Домой Ден-соолук Кыл тамырчы Күлүйпа Жумабекова миң ооруга даба болчу эликсир ойлоп тапты

Кыл тамырчы Күлүйпа Жумабекова миң ооруга даба болчу эликсир ойлоп тапты

24

Тамырдын согушунан, алакандан, каректен ракты аныктаган Күлүйпа эже бүгүн канды тазалаган эликсир менен элди дарылап, кандан жабыркагандарга жардам бере баштады. Бүгүн кыргыздын дарылык касиети күчтүү чөптөрүнөн дары жасап, адамдардын алкоосуна татыган Күлүйпа Жумабекова менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

 -Күлүйпа эже, сиз жасап, элди сакайтып жаткан эликсирдин курамы кандай? Ал кандай дарттан кабылгандарга жардам берет?

 -Бул бир канча чөптөрдүн жана дарылык касиети күчтүү тамырлардын кошулмасынан жазалат. Бул эликсир канды тазалоодо миндин бири деп айтсам болот. Анткени, кан тазаланса, адамдын ден соолугу чың болот. Бырыштары кетип, териси жаман дарттардан алыс болот. Бул эликсирди ичип көргөндөр, беттин булчуң эттерине чейин таасири тийип, бырыштарды  жок кылаарын, дарылык касиети күчтүү экенин айтып, жакшы бааларын  берип жатышат.

-Сиз жасаган эликсир кандай дарттарды жок кылууга багытталып жасалат?

-Жалпы жонунан кан оорудан жабыркагандарга жардам берет. Ошондой эле боор ооруудан, бөйрөк ооруудан жабыркап, дартына даба таппай жүргөндөр ичсе болот. Бул эликсир канды эле эмес, ички органдардын баарын тазалайт. Ал турсун жоон ичегини тазалап, андагы инфекцияны, суук тийгендин баарын кетирет. Геморройдон арылтат. Жатынды тазалайт. Кыскасы, бир канча жанды кыйнаган дартка даба болот.

Боор, бөйрөк алмаштырыш керек дегендерге жардам береби?

-Алгач андай адамдардын абалын көрүшүм керек. Канчанчы стадияга жеткенин билишим керек. Анан ичсе болоор, болбосун айтам. Негизи көпчүлүгүнө жардам берерине ишенем. Анткени, кан тазаланса эле, боордун, бөйрөктүн иштеши жакшырат.   Көптөр ойлойт. Боорду, бөйрөктү алмаштырып алсак эле өмүрүбүз узарат, жанды кыйнаган дарттан арылам деп. Бир канча миң долларларын коротуп, чет мамлекетке барышат. Көп учурда өздөрү күткөндөй жыйынтык алалбай калышат. Анткени, боорду алмаштырса эле маселе чечилип кетпейт. Канды тазаламайын, адам 100 пайыз дарттан арылбайт. Мен чөптөрдүн жана өзүм тамырлардын кошулмасынан жасалган эликсир аркылуу канды тазалап, анан боор, бөйрөктүн иштешин жакшыртам. Кан тазаланса, ракка чалдыгып бараткан органдардын иштөөсү жакшырып, чоңоюп, өсүп бараткан шишиктер кичирейип, өспөй калат. Тагыраагы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан шишиктер өспөй калат.

Азыр анар, кал, меңди алдырышат. Бирок, ошол эле учурда алдырган жерлери сезгенип калып, ал жери жаман дартка чаап кеткен учурлар арбын. Бул эликсирди ичсе, адамдын каны тазаланып, чоңоюп бараткан анар да, меңда, кал да кичирейет.

Эмчек эмгизген аялдар ичсе болобу?

-Эмчек эмгизген аялдар ичсе, сүттүн курамы бузулуп, сүт көк сууга айланып калат экен. Ошон үчүн эмчек эмгизген аялдарга сунуштабайм.

Канды тазалаарына кепилдик барбы?

-Бар десем жаңылышпайм. Анткени, менден дарыланып жүргөн адамдардын көбү  анализ тапшырганда каныңыз жаш баланын  канындай экен деп таңгалгандарын айтып келишти. Демек, мен жасаган эликсир жаман дарттарды жеңүүгө да салым кошуп, адам өмүрүн узартарына ишенем.  Бул эликсир канды халестиринден дагы тазалайт. Кан тазаланганда бет агарат, ич органдардын иштөөсү жакшырат. Кан тамырлар тазаланып, муну ичкен киши тромб деген балээге жолукпайт. Жылына бир курс ичип койсо, ашыкча салмакдан да арылат.

Аны канча өлчөмдө жана кайсыл маалда ичет?

-Эртең менен кечинде бир чоң кашык менен ичип, артынан жылуу сүт же жылуу суу ичип коёт. Бул эликсир ичип бүткөндөн кийин да 2-3 айга чейин эффект берет.

Алина Айдаркулова:

“10 айлап айыкпаган геморройдон айыктым”

Эжеге келип, эликсирин алгыча 10 ай бою геморройдон жабыркадым. Төрөттөн кыйналганымдан дагы геморрой мени эселеп кыйнады. Кулагым угуп, көзүм көргөндүн баарын жасадым. Бири да жетишерлик жардам берген жок. Кудай жалгап эжеге жолугуп калып, геморройдон кутулдум. Каным тазаланып, бетим агара баштады. Ал турсун арыктаганымды байкалды. Өзүмдү жеңил сезип, этекирим келгенде дагы белим оорубай калды.

Ариет Айтыкулова:

“Баш, боор, өт оорудан кутулдум”

-Этекирим келгенде бүк түшүп, ооруганына чыдабай жатып калчумун. Белим талып, абдан кыйналчумун. Күлүйпа эженин эликсирин ичип, андай балээден кутулдум. Белим оорубай калды. Ашыкча баш оорум, боорум, өтүм да оорубай калды.

Канимет Жапаркулова:

“Денеге чыккан жагымсыз жаралардан арылып, арыктадым”

-Бир канча миң сомго кочуштап дары ичсем да мынчалык эффект алган эмесмин. Эженин эликсирине ыраазымын. Бир курс ичтим, чоң жыйынтык алдым. Арыктадым,  денеме чыккан  кыжаалат кылган, жагымсыз жаралардан арылдым.

P/S Күлүйпа эжеге көрүнүүнү каалагандар болсо, 0707 856940 телефонуна байланышса болот.