Коррупцияга шектелген Текебаевдин “кудурети” күчтүүбү?

15.08.2017 | Саясат

       i (2)

Россиялык бизнесмендерден 1 миллион доллар алгандыгы боюнча айыпталып жаткан депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө “Мегаком” уюлдук компаниясынын эсебинен мыйзамсыз олжого туйтунуу максатында Текебаев өз санаалаштарынын жардамы менен түзгөн коррупциялык схеманын кеңири таржымалы тааныштырылды.

Ошого карабастан, Текебаев “Мегакомдун” активдерин сатуу боюнча Маевский менен эч качан сүйлөшкөн эмесмин дейт. Андан сырткары 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп туруп, экономика жана улутташтырылуучу объектилер маселесине тиешем жок деп кайталоодан тажай элек.

Арийне, ал партиялаштарынын бир катарын максаттуу түрдө маанилүү министрликтер менен мекемелерге жетекчи кызматтарга дайындалгандыгын тана алган жок. Анткени, ал кезде Текебаев убактылуу өкмөттүн саясий чоң салмагы бар мүчөлөрүнүн бири эле жана ал көздөгөн максатын оңой эле ишке ашырып турган. Натыйжада, “Ата Мекен” лидеринин колуна өлкөбүздүн олуттуу кызматтары тийип, алардын жардамы менен мамлекеттик масштабдагы ар кандай маселерди иш жүзүндө жеке өзү чечип турган.

Текебаев кадыры өтө жогору экендигин, элдин көпчүлүгү, ошондой эле өлкөнүн бизнес өкүлдөрү ага Кудайдын жердеги арачысындай эле мамиле кыларын, кандай маселе болсо да чече аларын өз чөйрөсүндө эле эмес, Маевскийге да мактанып жиберген экен.

Эми болсо ал конституциялык реформа менен алек болуп жүрүп мамлекеттик иштердин жүрүшүнө таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүнөн четтеп калгам деп айткысы бар. Арийне, жалган менен чындыктын ажырым чеги болуш да керек эмеспи. Анын үстүнө тергөөнүн жүрүшүндө фотосүрөттөрү боюнча өзүн Маевскийдин катчысы Н.Самсонкина тааныгандыгын моюндады.Ал эми 700 миң долларга барабар акчанын экинчи траншы Текебаев делегациясынын мүчөсүнө тапшырылгандыгын эстегиси жок.

Ошентип, таасын далилдерди четке кагуу менен Текебаев коомчулуктун көзүнө “бейкүнөө курмандык” катары көрүнгүсү келип жаткандыгын баамдоого болот. Бирок, ошол эле коомчулук Текебаевдин кылмыштуу аракеттеринин баарысы далилденип, каралып жаткан сот процессинде мыйзамдуулук менен калыстыктын орношун чыдамсыздык менен күтүүдө. Ал эми айыпталуучунун адвокаттарынын айрым бир фото жана видеоматерилдар жок деген аргументтери арга кеткен агониялык абалдагы жандалбас десек болот.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: