Кылмыш жазасынан кутулуунун бир жолу – президенттикке талапкер болуубу?

17.07.2017 | Саясат

depositphotos_40180103-stock-photo-parrot-behind-a-lattice

Тээ 2011-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин саны 80ден ашып дүйнө элин бир таң калтырып алдык эле. Эми бул жолку президенттик шайлоодо талапкерлердин саны 80ге жетпесе да, башка жагынан өзгөчөлөнчүдөй болуп калды. Башкача айтканда бүгүнкү күндө президенттикке талапкерлигин коюуну чечип, БШКга кайрылгандардын арасында мойнунда кылмыш иштери барлардын чыгып атканы болууда. Болгондо да алардын саны улам өсүп баратат. Мындай тенденция келечектеги шайлоочулардын көпчүлүгүн нааразы кылып атканын айтпай кетүүгө болбойт.

Өткөн аптанын ишемби күнү, 15-июльда КСДП өзүнүн кезектеги курултайын өткөрүп, анда президенттикке талапкер катары учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көргөздү. Баарынан кызыгы дал эле ошол күнү Борбордук шайлоо комиссиясына Шерикул уулу Мирлан аттуу жаран президенттикке талапкерлигин көрсөткөн арызын берген экен.

Ал өзүн өзү көрсөтүү жолу менен документтерин тапшырган. Анысына эч ким эч нерсе дебейт эле, бирок анын КР Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүгү («Сатып өткөрүү максатында наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактоо, даярдоо, ташуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран экени кызык болууда.

Мына ушуну менен мамлекеттеги эң жогорку кызматка талапкер болуп аткандардын тизмесинде түрдүү укук бузуулар үчүн соттолгон же соттолуучу болуп саналгандардан бешөө болуп калды. Эки талапкер – Ө. Текебаев менен С. Жапаров соттолуучулар болуп саналат, болгондо да алар өтө оор кылмыштар боюнча айыпталууда. Дагы экөө – И. Трофимов менен  – камакта жайгашкан, алар дагы түрдүү кылмыштарды жасаганы үчүн айыпталып отурушат.

Мындай көрүнүшүтү биринчилерден болуп баштаганы үчүн Текебаевге «ыраазычылык» билдирип койсокпу деп турубуз. Анын адвокаттары жана өзү президенттикке талапкерлигин коюп, анан талапкердин кол тийбестигине ээ болуу үчүн сот процессин атайылап создуктуруп келишкен.

Анан Текебаевдин мындай «тактикасы» башка кылмышка айыпталып жаткандарга майдай жагып калып атпайбы. Мындай адамдардын шайлоого катышып атканын, сууга чөгүп бараткан адамдын бир тал саманды кармап алып, ошонун жардамы менен суудан чыгып кетүү аракетин жасаганына гана окшошуп турат. Алар өздөрү деле шайлоодон жеңишке жетмек тургай, жалпы элдин 1% да добушун ала алышпай турганын эң сонун билип турушат.

Бирок, мындай тенденция – кылмыш жоопкерчилигинен президенттикке талапкерлигин коюу аркылуу кутулуп кетүүгө аракет жасоо – мамлекет үчүн, саясый маданият үчүн тер таасирин тийгизбей койбойт. Соттолуучулардын, тергөө абагында отургандардын шайлоого талапкер катары катышуусу мамлекет башчысын шайлоо сыяктуу маанилүү саясый окуяга ордуна келгис сокку жасашы мүмкүн. Албетте, Конституцияга, күнөөсүздүк жоромолуна таянса болот, муну ансыз деле аталган талапкерлер колдонот. Бирок…

Биринчиден, бул тенденция күчөп кетсе, анда кийинки президенттик шайлоодо кылмышка шектүү же айыпталуучу талапкерлердин саны дагы арбып кетиши мүмкүн.

Экинчиден, мындай адамдардын шайлоого талапкер болушу олуттуу саясый иш-чараны «бал-маскарадка» окшоштуруп салышы да мүмкүн. Эртең эле куудулдар муну интермедияга айлантып чыгаары турган иш.

Ошентип кылмышка шектүү талапкерлердин пайда болушу менен президенттик шайлоо тамашага айланып, акырындык менен бул шайлоодо добуш берүүчү шайлоочулардын саны да кескин кыскарып кетиши мүмкүн. Андыктан мыйзам чыгаруучулар, юристтер бул багытта кандайдыр бир нормаларды сунуштоолору керек окшойт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: