Домой Саясат Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иштерин президент көзөмөлдөйт

Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иштерин президент көзөмөлдөйт

22

Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында козголгон бардык кылмыш иштери боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алууну талап кылды.

— Президент бул иштер боюнча бирөөнүн кызыкчылыгына же кылмыштуу куугунтукка жол бербөөнү катуу талап кылды, — деди Жамшитов.

Бүгүн күч органдарынын башчылары 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат беришүүдө. Анын жүрүшүндө башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бир берене боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, Атамбаев «Киши өлтүрүү» баш болгон бир нече оор кылмыштарга байланыштуу шек саналууда.