Домой Саясат Кой ай, сен саясатчы эмессиӊ!

Кой ай, сен саясатчы эмессиӊ!

35

Ушулкезде «мен саясатчымын» деп өзүн жөн адамдан жогору койгондордун саны эӊ эле көптү түзүп калды. Анткен менен анын баары саясатчы эмес, саясаттан таптакыр түшүнүгү жок болсо да   жалпы журт дебейин, бир топ торуаларды «саясатчы» катары карашат. Аларды орду-ордуна коюп тескеген бирөө жок, уюм-суюм жок. Андыктан саясат деген чөйрөгө каалаган адам кирип алса болот, кирип туруп ойду-тоону сүйлөп оӊ турган мээни оӊкодон кылат да! Анан да ошол «саясатчы» «саясат» менен жан багып турат. Ошол ойду-тоону айтып жатып, бир нерсени ачык айткан баштанып, элди өзүнө тартат. Накта саясатчыга мүнөздүү көптү билүү, маселелердин ичинен олуттуусун ылгай алуу, ушул азыр элге кайсы маселе кызык экендигин так аныктоо, өз кызыкчылыгын таптакыр ойлобоо, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөө… дегендер аларга жат. Алардын ар кимиси, биринчи иретте, өзүнүн жеке кызыкчылыгына качырып ишкылат, анын эӊ негизги милдети ушул! Калган жүргөн-турганы оюн катары кетет, болсо болду, болбосо жок сымалында. Мындай «саясатчыларда» уят деген сезим болбойт, ал сезимди өздөрү жок кылып салган, ошол сезимге баш бербей тургандай сезимди түзүп алышкан. Демек ,кайсы бир терс иши үчүн алар уялып олтурбайт.

Азыркы кезде жогорудагыдай «саясатчымын» деп жүргөндөрдүн анабашында, алардын «классикалык» түрү деп  айтса болот, тургандардын бири- ТурсунбекАкун. Бу жигит татыныкай эле кыргыздын жигиттеринин бири болгон, анан өзүн «саясатка» арнап салып, эми адамдык делген сапаттардан куржалак калып олтурат. Бу адамдын азыркы туруш-турпаты мындай: өзүнүн жасап жаткан иши элге жагабы же жакпайбы, ага баарыбир; биринчи орунга жеке кызыкчылыгын коюп салган; бул адамда уялуу сезимдеген жок, аны сезиминен жок кылган, демек, бир дагы кылыгына уялып олтурбайт; саясаттан акча жасоого кызыкдар, анысы кээси менен жакшы ишке ашат; популисттиги жанына сиӊип калган, анысы ойсоктоп дилинде ойноп турат; чын дилден чыккан сөздөн куру, оозуна келгендин баарын чындык катары сунат; акча дегенде жанын берет… Турсунбек Акундун атасынан карыз акча алып бербей койгонун, анан Батукаевден толгон доллар алды деген имиши эле анын ким экендигин айтып турьбайбы… Баса, «Батукаев ана өлөт, мына өлөт» деп чуу салып «боздогон» да ушул Турсунбек Акун.  Тфу дейли!

Турсунбек Акунга окшош дагы бир «саясатчы» бар, ал- Азимбек Бекназаров. Анын Турсунбек Акундан айырмасы- «зөөкүр» чалыш. Акун «иштерин» жылма жасаса, «кыӊкыстап» атып жасаса,  Бекназаров түзүнөн кирет, мында уялуу, тартынуу деген сезим жок, түзүнөн качырып чабат, болгон-толгон акылы ошого гана жетет. Бул «саясатчыны» коом өзү жаратып алган. Ишинен жаӊылган немени бийлик камабайбы. Ошондо айласын таппай турган Бекназаров жанталашып Үзөӊгү-Кууш маселесин көтөрүп жиберет. Ушинтсе, эл колдоорун билет. Чын эле эл колдоп кетет. Ана эмесе, кетти, баягы жөнөкөй эле жүргөн неме «саясатчы» болуп, болгондо да «тайманбай» турган «саясатчы» болуп чыга келет.  Ушул жолу өз жанына эӊ эле сонун жол экенинин байкаган неме эмитизгин тарттырбай кетет: бийликти оӊду-солдусындайт, сөз тандабайт. Булкылыгыүчүн эчнерсеболбосун да билет… БекназаровГенпрокурор болокалбадыбы. Мынаошолкездежасагаништери, кылыктарыдейли, оми-ий, тим эле укмушдешет! Сотторгочейиналчусуналыпсыздатканго?! Анытескегенбирөөболбоду! Баса, көрүнгөн жерди «сүзүп» атып «бульдозер» деген да аттыалды…

Азырынча, кыскарта чапканыбыз ушул…

Ооба, саясат деген жерге кирип алып, оозуна келгенди оттоп, ага эчнерсе болбосун билип ошол «саясатта» жойлоп жүргөндөр толтура. Аларды эл деле укпай калды, бирок, кыжыры кайнайт да!

Баратбай АРАКЕЕВ

Булак: Багыт