Домой Саясат Күз. Өкмөт. Парламент. Камакка алуу.

Күз. Өкмөт. Парламент. Камакка алуу.

22

Мына минтип топ тептик, топтой болуп биз жеттик, — ​дегендей ошентип күз да келди. Эс алуудагы парламент кыймылга келип ишин баштады. Элдин жемесине калган өкмөт деле кылдыраган арабасын айдап келатат. Бул эми күтүлгөн эле көрүнүш. Ошентсе да саясий айдыңда кыйла “омоктуу” жаңылыктар болуп кеткенин баамдоого чамабыз жетпей калды. Ушунчалык тездик менен ооз ачырган окуялар менен күндөр коштолду. Оболу көптөн бери эркиндикте жүргөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармашып, темир тор артына киргизишти. Андан соң кайкып, качып жүргөн Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтты. Удаалаш эле камактагы Өмүрбек Текебаев үй камагына бошотулду.

Тилекке каршы кырман кызылга карк толдубу, кышка даярдык кандай, жылаңайлаккка өтүк, жылаңачка тон, кембагалга нанды жетиштүү камдай алдыкпы-деген суроого жоопту уга элекпиз. Ага караганда эмки шайлоого кайсыл байлар катуу даярдык көрүп жатат, кимдин тоюнда мал көп союлуп, устукан кенен тартылды, камакка дагы кимдердин кезеги жетти-деген суроолор менен алек болгон кезибиз. Оозу менен орок оргондордун эле жетегинде калганыбызга деле кабагым-кашым дебей жашообузду өткөргөнүбүзгө каниет кылганга көнүп бүттүк. Саясат өзү менен кетсин, ал эми карапайым калкка болгону бейпилдик, токчулук, ынтымак-ырашкердик ыроолосо эсеп. Оболу элдин ортосунда биримдик орносун! Бийлик менен байлыкты талашмай, басып алмайлар, тирештер ушуга чейин болуп келген, мындан ары карай деле ал өнөкөт оору токтобойт.

Булак: Ачык сөз