Домой Саясат Курсан Асанов суракта

Курсан Асанов суракта

39

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, генерал-майор учурда сурак берип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча козголгон.Белгилей кетсек, Асанов кечээ кызматынан алынган. Ага «кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти» деген кине коюлган. Кийинчерээк Асанов кайсы аракеттери үчүн иштен кетирилгенин тактап, маалымат тараткан.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.