Күрөөнүн чеги дале болсо төмөнбү?

 

photo_28983

Ажолукка талапкер болчулардын күрөөсү буга чейин жүз миң сом болгонун билебиз. Ошондо төрт кунажыны, бир трактири бар фермер Өмүрбек Бөлтүрүков деле  ажо болом деп ары-бери салабаттуу баскан.  Борончу, Жамбыл сыяктуу куудулдар концертин бере салып, акча таап  талапкер болушкан. Буларга караганда ошондо Турсунбай, Турсунбектер кол жеткис талапкер катары эсептелчү. Албетте, ал кезде жаңыдан телчигип демократияга сугарылып келаткан карапайым элдин сезиминде  и-ии замандын талабы ушундай турбайбы деген түшүнүк бар эле.

Буйруса,  мамлекетте өсүш бар. Маселен мурдагы күрөөнүн чеги алынып, эми бир миллион сомду төлөгөндөр гана талапкер боло алат. Тилекке каршы  талапкерлердин саны кыскарбайт окшойт. Анткени  президенттик тактыны каалагандардын саны ондон ашып кетти. Дагы талапкер болчулар кезекте турушат.  Миллионду 20 сомдон чогултсам деле  күрөөдөн кутулам деген пикирин Назарбек Нышанов жашырган деле жок. Ал эми Рита Карасартованын элден көксөгөнү  200 сомдон кем болбосун маалыматтан билдик.  Анчалык капчыгы калың болбогондор деле тууган-туушкандарынан, куда-сөөктөрдөн, жарма достордон  жардам күтөөрү талашсыз.  Кыргыздын канында бар эмеспи “кыйын кезде” көрүнүү деген сапат. Анын сыңарындай кээ бирлер кадырынын канчалык экенин тастыктагысы келгендей түрдө талапкер болушат экен. Антсе да Чубак ажынын айтканы туурадай сезилет. Чамасы кийинки шайлоодо күрөөнүн көрсөткүчү он миллионду түзөөрү шексиз. Ошондо катын, бала-чакасын бага албагандар ажолук шайлоого мурдун сала алышпай калат. Атаганат, азыркы шайлоодо деле ушул күрөөнү мыйзамга киргизсек абдан акыйкат болмок тура. Мейли, эмкиде күрөөнү он миллионго жеткиребиз.

 

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: