Коңшулардын оозун көптүрткөн, бирок «бышпаган» 100 миллион доллар

24.10.2017 | Саясат

            Без названия

  ЕАЭБ алкагында Казакстан жардам катары берүүнү убада кылган 100 миллион доллар боюнча келишимди денонсациялоону Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети жактырды. Мындай чечим 23-октябрда депутаттар тарабынан кезектеги отурумда кабыл алынды. Эске сала кетсек, бул мыйзам долбоорунун демилгечичи кыргыз өкмөтү болгон.

«Биз бул каражаттан баш тартууну чечтик. Биз эми ага муктаж болбойбуз, бюджеттен каржылоо же казынадан сырткары каржылоо булактарын издейбиз. Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган 14 лабороториянын көпчүлүгүнүн курулушу аяктап калды. Аларга каражатты биз өзүбүз бөлүп атабыз. Жыл аягына чейин алардын көпчүлүгү аяктайт», — деп билдирди вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев комитеттин отурумунда. Казакстандан келиши керек болгон жардам тууралуу «убада алган үч жыл күтөт» деген учкул кеп менен шөкөттөсө болот. Бирок, андан да кызыгы бул 100 миллион доллардын тарыхы 10 жылдан бери созулуп келатат.

«Албетте, бул каражаттар эгер кайсыл бир убакытта келсе да Кыргызстанга жолтоолук кылмак эмес. Бирок, бул суммадагы каражат тууралуу сүйлөшүү адегенде 2007-жылы көтөрүлгөн. Ал убакта уставдык фонду 120 миллион доллар боло турган кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү пландаштырылган. 100 миллион долларды Казакстан, а 20 миллион долларды Кыргызстан кошмок. Биздин мамлекет бул каражатты бөлгөн, ал эми биздин коңшулар бир тыйын дагы бөлгөн эмес», — деп белгилейт экономист Жумакадыр Акенеев.

Тышкы саясый аренада Кыргызстандын адегенде Бажы биримдигине, андан соң ЕАЭБке киргени боюнча кеп жүрө баштаганда Казакстан фондду түзүүдөн баш тарткан. Коңшулаш мамлекеттин чиновниктери «виртуалдык» акчалай жардамды Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүндө жаңы рынокко, экономикалык мамилелерге даяр болушу үчүн багыттоону чечишкен.

«Биз тарап макул болуп жана ал каражатты ветеринардык лабороторияларды курууга жумшамакчы болгон. Тилекке каршы, кайрадан эле бир сом дагы бөлүнгөн эмес. Бардыгы жөн гана сөз жүзүндө болуп келген», — дейт Жумакадыр Акенеев.

Анан ушул жылдын башында гана Казакстандын өкмөтүнүн Кыргызстанга лабороторияларды түзүүгө 41 миллион доллар бөлүү боюнча токтому чыгат. Негизи бул «бышкысы» келбеген 100 миллион доллардын биринчи траншы болушу керек болчу. Кыргызстан лабороторияларды өз күчү менен жабдып алгандыктан, бул акча ошол чыгымдарды компенсация кылышы керек эле. Бирок, убада кылынган жардам кайрадан эле келген жок.

Аналитикалык борбордун эксперти Айнура Чекирова: «юридикалык жактан алып караганда Кыргызстан келишимди денонсациялоого барууга укуктуу жана бул чечим адекваттуу» деген пикирде.   «Бул жетишээрлик жөндүү чечим, себеби ал келишим – бул Кыргыз Республикасынын нормативдик актысы жана мындай бардык документ маал-маалы менен анын натыйжалуулугу жана иштөөсү бааланып турууга тийиш, башкача айтканда ал канчалык деңгээлде мамлекет үчүн актуалдуу жана максаттуу экени. Эгерде өкмөт бул актынын аракетсиздигин баалап, жарандар үчүн кандайдыр бир укуктук таасир түзбөй турган болсо, менин оюмча бул табигый жөндүү чечим», — дейт Айнура Чекирова.

            Бул келишимди денонсациялоодон Кыргызстандын экономикасына эч кандай таасир тийбей тургандыгына эксперттер ишендиришет.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: