Койчуева Гүлзина, флорист: “Гүлдөрүмдү интернет аркылуу сатам”

07.03.2018 | Коом, Маданият

IMG-20180224-WA0011

Кичинекей кызы менен үйдө отуруп алып кагаздан мыкты гүл оромдорун жасаган Гүлзина аттуу кыздын кол өнөрчүлүгү туурасында маектешип кайттык.

Гүлдөр менен иштегениңе канча убакыт болуп калды? Флористика боюнча билимиң барбы?

— Гүл жасап иштегениме аз эле убакыт болду. Курбу кызым апасына белекке гүл жасап сүрөтүн мага жөнөткөндөн кийин, менде да гүл жасап сатуу идеясы пайда болгон. Учурда кичинекей кызым менен үйдө отургандыгыма байланыштуу, кичине убактым бош боло калганда гүл жасай коюп, окшоштуруп, гүл сатуу идеям ишке ашты буюрса. Жолдошум деле жакшы эле табат, бирок, үйдө бош отура бербей, мен деле жардам берсем эмнеге болбосун деп чечтим. Флористика боюнча атайын билимим жок. Гүлдүн кооздолушун интернеттен видеосабактарды көрүп үйрөндүк.

— Бир күндө канча ором гүл жасай аласың?

— Гүлдү өзүм жалгыз жасабайм. Жолдошум жумуштан келгенде жардам берет. Анан өзүнүн да оюн, идеясын айтып жакшы ором жасап чыгабыз. Бир күндө 2-3 оромго чейин жасайбыз. Анын үстүнө кызым уктаган кезде гана колум бошоп калганда үй иштерин бүтүрө коюп, гүлгө отурам. Эми буюрса колум көнүп калса оромдордун санын көбөйтөбүз деген ниетим бар.

— Кардарларды кайдан табасың же базарга алып чыгасыңбы?

— Базарга алып чыкпайм. Азыр интернет тармагы өркүндөп калганы биздей болгон үйүндө отуруп алып орокат кылгандарга жакшы болду. Инстаграмдагы  менин баракчама жазылгандар (подписчиктер) буюртма берип жатышат.

— Гүлдү эмнеден жасайсың?

— Гүл жасоого кагаз, клей, таякча, скотч жана гүлдү салганга атайын коробка же желим баштыктарды колдоном.  Анан албетте, шөкөтөөдө ар кандай жылтырактар да керектелет.

IMG-20180228-WA0011 IMG-20180228-WA0012 IMG-20180228-WA0013

— Бир ором гүлдүн баасы канча сомго чейин болот?

— Гүлдүн баасы санына жана гүл салган идиштин чоң же кичинесине жараша бааланат. Орто эсеп менен 600 сомдун тегереги болот.

— 8-мартка карата кардарлар көп болсо керек?

— Жаңы жасап баштаганыбыз үчүн азырынча анча деле көп эмес. Буюртмаларды деле өзүмдүн алыма жараша алам. Көп алып кардарларды күттүргүм келбейт. Бирок, кайсы датага буюртма бербесин ошол убактан кечиктирбей жасап берем.

— Розадан башка кайсы түрлөрүн жасайсың, гүлдөр канча убакытка чейин сакталат? Атайын эрежеси болобу?

— Кардардын табитине ылайыктап, ал буюртма берген гүлдөрдүн баарын жасайбыз. Бирок, эмнегедир роза гүлүн көп сурашат. Ал эми сактоо мөөнөтү белекти алган адамдан көз каранды. Жакшы сактаса 1-2 жылга жетет. Гүл жасоонун атайын эрежеси деле жок, ар кандай ыкманы колдонуп, өзүң каалагандай кооздоп жасасаң болот.

IMG-20180228-WA0014

 

— Гүл жасагандар көп эмеспи, атаандаштардан коркпойсуңбу?

— Атаандаштардан коркпойм. Анткени Жаратканыбыз ар бир адамдын өзүнүн ырыскысы менен жаратат. Күн бир жерге тийгендей эле, Кудай дагы баарына тегиз карайт. Гүлдүн жакшы жери бир жагынан каражат тапсаң, экинчи жагынан жашоого болгон кызыгууну арттырып, көңүлүңдү көтөрөт экен. Мисалы учурда көп келиндер төрөттөн кийин стресске кабылып жатышпайбы. Андай стресске кабылбаш үчүн адам бир нерсе менен алек болуш керек деп ойлойм. Мисалы мен гүл жасагандан тышкары журналдан өзүмө жагып калган кийимдерди кызым экөөбүзгө окшоштуруп

IMG-20180303-WA0001 IMG-20180303-WA0002 IMG-20180303-WA0003тигип алам.

Инстаграмдагы баракчасы gulzina3004.floweers_from_aigerim

Телефон номери: 0705106 000


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: