Домой Саясат Кожобек мырза, ычкырыңыз барбы?

Кожобек мырза, ычкырыңыз барбы?

55

Болбосо мен сизге сатып берейин. Анткени бул турмушта ал абдан керектүү нерсе экен.

Эсимде, Советтер Союзу убагында Фрунзе шаарыбыздын четинде жайгашкан бир аскер бөлүмүнүн башчысы болуп Очкур Петр Алексеевич деген полковник мырза кызмат өтөдү эле.

Ал экөөбүз үй-бүлөөбүз менен көп этаждуу бир үйдө, бир подъезде, бир этажда кошуна турчу элек.

Бир күнү мен андан: Петя, друг мой, что означает твоя фамилия Очкур? , — десем ал анда — «Да, вот, видишь», — деп белиндеги илгичин көрсөттү…

Мен бир аз ойлонуп туруп, «И-и, ычкыр болуп жүрбөсүн» деген ойдо:

«Ремень, что ли?», — десем — «Да, именно он» дейт. Ошентип, «ычкыр» эмне экенин, «майдан» эмне экенин «токмок» эмне экенин ж.б. түрк-славян тилинде айтылган дагы бир топ сөздөрдү таап алып:

«Оой, экөөбүз тууган турбайбызбы, — сөздөрүбүз, өздөрүбүз, көздөрүбүз дагы окшош турбайбы!» — деп, бир чети күлүп, тамашалашып, бир чети кубанып, сөз издегенибиз эсимде. Кийин ал аскер кызматкери катары улам бир жер которуп жүрүп, кийин Украинага кетишкенин угуп калдым.

Айтайын дегеним, кийин, 2015-жылы Украинадан кайгылуу кабар келди, аялы Людмила Ивановна жазыптыр: «Карим, Валя! Я потеряла моего Петрушу! Его убили его же земляки за то, что он заступился за русских крестьян, которые работали в поле вблизи военной части , где он служил!

Эмне болуп каза болгонун кийин угуп калдым, аялдардын сөзүнөн. Көрсө, жанакы батыштык баш кесер радикалдар аны «чыккынчы» — деп күнөөлөшүп, «сен ычкырсың, ычкырдан өлөсүң» — деп айылдан алысырак жерден кармап, асып кетишиптир…

Мен муну эмне себептен Кожобек мырзага байланыштырып айтып жатам?

Билбейм. Эгерде Кожобек мырза ошол Петр Алексеевичтин ордунда болгондо ошол орус дыйкандарына болушуп, запкы тартат беле, же: «Ой, булардын атасынын оозун урайын, бири өлүп, бири калсын» — деп басып кетет беле?

Ооба, ким билет, эртең эл-дин тагдыры эмне болоорун…

«Мен элитамын!» — деп чиренип, өзүңүн интеллектин курсагынын көлөмү менен ченеп жүргөн эргулдарыбыздын тагдыры эмне болот? Анткени, алардын курсагынын көлөмүнө ычкыр деле чак келбейт ко!.. Же болбосо, «Эртеңки күнүм эмне болот?» — деп жер тырмап, эптеп оокатын кылып жүргөн баба-дыйкандарыбыздын тагдыры эмне болоорун ким билет? Айтор, алардын кимиси эли менен калып, анын жеңилин жерден, оорун колдон алып алдыга сүрөп кетет? Кимиси, Током айткан «Беш камандын» бир каманындай болуп: «Кедейге беш тыйын берсе — «Келе, бер!» — деп камап», элинин абийирин кетиргенден башканы билишпейби?..

Албетте, Назгүл айым, биз Сиз мененбиз! Бир сомдон болсо да, миң сомдон болсо да, албетте чогултуп беребиз. Андан эч ким жарды болуп калбайт. Аны алган деле, албетте, байып кетпейт. Кеп, албетте, ар бир адамдын өз абийиринде.

Айтайын дегеним:

— Кыргыз болобу, орус болобу, украин болобу, алардын мырзалары илгертеден бери белине курун, илгичин, ременин байлап, жерин айдап, малын багып, жоокерчилик менен жашап келишкен.

Сиз да, эгерде чыныгы мырза болсоңуз, ычкырыңызды унутпай белиңизге байлай жүрүңүз.

Анткени, белкур деген, турмуш өзү көрсөткөндөй, абийири күч, адамгерчиликтүү эр-азаматтарга гана жараша турган символ экен да!..

Саламым менен, — деп Карыбай Турусбеков, 0704200612

Булак: Ачык саясат