Домой Саясат Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланды

Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп шайланды

12

Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп Кудайберди Кожобеков шайланды. Аталган жогорку окуу жайдан кабарлашкандай, ректорлукка төрт киши ат салышып, добуш берүүгө катышкандардын 96 пайызы Кожобековдун талапкерлигин жактырды.

Ал буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Акыркы учурда Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп турган.

ОшМУну 2011-жылдан бери башкарып келаткан Каныбек Исаков 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Булак: Азаттык