Домой Саясат Көздүү мончок жерде калбайт

Көздүү мончок жерде калбайт

31

Жыл аягына чыгып, жаңы жыл жакындаган сайын шайлоонун шаңдуу оюндары көптөрдүн көңүлүн өздөрүнө буруп, бир ордуна тура алышпай, буйдала тегеренишип, көпкөн демдерин баса албай, күрө тамырлары көөп, мараны эстеген сайын, мээлерине аба жетпей, аламан байгеге киргилери келип, түн уйкулары бузулуп, депутат болом дегендердин тынчы кете баштады.

«Атың жакшы депутат» дегени менен депутаттын түздөн түз аткарган кызматы кайсылар экендигин билбей эле кээ бири эл менен кошо «дүрбөп» мандатка жеткендери дагы жок эмес экен. Муну айтып тургандыгыбыздын себеби, коомдун эң жаман көргөн мамлекеттик кызматкерлери депутаттар болуп калгандыгын жөнөкөй эл эле эмес, кичинекей балдар дагы айтып калышты. Булардын бардыгы, көпчүлүк депутаттардын өз иштерин билбегендигинен, бийлик бутактарын түшүнбөгөндүгүнөн келип чыгып, аны жөн кой, жөнөкөй сөздөрдү айта албай «толкунданып» олтурушса, анан эриккен, эрикпегени, баары кошулуп асылды да калды да. Бул эми өзүнчө чоң тема…

Айталы, дейли дегенибиз кийинки шайлоодо өз кесибинин майын чыгарган, түшүнүгү түптөлгөн, ойлору терең, максат-милдеттери маңыздуу иш билгилер келсе деген гана тилек эмеспи. Арийне, кыргыз улутунун жүзү, күзгүсү болуп эсептелген маданият тармагы өгөй баладай көрүнгөнгө телинип, ачык эле жерилип, каралбай келе жатканына көп жылдын жүзү болду. Кээ бир депутаттар бир-эки жолу Жогорку Кеңештин трибунасынан кыйкырып койсо, же көркөмдүү кооз сүйлөсө эле көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилип калбайт экен да. Ошол иштерди кыйкырып эле тим болбостон артынан түшкөн, эң негизгиси көтөргөн маселелерин түшүнгөн кишилер парламентке келсе иш илгерилеп, маданият майданында чоң өзгөрүүлөр болуп, кайыккандар жылууланып, буюккандар жол табат беле?

Жогоруда айтылган нерселер боюнча деле уучубуз кур эмес. Кыргыз искусствосунда же маданиятында өнөр менен илимди айкалыштырып алып кеткендерди санасак, оң колдун манжалары «кысыр» калып калат. Төлгө ташы төп келген, төгөрөгү шай келген, колуна комуз алып, санат, дастан, абаздуу ырларын чеги менен ченине жеткире ырдаган, ырдап эле тим болбой обон чыгарган, анан да колуна сыйкырдуу калемин алып, илим деген кайып дүйнөгө аралашып, изги тапкан, искусство таануу боюнча докторлук ишин жазган Роза Аманова эже өңдүү дасыккан адистер мыйзам чыгаруу бийлигинде иштесе, депутат болуп келсе, кемигендер толот эле, үзүгү уланат эле, сыныгы бүтөлөт эле деген ой келет.

Алдыда кетип бараткандарга сөз айтылат, айтыла берет же «Мөмөлүү даракка таш атат» дегендей, эжени көрүп дагы, көрбөй эле сүйлөгөндөргө ыймандан башка тилээр тилегибиз жок. Бирок күлүктүн да, тулпардын да жолун буугандар турбайт дечү эле. Кыргыздын кызы, улут сыймыгы Роза Аманова маарага келчүүлөрдүн бири өзүңүзсүз. Сиз өңдүү көйгөйлөрдү көтөрө алган, маселени чечүүнүн жолун билген билгилер аз эле. Улуттун жаркын келечеги, өлкөнүн эртеңки үмүтү үчүн колуңузга байрак алыңыз, элиңиз бата бергенге даяр. Үмүт жандыргандарды колдоого алып сүрөсөк өлкөөнүгүү жолуна түшмөк, парламенттин зоболосу өйдө көтөрүлмөк.

Булак: Ачык сөз