Кылым «аферасы» «Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгына качан иштейт?! (уландысы)

алтын

(Башы өткөн санда)

Жээрин жеп, пайдаланарын пайдаланып алгандан кийин «Камэко» өзүнүн «Центеррадагы» бардык акцияларын жүздөгөн миллион долларларга пулдап жиберген. «Кумтөрдүн» дарегине карата кандайдыр бир сын пикирлер айтыла калса эле, аталган компания тараптан «Биз баланча суммада салык төлөп атабыз, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна баланча акча которуп атабыз, түкүнчө кыргызстандык бизде иштеп жакшы маяна алып атышат, дагы бир топ жеке ишкерлер бизге продукцияларын сатып байып атышат» деп эле кыйкырып чыгышчу болду. Суроо туулат – неге буларды айтып милдет кылып атышат? Же башка ишканалар салык төлөбөй атыптырбы? Же башка ишканаларда жумушчулар бекер иштеп атыптырбы? Кызык эле…

Мындан 2-3 айча мурун «Кумтөрдө» иштеген кыргызстандыктар айлык акыларын 50%га жогорулатуу талабын коюп чыгышкан. Ошондо аталган ишкананын жетекчилиги: «Биз ансыз да кыйналып жатсак, минтип айлык акыны көтөр дегениңер туура эмес да» — дегендей кыйытты эле. Туура, Кыргызстандын шартында бул ишканада иштеген мекендештерибиз дурус эле айлык акы алышат. Бирок, ошол эле учурда аталган ишканада иштеген чет өлкөлүк жарандар эмнеге 3-4 эсе көбүрөөк айлык акы алып келишет? Кыргызда «жаман үйдү коногу бийлейт» деген сөз бар. Тескерисинче, байлыктын ээси биз болгондон кийин кыргызстандык жумушчулардын айлык акысы салыштырмалуу көбүрөөк болушу керек эмес беле? Андыктан бизде «Кумтөр» компаниясынын, «Центерранын» жетекчилигине бере турган сурообуз бар, жашыруун болбосо компанияда иштеген чет элдик кызматкерлер, жумушчулар канчадан айлык акы алышат? Суммасын конкреттүү көрсөтүп коёсуздарбы? Анан дагы алардын айлык акысы эмне себептен кыргызстандык жумушчулардын айлык акысынан алдаканча көп? Ал жерде негизги күчтү жумушчулар берет. Зыяндуулук дагы ошол катардагы жумушчуларга көбүрөөк тиешелүү. Анан неге алардын айлык акысы салыштырмалуу аз?

 

«Кумтөрдүн» чыгашалары көбүртүлбөйбү?

«Камэконун» өкүлдөрү компаниянын чыгымдарын атайылап көбүртүп жазып, кирешени азайтып көрсөтүп келишкен. Андан сырткары, дээрлик 10 жыл бою салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулганын кантели? Кыргыз элинде, коомчулукта компаниянын жетекчилигине бере турган дагы бир олуттуу суроосу бар. Сиздер компанияга керектүү жабдууларды, техникаларды, азык-түлүктөрдү, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды, кийим-кечектерди жана башка муктаждыктарды сатып алууда неге базар баасынан бир топ кымбат баада сатып аласыздар? Же документ жүзүндө гана кымбат баада көрсөтүп коесуздарбы? Азыркы тапта кыргыз коомчулугу сиздер чет өлкөлөрдөн сатып алып жаткан муктаждыктарыңыздарга эмнелер кирээрин жана аларды кандай баада сатып алып жатканыңыздарды билгиси келет. Эгерде, «биз ачык-айкын иштейбиз, кыргызстандыктардан жашыра турган эч нерсебиз жок» десеңиздер, чет өлкөдөн сатып алып жаткан бардык муктаждыктарыңыздардын аталыштарын жана баасын ачык жарыя кылыңыздар. Анан биз аларды базар баасы менен салыштырып көрөбүз.

 

Эмнеге «Центерранын» Директорлор кеңешинде Кыргызстандын үч эле өкүлү бар?

«Центерранын» 33% акциясынын ээси Кыргызстан. Ал эми анын жалпы кирешесинин 92%ын түзүп турган «Кумтөр» экендиги 2011-жылы анык болгон. Ошондо «Центерранын» 92% кирешесин түзүп туруп, болгону 33% үлүшкө ээ болуп жатканыбыз туура болобу? Албетте, туура эмес. Эмнеге муну жанагыл «эксперт чалыштар» эске алышпайт? Бул бир жагы. Экинчи жагынан 33% үлүшкө ээ Кыргызстан «Центерранын» эң чоң акционери. Бирок, эмне үчүн «Центерранын» Директорлор кеңешинде Кыргызстандын болгону үч эле өкүлү отурат? 33% деген бул 100%дын үчтөн бир бөлүгү. Ошондо «Центеррада» Директорлор кеңешинде канча мүчө болсо, ошонун үчтөн бир бөлүгү Кыргызстандын шыбагасына тийиш керек эле. Буга урматтуу «Центерра» жетекчилиги эмне дейт?..

 

«Кумтөр» жалданма «эксперттерди» канчага жалдайт?

Акыркы 5-6 жылдан бери карай маалымат булактарында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн мактап-жактаган, канадалык инвесторлорду аз эле жерден Кыргызстандын экономикасын сактап туруучулар деп атап жибергиси келген «эксперттер» пайда болду. Алар «Кумтөр» компаниясынын экологияга тийгизип аткан таасири тууралуу, Кыргызстан алтын кенинен өз деңгээлинде пайда көрбөй жаткандыгы тууралуу кайсы бир саясатчы өз пикирин билдирсе эле, «булар кыргыздын душмандары, булар тоо-кен тармагын түшүнбөйт» деп баса калышат. Чындыгында ким кыргыз элинин байлыгын алдоо жолу менен байкатпай тоноп атканын айткылары келбейт. Суроо – ушундай «эксперттер» «Кумтөрдөн» канча акча алышат?

Мурат  МУСАКЕЕВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: