөп калды. Бир жерге келдик, сен коө тур деп өзү ичкери кирип кетти. Бир маалда кир, сени азыр комиссия кабыл алат, эмне жаса десе ошонун баарын жакшы аткар, -деди.

Бөлмөгө кирсем жайнаган кишилер отурушуптур, арасында Муратбек Рыскулов ж.б. маданияттын дөө-шаалары отурганын көрүп жүрөгүм алып-учуп чыкты. Жалдырап эле аларды карайм.

— Балам, кайдан келдиң ? — деди Муратбек Рыскулов.
— Жети-Өгүздүн Комсомол айылынан, — дедим шашып. Ал кезде айылыбыздын аты Комсомол эле.
— Жакшы, балам, ырдай аласыңбы? — деди. Оозума келген бир ырды ырдай салдым.
— Кана, эми бизге ат чапканды, отун жарганды көрсөтүп берчи, — деди да музыканы коюп коюшту. Иши кылып бөлмөнү тегеренип ат чаап, отун жарганды көрсөттүм. Күлүп эле калышты. Абам үйгө 3-4 сааттан кийин келди.
— Сен окууга өттүң, эми Ленинграддын театралдык институтунан окуйсуң,-деди.

Эмне деп жооп айтарымды билбейм, барбайм десем урушканы турат. Ары ойлоном, бери ойлоном, Фрунзеден дүкөндөн нан сураганды билбейм -Ленинградга барып адашып кетсем кантем деп жүрөкзада болуп кыйнала бердим.

Бир күнү чымырканып туруп абам түшкү тамакка келгенде:
— Аба, мен Ленинградга барбайм, аяктан окубайм, университеттин тарых факультетине эле тапшырайынчы, — дедим. Абам ачууланып кыйкырып жиберди:
— Ой, сен кандай немесиң ыя, түшүнбөгөн, аяка баралбай жүргөн канча бала бар, сен жаман артист болсоң да бүт Кыргызстан тааныйт, мугалим болсоң сени ким таанымак эле,- деди. Менин муюбасымды билди окшойт, иниси Керимбаев Шаршенге чалды. Ал убакта Шаршен абам Элге билим берүү министрлигинде жогорку жана орто билим окуу жайлар башкармалыгынын начальниги кызматында эле. КМУнун тарых факультетине тапшырып конкурстан кулап калдым. Кийинки жылы өтүп кеттим, университетти жакшы бүтүрдүм. Жатаканада жатам, 6-күн бат эле келсе деп тилейм, абамдыкына барып курсакты тойгозуп келейин деп. Ал убакта абам Акиш жеңем менен жашачу. Жеңем абдан адамгерчиликтүү, абама жакшы караган, тамакты түрлөнтө жасаган аялдын мыктысы эле. Түштө дайыма ысык тамагын жасап абама телефон чалчу, абам күрүчтү жаман көрөөр эле, кесме тамакты жактырчу. Жеңем абамын аманчылыгын тилеп жүрүп өзү оорудан жаш эле дүйнө салды. Экөө 20 жылдан ашык бирге өмүр сүрүшүп Гүлназ кызын тарбиялап турмушка узатышты, ырыска шерик ынтымактуу үй-бүлө күтүп бактылуу жашашты.

Ушул цирктин ачылышында Данияр Исановдун авторлугу аркасында «Изи өчпөгөн Изибаев», жарымы «Гордимся! Чтим! Помним!» деген орус жана кыргыз тилинде жазылган китеби жарык көрдү. Бул китепти окуп алып абамдын баскан-турганы, бизге кылган мамилеси көз алдыма тартылып китепке сүңгүп кирип көзүмөн жаш токтобой көпкө ыйладым. Ооба! Бул ый бир чети кусалыктын, бир чети кубанычтын ыйы эле.

Турдубек КМУнун тарых факультетин ийгиликтүү аяктап, Түп районунун бир канча мектептеринде директорлук кызматты 38 жыл аркалады. 1994-жылдан өмүрүнүн аягына чейин кичи мекени Кытай айылында 16 жыл мектепте директор болуп үзүрлүү эмгектенди. 2010-жылы жол кырсыгынан каза болду. Айыл элинин, мугалимдер коллективинин, окуучулардын кайрылуусунун негизинде каза болгондон 23 күндөн кийин айылыбыздын мектеби, мурда Токтогул Сатылганов эле, «Дыйканбаев Турдубек Шерипович атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби» наамын алды. Кичинекей айылыбыздан чыккан «ата-баланын» аты, фамилиясы керектүү документтерге мөөр (печаты) басылып туш-тарапка жөнөп жаткан учуру. Турдубектин аты мектепке ыйгарылгандан кийин мемориалдык музейин ачып, өзү үлгүрүп жаза албай кеткен «Айылым деп соккон жүрөктөр», «Бир өмүрдүн сабагы» деген эки китебин элге тартууладым. Абакир абам 65, Турдубек 63 пайгамбар жашында бизден бөлүнүштү. Мүнөздөрү, баскан-тургандары, жан дүйнөлөрү мыкты сапаттарга ширелген, кызматкер катары экөө тең интеллекти терең, жаны бир мүнөткө тынбаган чыгармачылыгы күчтүү адамдар экендиги алардын аркасында басып өткөн турмуш жолунда ташка тамга баскандай из калтырды.

Айгүл САДЫРОВА,
Ысык-Көл облусу


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: