Кочкордо малга кол салган карышкырдын дөбөтү атылды

24.07.2017 | Коом

 

281830.a65fbd3a658889badda4a8c52ddc91ff

Кочкор районунун  Кара-Суу айылынын мергенчилери Сакыев Жаныбек ,Мамбетсадыков Турат,Данияров Нурлан баштаган мергенчилер малга кол салган карышкырдын дөбөтүн атып алышты. Алардын айтымында, карышкыр атуу боюнча уюшулган топ Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Бороон-Төр жайлоосундагы Кызыл-Коргулдан карышкырдын дөбөтүн атып алышкан. Азыркы учурда дагы 12 бөлтүрүк, бир дөбөт карышкыр ургаачысы менен аңдууга алынууда.  Бөлтүрүктөрдүн жайгашкан жери аныкталып, жакын арада жок кылынат.
Карышкырлар Кош-Дөбө айыл аймагындагы 50 кулун, топоздун 48 мамалагын, 30 койду жеп, малчыларга бир катар зыяндарды алып келген.Азыркынын баатырлары ушул мергенчи жигитерибиз.Элдин камын ойлоп,айылдаштарынын батасын алып турган каармандарыбыз аман болсун.
Суроттор  www.turmush.kg сайтынан алынды.

281827.eef3c9efdf465c1ecc6c36ef41b8a2b1 281829.1abd316439cbe57a431c3e7a547e1ab9

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: