Кудай берет же Текебаевче «жамбаштоо» менен байыйбыз

13.02.2017 | Саясат

Отуз жаш менен кырк жаштын ортосундагы Өмүрбек Текебаев оттой күйүп-жанып турган убагы экен. Айылда мектептин мугалими болуп жүрүп эле Жогорку Кеңешке легендарлуу парламенттин катарында келип калат. Капкара тармал чач, анан жапжалгыз костюм-шым, галстук. Болду, андан башка байлыгы жок эле. Тилди Кудай бергени менен эмгекчилдикти, иштермандыкты бербей койгон экен. Ошол 1990-жылдардын башында бир топ тың жигиттер бизнестин ичегисине кан куюп, буттарынан туруп, ирденип жатканда Текебаев тили менен буудай «кууруп» жүрөт. Депутат деп аталганы менен же өзүнүн менчик үйү болбойт, же костюм-шымы жаңырбайт. Айтор, кыйналат.

Текебаев

Бир топ жыл өтүп кетет аңгыча. Баягы капкара тармал чач агара баштайт. Анысы аз келгенсип суюлуп да баштайт. Айлана-тегерегин караса баары эле байып алган. «Булар кантип байып жатат?» деген суроону өзүнө берет, өздөрүнө да берип көрөт. «Бизнес кылсаң байыйсың» деген жоопту угат. Бирок, Текебаев «жамбаштап жатсам деле мага Кудай берет» деп адатынча чөптүн башын жулгусу келбей жалкоолонот. Анда-санда Кудайга таарынат: «Жамбаштап эле жатып атам, неге бербей жатасың?» деп.

Ошентип 2005-жылы биринчи жолку революция болуп кетет. Анда да оппозициянын сап башындагылардын бири катары Маскөөгө качкан Аскар Акаевдин артынан өзү барып, отставкага кеткени тууралуу арызын жаздырып келет. Ал ошентип Акаевдин арызын жаздырып жүргөнчө Азимбек Бекназаров итабар байып алганын байкап калат. Таң калат. «Кантип?» деген суроону өзүнө коюп, анан иликтеп-жиликтей баштайт. «Көрсө, революциядан акча жасаса болот турбайбы?» деген тыянакты табат. Ошентип, Бекназаровдун салып койгон изи менен басып баратып, 2010-жылдын Апрель революциясынан кийин ал жолдон өзүнчө «мародерчулук» деген жолду бөлүп чыгат. Бизнес жасоо колдон келбегени менен мародерчулук кылуу колунан укмуштай келет экен. Бат эле элиталык батирге, хансарайларга, кымбат баалуу автоунааларга, бир нече баасы асманды чапчыган кыймылсыз мүлктөргө ээ болуп калат. Аппетити ачылат, андан ары токтоно албай калып, ар кайсыл даяр бизнестерден үлүшкө ээ болуу аракетин жасап кирет.

Анан өзүнүн кыска убакытта топтогон байлыктарын эсептеп, башкалардыкы менен салыштырып кирет. Көзүнө өзүнүкү аздай көрүнөт. Анан Кудайга «түз байланышка» чыга баштайт: «Оо Кудай, мага эмне бербей жатасың? Башкаларга аябай көп берип жатасың го» деп таарынгысы келет. Ошондо учу-кыйры жок көк асмандан: «Мен сага мародерчулук боюнча бердим го, «Мегаком» боюнча да берип баштасам, өзүңөр билдирип албадыңарбы» деген жаңырык угулат. Анын артынан: «Бизнес кылыш керек болчу, бизнес, мародерчулук эмес… Эми азабын  тартасың го…» деген жаңырык уланат.

… Чоочуп ойгонуп кетсе Текебаев парламент жыйынында отуруптур. Алка-шалка тер кеткен дейт. Тура калып түз эле трибунага барат да: «Бирөөлөр Кудай мага берген дейт. Бул деген жамбаштап жатсаң эле акча түшсө, ошону Кудай берген деген түшүнүк да» деп опурулуп сүйлөй баштайт. Ошондон бери Өмүкебиз азыраак убактысы боло калса эле жамбаштап жата калып атат дешет. Кыязы өзүнүн логикасына терең ишенип алса керек.

Жекшенбек Абдысатаров


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: