Кокуй, саясатты кой дебейсиңерби?!

Кыргызстандын Улуттук банкы уюлдук операторлорунун мобилдик капчыгын чектөө боюнча Жобонун долбоорун коомдук талкууга коюп, аларга тыюу салууну көздөп жатат. Уюктук операторлор болсо бул демилгеге каршы чыгып, муну мамлекет көздөгөн электрондук трансформация жүрүмүнө каршы келет дешүүдө.

dsc_0144.730x0

23-январда Кыргызстандагы «Байланыш операторлор ассоциациясы» жана уюлдук компаниялардын өкүлдөрү Улуттук банктын мобилдик капчыкты чектөө боюнча демилгесине каршы чыгышып, маалымат жыйын курушту.

Алардын айтымында, электрондук капчыкты жеке мобилдик номерге байлап коюуда эч кандай кооптуу жагдайлар жок. Электрондук капчыкты ишке киргизүүдө Улуттук банктын бардык талаптары эске алынганын айткан ишкерлер кызматты тыюу аракетин ашкере чара деп сыпаттоодо.

— Биздин оюбузча тыюу салууну көздөөнүн өзү Улуттук банктай жөндөөчү орган үчүн аргасыз чара. Мындай чаралар өлкө экономикасына же мамлекетке олуттуу бир коркунучтар же кооптуу жагдайлар пайда болгон учурда гана колдонулат. Биз башка колдонуучулардай эле мындан эч кандай коркунуч таба алган жокпуз. Бул, тескерисинче, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз, — деди Уюлдук операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күреңкеев.

Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров мобилдик амалдарды чектөөнүн ордуна, алар аркылуу кызматтарды кеңейтүү зарыл экенин айтып, бул багытта Жапониянын тажрыйбасын мисал маалыматтык булактардын бирине билдирди.

— Банктардын филиалдары аймактарда жетиштүү эмес, ошондуктан мобилдик кызматтарга тыюу салгандын ордуна, аны бүт өлкө боюнча жайылтыш керек эле. Мисалы, Жапонияда электрондук коммерциянын баары чөнтөк телефон менен жасалат. Метрого киресиңби, кафеге акча төлөйсүңбү — ошонун баарын чөнтөк телефон менен төлөп, электрондук коммерция өнүгүп келе жатат. Ошондуктан мобилдик технологияларды өнүктүрүп, “Таза коом” электрондук трансформациясына чоң шарт түзүп берет деп ишенем.

Мобилдик операторлор ишке киргизген электрондук капчык кызматы тез аранын ичинде кеңири жайылып кеткени ага суроо-талап чоң экенинен кабар берет.

— Кыргызстанда электрондук капчыктар иштей баштаганына төрт жыл болсо, андан бери 300 миңден ашуун киши анын кызматынан пайдаланган. Ал эми биздин уюлдук операторлор өздөрүнүн мобилдик капчыктарын ишке киргизгенден тартып үч ай ичинде жүз миңден ашуун киши бул капчыктын кызматынан пайдаланган.

 

Woman's hand using contactless smartphone to pay at beauty salon

Мобилдик капчыктын артыкчылыгы — кардарлар эч жакка барбай туруп эле чөнтөк телефону аркылуу төлөм кызматтарын жүргүзө алат.

Электрондук акчаларды жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүнүн функционалдык схемасы өздүк эсептеринде топтолушуна шарт түзөт

Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларды жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүнүн функционалдык схемасы төлөмдөрдү жүргүзгөнгө каражаттардын электрондук капчыктарда эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде топтолушуна шарт түзөт. Мындай алганда, уюлдук байланыш абонентинин өздүк счёту колдонуучунун каражаттарын чогултуп, сактоо функцияларына ээ болот. Иш жүзүндө бул каражаттар уюлдук байланыш операторлорунун карамагында жана анын колдонуусунда болот.

Дүйнөдө уюлдук байланыш операторлорунун бири-бири менен иштешүүсүнүн ар түрдүү моделдери бар, ал эмес бир эле өлкөдө бир убакта бир нече моделдер колдонулушу мүмкүн. Уюлдук байланыш операторлорунун банктык кызматтарды көрсөтүүсүнө чектөөлөр коюлган өлкөлөр дагы бар. Мисалы, эми орусиялыктар да электрондук капчыктарга жана алдын ала төлөнгөн банктык карттарга каражаттарды банктык эсептерден гана которо алышат. Орус өкмөтүнүн буйругу менен профилдик ведомстволор тийиштүү мыйзамдарга ушундай тактоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдап жатышат. Талкуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, сунуштала турган чектөөлөр Борбордук банктын сунуштарынан да кыйла катаалыраак болушу мүмкүн. Орусиянын Борбордук банкы электрондук капчыктардан жана алдын ала төлөнгөн карттардан каражаттарды чыгарууга тыюу салууну да сунуштап жатат, ал эми Россфинмониторинг – алардын ээлери ким экендиги сөзсүз аныкталышы керек дейт. Ведомстволор жакында компромисске келе тургандыгын билдиришти, бирок өзгөрүүлөр сөзсүз болот.

Коомчулукта талкууга алынган бул маселе боюнча КСДП депутаты Дастан Бекешов дагы өз пикирин айткан. Ал талаш жараткан бул маселе талапка ылайык чечилип, бул маселеге чекит коюлса деген. Депутаттын бул жерде Улуттук банктын ушундай саясатын сынга алганын байкоого болот.

Ал эми башкы банктын мындай баш аламан саясаты соц сеттерде да чоң талкууну жаратып койду. Соцсеттин колдонуучулары мобилдик компаниялардын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, кысым кылып жаткан Улуттук банктын мындай саясатын кескин сынга алышкан.

Чынында Улуттук банктын мындай саясаты элге жакпай турат. Эске сала кетсек, Максим Бакиевдер 2010-жылы 7-апрелге жакын мобилдик байланыштын баасын “алло” дегенде 60 тыйын кошуп, элдин нааразычылыгын туудурушкан. Андай өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы эмне менен аяктаганын жакшы билебиз. Демек, Улуттук банк эсирген эски бийликтин жоругу жолдо калгыр жолоюн колдобошу зарыл.

Азамат Кангелдиев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: