Кулай турган үйдө дагы эле кишилер жашап жатышат

06.03.2017 | Коом

Ош шаардык мамлекеттик архитектуралык курулуш башкармалыгы 2008-жылдын 1-январында атайын корутунду токуп, «Түштүк башкалаасынын Курманжан Датка көчөсүндөгү №264-көп кабаттуу үйдө адам жашоого таптакыр мүмкүн эмес!» деп тапкан. Ал түгүл мындагы жашоочуларды коопсуз жайларга дароо көчүрүп, аталган имаратты бүтүндөй жана токтоосуз бошотуу зарылдыгын дагы катуу кулак кагыш кылган. Тилекке каршы, Ош шаарынын мэриясы бул мыйзамдуу талапты эмдигиче аткарбай келатат.

Кулай турган үй

Жамила КАДЫРОВА, аталган үйдүн жашоочусу, кварталдык комитеттин төрагасынын жардамчысы:

— 2005-жылдан бери ушул Курманжан Датка көчөсүндөгү №264-үйдүн бир батиринде жан сактаймын. 2008-жылы, эсиңиздедир, Ош шаарында жер абдан катуу термелбедиби. Дал ошондо биздин көп кабаттуу үйүбүз дагы катуу чайпалып, ал түгүл дубалдары кыдырата жарылып, ар жагынан моминтип урап, жашоого таптакыр жараксыз кейипти кийген. Бул жөнүндө Ош шаарынын мамлекеттик архитектуралык курулуш башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дагы атайын корутундулары бар. Тилекке каршы, тиешелүү органдар кайдыгерликке салышып, эмдигиче тийиштүү чараларды көрбөй келатышат. Кокус дагы жер титиресе, кудай сактасын, үйүбүз биротоло кыйрайт. Адамдар дагы өлүшөт. Анда буга ким жооп берет, ыя?

 

Маматжума АЙДАРОВ, «Ош-четин» кондоминиумунун төрагасы:

— Мэрия айласы таптакыр куруганда Курманжан датка көчөсүндөгү №264-көп кабаттуу үйдү оңдоп-түзөөгө шаардын казынасынан 390 миң сом ажыраткан эле. Мунун 55 миң сомуна үйдүн сырткы келбетин косметикалык түрдө эптеп жымсалдап, калганын жашоочулардын ар бирине 10 миң сомдон бөлүп бергенбиз. Ал акчалар турак жайларынын ички келбетин гана чампалап жымсалдаганга араң жарады. Көрдүңөр го, ошентсек деле үйүбүз ушул тапта үйлөсө эле урагыдай болуп араң турат. Ремонт жасаган жерлерибиз кайрадан көчүп, моминтип жаракалары ого бетер кеңейе баштады.

 

Наташа ШАШИНОВА, пенсионер, аталган үйдүн жашоочусу:

— Чоңдорубуз ремонтубузга арзыбаган гана акча бөлүп, бизге жолугуп, бетме-бет сүйлөшкөндөн эмдигиче атайылап качып жүрүшөт. Ошондуктан, айлабыз таптакыр куруганда президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековго түз кайрылып, анан Бишкекке дейре атайылап барып, аларга бетме-бет жолугалы деп ниет кылып турабыз. Болбосо, жергиликтүү бийликтер биздин убалыбызды дегеле таптакыр ойлобой калышты.

 

Бүзайнап АБДЫЛДАБЕКОВА, үй комитетинин мурдагы төрайымы:

— Ушуга чыдаган жердештериме абдан чооң ыракмат! Болбосо, өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Дагы кокустук болсо, жооп бербейбиз!» деп катуу эскерткен. Азыр деле дагы кулак кагыш кылып жатышат. Менимче, Ош шаарынын жетекчилиги донор, же инвестор таап, ушул эле тегереккке өзүнчө көп кабаттуу үй курганы оң. Ал турак жай курулуп бүткүчө, азыркы жашоочуларды башка коопсуз жайга токтоосуз көчүрүүсү абзел! Ошондо өздөрү дагы ач кулактан, тынч кулак болушат.

Өлкөбүздүн түштүк башкалаасындагы урай турган акыбалдагы Курманжан датка көчөсүндөгү №264-көп кабаттуу үйдүн бүгүнкү тагдыры туурасында Ош шаардык бийлигине кайрылганыбызда, мэрдин биринчи орун басары Замирбек Аскаров буларга токтолду.

— Чындыгында, аталган үйдүн азыркы акыбалын беш колубуздай эле жатка билебиз, — деди Ош шаар мэринин биринчи орун басары Замирбек Аскаров. — Ал түгүл үй курууга өзүнчө инвестор дагы издеп тапканбыз. Курманжан Датка көчөсүндөгү №264-үйдү азыр байырлагандардын басымдуу көпчүлүгү — квартиранттар. Анан айрым батирлерди соода түйүндөрүнө дагы айлантып алышкан. «Беш-алты ай башка жакка чыгып, эптеп жашап тургула. үйүңөрдү куруп бүтүргөндө, анан кайрадан көчүп киресиңер» — десек, тигилер дагы эле көгөрүп үйдү бошотпой келатышат.  Ал түгүл аларлын айрымдары жаңыдан курула турган үйдөн өздөрүнө ылайыктуу бөлмөдөн тышкары дагы кошумча бөлмөлөрдү сурашып, аргабызды таптакыр түгөтүп бүтүштү, эй! Ушундан улам айрым үй куруучулурабыз дагы башка жактарга ооп кетип калышты. А биз мындай мыйзам бузууларга барбайбыз. Анткени, ар бир жоругубуз үчүн кийин-соң жооп берүүгө туура келет.

Алишер Самүдүн уулу


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: