Королдор эмне кыла алышат?

85c4137b26491a0c20680f3423f49cb7

 

Ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев сыяктуу саясатчылар президенттик кызмат үчүн күрөшө турган болууда. Бул талапкерлердин ичинен айрымдары президенттик жагоону тагынган сүрөтүн түшүрүп торт да жасап жиберди. Саясатчылар жулунуп жаткан президенттик реалдуу түрдө кандай кызмат?

Өткөн жылы Кыргызстанда референдум өтүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартылып, премьер-министрдин укугу көбөйгөн. Азыркы Башмыйзам боюнча президент тышкы саясатты гана көзмөлдөйт. Ал эми ички экономикага өкмөт башчысы жооптуу болуп, президенттин буга тиешеси кескин кыскарат.

Учурда эл президент баарына укуктуу деп ойлошу мүмкүн. Мисалы, өлкө башчысы министрлерди кызматтан алат, социалдык маселелерди чечет, буйруктарды чыгарып мектептерди, жолдорду, ооруканаларды курат деген түшүнүк бар. Айрым талапкерлер азыртадан эле ушундай убадаларды берип, жада калса жабылбай калган чатырларды президент болсо жаап бере турганын айтып элдин башын айландырууда. Мына ушул жерден эле талапкерлердин калпы чыгууда. Маселен, талапкерлердин бири “коопсуз шаар” долбоорун аягына чыгарам десе ага такыр ишенбешибиз керек. Жаңы шайланган президентте мындай укуктары жок. “Коопсуз шаар” сыяктуу долбоорлор менен өкмөт же жергиликтүү бийлик алек болушу керек.

Эгер шайлоого катышкан талапкер кыргыз товарларын сыртка кеңири сатууга жол  ачам десе ага ишенсе болот. Анткени, президент тышкы саясатка жооптуу адам катары башка мамлекеттер менен ушул багытта сүйлөшүү жүргүзө алат.

Башкы прокуратура да өзүнчө маселе. Президенттин башпрокурорду дайындоого укугу бар (бул башпрокурор ага гана баш иет дегенди түшүндүрбөйт, эң башкы нерсе –  мыйзам). Анан дагы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону менен тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт. Ал эми Ички иштер министрин премьер-министр дайындайт жана кызматтан алат.

Өткөн жылы жаңы Конституция кабыл алынганы Кыргызстандын келечеги үчүн абдан туура кадам болгон. Аны менен президент да, өкмөт башчысы да Алмазбек Атамбаев айткандай, бийликтин баарын ээлеп алып “ажыдаарга” айлана албайт. Эң башкысы, алар таасир талашпай, өз укуктарынан сырткары чыкпаса болгону. Андыктан, Кыргызстанда президент менен өкмөт башчысы бир командадан болсо абдан идеалдуу болмок.

 

Махмуд КАЗАКБАЕВ, «Альянс-пресс» маалымат-аналитикалык агенттигинин башкы редактору   

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: