Көз карандысыздыктын бекемделиши жана ачык-айкын коомдун курулушу

14.11.2017 | Коом, Саясат

флаг

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусундагы алты жыл убакытта Кыргызстан кайра баштан төрөлгөндөй жаңыланды, тазарды жана өзүнүн өнүгүү жолун таба алды. Минтип айтууга толук негиз бар. 1991-жылдын 31-августунда мамлекетибиз өз алдынча көз карандысыз мамлекет аталып, өз киндигин өзү кесип, өзүнүн Туусуна, Гербине, Гимнине жана улуттук валютасына ээ болгону менен толук көз карандысыздыктын даамын дээрлик 20 жыл бою тата албай келгенибизди жашыруу кыйын.

«Өз алдынча мамлекет болдук, эми өнүккөн, бакубат мамлекетти курабыз» деген адегендеги аруу тилектер А. Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна жем болуп, мамлекетибиз оңолуунун, өнүгүүнүн жолуна түшмөк тургай, тескерисинче таланып-тонолуп кетти. Адегендеги алган багытыбыз демократиялык жол болгону менен көп узабай эле авторитардык режимге тушугуп, мамлекетибиздин ресурстары бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калды.

Мындай авторитаризмге чыдабаган элибиз 2005-жылы март революциясын жасады. Тилекке каршы, андан кийин келген К. Бакиев да А. Акаевдин жолоюна көп узабай түшүп алды. Бул экөө өздөрүнүн үй-бүлөлүк бийлигин орнотуу менен алек болуп атканда, өлкөбүздө демократиялык принциптер түп-орду менен кыйрап, мамлекеттин байлыгын талап-тоноолор күч алды.

Ошентип 2010-жылы апрель революциясы жасалды. Мына ушул революциялардын башкы себептеринин бири – бул шайлоолордун таза өтпөгөнү болду. Элди алдоо өтө кыйын, канчалык шайлоолорду бурмалоо болсо, элдин нааразычылыгы ошончолук күчөйт. Ошондон улам мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ачык-айкын коомду, чыныгы демократиялык жолду тандап, бардык олуттуу маселелер жалпы коомчулуктун көз алдында тура тургандай системаны түздү. Мамлекеттин байлыгына кол салгандар ким болбосун, депутат, министр же андан жогорку мамлекеттик кызматтарда болсо да, жоопкерчилик тарта тургандыгына ынандырды. Мамлекеттин байлыктары жең ичинен эле сатылбай тургандай болду. Эң башкысы Алмазбек Атамбаев өзү таза иштеди, ага байкоо салып турган башка чиновниктер да таза болууга, мамлекеттин байлыгына кол салбоого мажбур болду. Бул мамлекет башчысынын көрсөткөн жогорку үлгүсү болду.

Биз бул жолу Алмазбек Атамбаевдин келечек муунга калтырган тарыхый мурастарынын ичинен таза шайлоолор жана энергетика жаатындагы алгылыктуу иш-аракеттери тууралуу кеп кылалы.

 

Таза шайлоо – элдин чыныгы тандоосуна жол ачты

Эл менен бийликтин ортосун жакындаштыра турган башкы негиз – бул шайлоолордун таза өтүшү экендигине ынандык. Ачыгын айтканда Акаев менен Бакиевдин убагында өткөрүлгөн шайлоолордон улам элибиз таза шайлоо өтөрүнөн таптакыр эле үмүт үзүп калгандай болгон. Себеби, А. Акаев өзүнүн бийлигин бир нече жолу референдум өткөрүү аркылуу узартып келди. Анан шайлоолордо дайыма эле 70-80%дан кем эмес добушту алып келген. К. Бакиев да ошол эле көрүнүштү кайталады.

Парламенттик шайлоолордо да дайыма эле бийликке жакын, же бийликтин өзүнүн партиясы башка партияларды такыр эле чаңына калтырып келгенин билебиз. Маселен, К. Бакиевдин «Ак жол» партиясы 2007-жылы парламенттеги жалпы мандаттын 80%га чукулун жалгыз ээлеп алганын эч кайда ката албайбыз.

Мына ушул көрүнүштөрдүн бардыгына А. Атамбаев чекит койду. Шайлоолор таза жана акыйкат өтүшү үчүн мамлекет башчысынын аракети менен шайлоолорду жаңы технология менен өткөрүү жүзөгө ашты. Шайлоочулар биометрикалык маалыматтар аркылуу добуш берип калышты. Муну менен мурда бир эле шайлоочу бир нече шайлоочунун ордуна добуш бере бермей өнөкөтү тыйылды. Административдик ресурсту колдонуу токтоду.

А. Атамбаев бийликте турган 6 жылда эки ирет чоң шайлоону өткөрдү. Биринчиси, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо болсо, экинчиси үстүбүздөгү жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоо болду. 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун таза жана акыйкат өткөнүн азыркы тапта парламентте алты партиянын өкүлдөрү отурганы тастыктайт. Эгерде шайлоодо бийлик өзүнүн административдик ресурсун колдонгондо жалпы мандаттардын 80%ын өзү алып, калган 20%ын эки партияга бөлүп берип коймок.

Ал эми кече жакында эле өткөн президенттик шайлоо эгемендүүлүк алгандан берки тарыхыбыздагы эң чоң атаандаштыкта өткөн шайлоо болуп калды. Буга чейинки тарыхыбызда бийликтин талапкерине башкы атаандаш болгон талапкер 14%дан жогору добуш топтой алган эмес. Ал эми бул ирет маарага экинчи болуп келген талапкер 33%дан ашуун добуш алды. Ал эми жеңишке жеткен талапкер 54% менен өлкөбүздүн жаңы президенти болуп калды.

Бул шайлоонун таза жана акыйкат өткөнүн эл аралык байкоочулар да, ички байкоочулар да моюндарына алды, тааныды. Эл дагы ынанды. Демек, шайлоолор таза өтсө, элде да эч кандай нааразычылык болбой тургандыгын баамдай берсек болот.

 

Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү — мамлекетибиздин көз карандысыздыгын дагы да бекемдеди

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин алты жылдыгындагы эң башкы жетишкендиктердин бири – бул энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетүү болду. Бишкек шаарынын тургундары мындан бир нече жылдар мурункуга чейин эле электр энергиясы кварталдарда, райондордо кандайча жалпы өчүп келгенин жакшы билет. Себеби, ошол убактарда Бишкек электр энергиясын (өзүбүздөн эле өндүрүлгөн) коңшулаш мамлекет аркылуу алчу. Эки ири подстанцияны жана «Датка-Кемин» ЛЭПти куруу менен Кыргызстан жеке электр энергиялык айлампасын түзө алды. Натыйжада биз эми электр энергиясын алуу үчүн коңшулаш мамлекетке көз каранды эмеспиз.

Мындан тышкары Бишкек ТЭЦи модернизацияланды. Эгерде мурда бул ТЭЦтин кубаттуулугу 350 мегаватт болсо, модернизациялангандан кийин 812 мегаватт кубаттуулукка ээ болду. Бул дагы өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгы үчүн жасалган чоң иш болду.

Энергетикалык көз карандысыздык – бул өлкөбүздө жашаган жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен бирге сырттан инвесторлордун келүүсүн да шарттай турганы белгилүү. Себеби, кандайдыр бир өндүрүштү иштетүү үчүн электр энергиясы сөзсүз керектелет. Ал эми электр энергиясы үзгүлтүккө учурай бере турган болсо, анда өндүрүш да үзгүлтүккө учурайт. Андыктан энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетишүүбүз өлкө экономикасы үчүн да ар тараптуу ийгилшиктерди алып келери турган иш.

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: