Күкүмдөй алтын менен күн өткөргөндөр

11.03.2016 | Коом

Жыл жаңырганда жайы жашыл жамынып, карагай-арча жыттанган, кышы аппак болуп, кычыраган суук кулак-мурунду тызылдата чымчылаган туулган жерге барып келдим.

Суу жээгинде алтын чайкап жаткандарҮстүнө чуркасаң бутуң батып кетпеген калың кардын тоңуп турганы андагы сууктун алы-күчү экен көрсө. Аны кийин андан алыстап кеткенде билип жүрөм. Туулган айылыман — Нарын районунун Орток айылынан кеткениме 25 жылга жакындап калды. Азыр ага барып, андан чоң күч-кубат алган менен суугуна чыдабай, үйгө кире качам. Кыш чилдесин тоготпой дөбөчөлөрдөн чана тээп түшкөн көкмуштум кезимди эстесем, өзүмө таң калам.

Айыл сыртынан караганда, баягыдай эле көрүнөт. Башка жерлердегидей эки-үч кабат болуп курулуп кеткен деле үй жок. Өнүгүп-өсүп кеткенин да байкабадым. Болгону россиялыктар куруп беребиз деген ГЭСке арналып салынган айыл кошулган. Ал деле тымтырс. Сот залында акыркы чечимди күтүп жаткан кишидей көрүнөт.

Ыраматылык атам салып койгон үйдө азыр кичүү иним жашайт. Ошол үйдү салып жатканда, бир топ пландарын айтты эле, азыр ал деле аткарылып кетпейт. Ошол боюнча турат. Акылдуусунуп “аракет жасаса жакшы жашоого болот” деп жазып жүргөнүм менен, жаны тынбай жайды-жайлай, кышты-кыштай тынч жатпаган инимди карап, ичим ачыша аны аяган болом. Жайы мал багып, тоого кетип, күздө куураган чегедектерди сүйрөтүп отун камдай келет. Ара-чолодо айылга келе калып анча-мынча айдап алган жашылчасын сугарып, отоп да үлгүрөт. Бирок, байып кеткенин деле көргөнүм жок. Бар байлыгы беш баласы экенин билем. Орто малы, орто оокат-жайы бар дегендей. Быйыл ал дагы бир кошумча иш таап алыптыр. Суукка кайыккан өңүн көрүп, тишим бошоп жатат дегенин угуп жүрөк ооруй аны карайм. Айылыбыздын тургундары бир нече жылдан бери алтын чайкоону уюштуруп алышкан экен. 30 градустан ашкан суукта Нарын дайрасын кечип алтын чайкашарын уктум. Ушул мезгилде Чоң-Капчыгайда алтын чайкоого ылайыктуу учур дейт. Себеби, ушул маалда суу тартылып калат экен. Ошентсе да, суу алдында алтынды оңой эле ала койбос. Анын түмөн түйшүгү бар дегендей. Кичинекей алтын кыпындарын колго кармоо үчүн Чоң-Капчыгайга жетип алууга боло турган техника, анан да суунун ичине кирүүгө ылайыктуу суу өтпөгөн кийим керек. Аны кийген киши суунун ичиндеги ташты алып, анын түбүндөгү чопо аралаш шагылды сузуп жээктегилерге берет экен. Жээкте олтургандар аны суу менен чайкашат. Ушундай машакаттуу иштен кийин гана кыпындай алтынды пинцет менен терип алышат. Алар эң чоң көлөмдөгү алтын 100 мг. чыкканын айтат. Бирок, андай көлөмдө алтын күндө чыга бербейт да.

Айылдаштарым алтындын бир граммын 1700 сомдон сатышат экен. Аны өткөрүп алчу да адам бар. Ошентип, 5-6 адам бириккен топтогу ар бир адам орто эсеп менен күнүнө 700-800 сом таап алышат. Ал эми, айылда мындай топтон бир нечеси жүрөт. Нарын дайрасынын жээгиндеги айылдагы жашоо мына ушундай экен.

Учурда республикабызда 1870 айыл болсо, анын 789у атайы тизменин негизинде бийик тоолуу жана алыскы айыл деп табылган. Кыргызстандагы жери көп, калкы аз аймакка ушул Нарын облусу кирет. Анын жалпы аянты 45 миң квадрат метрден ашыгырак болсо, анда 290 миңге жакын эл жашайт. 6 ай кыш болгон ушул аймактын эли жакында жеңилдиктерди алып салууга каршы митинг уюштурганы да бекеринен эмес. Жашоо-шарты чындап эле катаал. Анан ал жерде жумуш жок болгону нарындыктардын турмушун андан бетер оорлотуп турат.

Көп мекендештерибиз жа­шоого ыңгайлуу Чүй, Көл өрөөнүнө ооп кетип жатканда, жерин таштай албай, ата конушунда жашап келген элге Өкмөт тарабынан колдоолор уюштурулса кандай жакшы болор эле деп ойлойм. Балким, алтын чайкоо иштеринде чакан ишкана түзүп койсо болор беле. Бул эч кандай өндүрүшү жок облуста акча табуунун кеңири тараган ыкмасы болуп жатпайбы. Алтынды казып албай, суудан эле чайкап алууга болоору өткөн кылымдын орто ченинде эле изилденип бүткөн экен. Анан аны заманбап кылып жасоого неге болбосун деп ойлойм өзүмчө. Туугандарымдын ден соолугун ойлоп, ал өздөрү миң алекетке түшүп чайкаган алтындан миң эсе кымбат экенин айткым келет, айта албайм. Себеби, анын ордуна кайсы жумушту жаса дейм? Сөөктөн өткөн суук менен опурталдуу жолдон чочулабай бала-чакасын багуу аракетин көргөн аларга эмне дей алам?

Жумагүл БАРКТАБАСОВА


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: