КСДПнын президенттикке талапкерин көпчүлүк да колдоодо!

10.07.2017 | Коом, Саясат

     13100863_500407983480713_1103329351586869577_n

КСДПнын саясый кеңеши президенттик шайлоого талапкер катары бир добуштан өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду сунуш кылды. Эми 15-июлда партиянын съезди өтүп, анын талапкерлиги расмий түрдө бекитилери күтүлүүдө. Биз ар кыл тармактын  суроо салып, КСДПнын саясый кеңешинин бул чечими тууралуу ойлорун билдик.

Нурланбек КЫЛЫЧЕВ, сатуучу: “Азыркылардын ичинен эң татыктуусу Сооронбай Жээнбеков

Бул абдан туура чечим болгон. Сооронбай Жээнбековду көп жылдан бери сыртынан билем. Ал киши түз жүргөн, бир да коррупциялык иштерге аралашпаган адам. Чоң кызматтарда турганда артынан сөз ээрчиген жок. КСДПнын ичинде президенттик кызматка татыктуулар көп. Бирок, эң татыктуусу Сооронбай Жээнбеков деп айтар элем. Элибиз биримдиктүү болуп, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” ушул кишини  шайлап алышыбыз керек деп айтар элем.

Канатбек ИРНАЗАРОВ, ырчы, тамада: “Кадыр-баркы бар, ишти билген инсан”  канат — КСДПнын саясый кеңешинин бул чечимин көпчүлүк кубаттоо менен кабыл алды. Мен деле Сооронбай Жээнбековду билген адам катары бул тандоону кубануу менен кабыл алдым. Эми 15-июлда партиянын сңездинде бир добуштан анын талапкерлигин колдошу керек. КСДП ичинде да Сооронбай Шариповичтин кадыр-баркы жогору деген ишеничтемин. Учурда өкмөт башчысы катары мыкты иштеп жатат. Өзү элге жакын киши экен. Жетекчилерге талапты кое билип, анын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алып, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн иштеп жатат. Биз ушундай адамды президент кылып шайлап алсак эч качан жаңылбайбыз.

 

Айжамал ТЕШЕБАЕВА, үй кожейкеси: “Элге күйгөн, элди баарынан жогору койгон киши”  тешебаева

— Президенттик шайлоого бул жолу да абдан көп талапкерлер чыгууда. Бирок, айрымдары таптакыр эле бул кызматка татыксыз адамдар. Кээ бир талапкерлер күрөөгө бериле турган акчаны элден сурап жатыптыр. Бул уят го. Эми президенттик шайлоону оюн кылган туура эмес деп эсептейм.  Ал эми Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги боюнча айтсам, ушул киши гана президенттик кызматка татыктуу деп эсептейм. Негедир мага Жээнбеков элге күйгөн, кыргыз элин керек болсо үй-бүлөсүнөн да жогору койгон кишидей туюла берет. Кээде телевизордон иштей албаган жетекчилерге ачуусу келип, аларга катуу талап койгонун көрүп сүйүнөм. Жетекчи деген ушундай болушу керек.

 

Таалайбек КОҢУРБАЕВ, жеке ишкер : “Курулай убада бербей, иш жүзүндө   аткаргандардын алдыңкы сабында жүрөт”таалайбек

— Бул жолу президенттик шайлоо абдан курч өтөт окшойт. Азыртадан эле талапкер болгондордун катары калыңдоодо. Бирок, элибиздин саясый деңгээли өсүп, кимдин ким экенин билип калды. Иш көрсөтүп, убада бербей туруп натыйжа чыгаргандар кимдер экенин деле билет. Мен андай талапкерлердин сап башына Сооронбай Жээнбековду кошот эле. КСДПнын курултайы өтө турган болсо ушул кишинин талапкерлигин бир добуштан колдошу керек. Ал эми калганын 15-октябрда көрөбүз. Бирок Жээнбековду колдогондордун саны күн сайын өсүп жатат.

 

Айдана САМАГАНОВА, мигрант: “Башка талапкерлерге караганда артыкчылыгы бар” Самаганова Айдана

— Негизи кимдин президент болорун эл чечет. Ошентсе да, ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу. Мен жеке өзүм Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойм. Ош облусун кыйын учурда башкарып, улут аралык чатактын кесепеттерин кыска аралыкта жоюп, облусту өнүккөн аймакка айланта алды. Азыр премьер-министр катары жакшы иштеп жатат. Эгер КСДПнын курултайында анын талапкерлиги бир добуштан колдоо тапса президент болуп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Башка талапкерлерге караганда артыкчылыгы көп деп эсептей


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: