Кош стандарттуулук же кыргызча айтканда эки жүздүүлүк…

18.04.2018 | Саясат

20161229170053

Атаандаштык күч алган жерде дайыма каршылаш тараптар маалыматтык чабуул менен коштолот. Бул жаатта кыргыз коомчулугу өлкөбүз эгемендик алгандан кийин абдан жакшы билип калды. Анткени эсил кайран СССРдин кезинде бийлик бардык маалымат булактарын колго алып, чындыкты айтып “а” деп ооз ачкандарды аңтара чаап, “б” дегендерди бүктөрүп турган эмеспи. Тилекке каршы өлкөбүз өз алдынчалыкка ээ болгондон кийин деле бул көрүнүш эки революцияга чейин кайталанып келди. Алсак, Акаев доорунда демократиянын шарданы менен бийликтин былыгын чукугандарга айып салынып, айрымдары темир тордун ары жагын көрүп чыгышса, Бакиев тушунда андайлардын көпчүлүгү канга боёлуп, өмүрлөрү менен кош айтышты.

Ал эми өлкө башына Алмазбек Атамбаев келгенде баары түп тамырынан бери өзгөрдү. Сөзүбүз куру болбош үчүн сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингди мисал келтире кетели. Алсак, Акаев бийликте турган маалда өлкөбүз бул жаатта 167 мамлекеттин ичинен жүзүнчү орундан өйдө көтөрүлө албай келсек, канкор Бакиев заманында 159-орунга томолонуп кеткен элек. Ал эми экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 85-орунга секирик жасап, дүйнө коомчулугунун жогорку баасына татыган. Бирок, медалдын эки тарабы бар сыяктуу “ар ким өзүнүн оюн айтууга, эмнени кааласа ошону сүйлөөгө укугу бар” деген принциптин да чекилик жактары бар экенине бүгүн күбө болуудабыз.

Алсак, экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Шаршенович ар бир адам өз пикирин эркин айтууга жол ачып берери менен “грант жегичтер”, жемкорлор жана кызматтан кол жууп калган “таарынчаактар” коомчулуктун башын айлантуу үчүн жок жомокторду токушуп ушак таратууну адатка айлантышкан. Мына ушундай эле көрүнүшкө кыргыз коомчулугу бүгүн да тушугууда. Маселен президенттик шайлоо маалында Алмазбек Атамбаевдин амири менен КСДП сунуштаган Сооронбай Жээнбековду жээригендер, эми аны колдоого алган түр көрсөтүүгө өтүштү. Алар кол алдындагы маалымат булактары аркылуу учурдагы президентти ай менен күнгө теңеп, ал эми экс-өлкө башчыбызды жана анын командасындагы кадрларды каралоо менен алек болушууда. Мунун негизги максаты  А.Атамбаев менен С.Жээнбековду кайраштыруу экенин кээ бири түшүнсө, кээ бири аңдабай ушакчылардын кебине ынанып калышууда. Мисал иретинде айтсам, өгүнү экс-өлкө башчыбыз Кытайга иш сапар менен жөнөп кетсе “качып кетти” деп чыгышты. Кызыгы, ал киши экономикалык форумга катышып, Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен жолугуп, мекенге кайтканына канча күн өтсө да “качып кетип, келбей жаткан турбайбы” деген кептерди угуудамын. Демек, ушунун өзү эле, маалыматтык согуш өтө катуу жүрүп жатканынан кабар берет.

Ал эми жыл жаңыргандан бери каралоо иштеринин курмандыгына А.Атамбаевден кийин эле УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана ИИМдин башчылары кабылышса, акыркы күндөрү өкмөт башчыбыз Сапар Исаковго көө сүйкөө аракети катуу көрүлүүдө. Бул кишинин дарегине “кызматка келгенине жарым жыл болсо да эч нерсе жасаган жок” деген кептерди айтып, анын иштен кетүүсүн талап кыла башташты. Бирок, ошентип айкырып салып, талап коюп жаткандар, айрыкча Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн отчётун колдобоого чакырып жаткандар эмнеге Сооронбай Жээнбековго карата ушундай талап коюшпайт? Ал кишинин өлкө башчылыгына келгенине да мына жарым жылга чуктап калды. Эгер эртең ЖК депутаттары Сапар Исаков жетектеген министрлер кабинетинин ишин канаатандыраарлык эмес деп табышса, бул түздөн-түз президенттин да иши канааттандырбайт деген баа болот. Өкүндүргөнү Өкмөттү сынга алып жаткан парламентарийлер жана “грант жегичтер” кандай болгон күндө да максаттарына жетүү үчүн азырынча президентти мактай бермекчи. Муну кош стандарттуулук же кыргызча айтканда эки жүздүүлүк деп коёт.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: