«Kloop.kg» кимдин куралы болууда же президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга ким кызыкдар?

28.12.2017 | Саясат

                 Sultan-Kanazarov

«Kloop.kg» сайты буга чейин «samara.kg prednisone india.  сыяктуу сайттар Мамлекеттик каттоо кызматынын серверине жайгаштырылып, шайлоочулардын жеке маалыматтарын алуу, аны башкаруу мүмкүнчүлүгү пайда болгон» деп жазып чыккан эле. Муну Мамлекеттик каттоо кызматы иликтөөгө алып, анда жазылгандар эч кандай чындыкка дал келбей тургандыгын далилдеп чыккан. Учурда бул маселени УКМК иликтеп атканын да айта кетели.

Бирок, жалганы чыкканына карабастан аталган сайт кайрадан «Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтар коомчулукка белгисиз samara сайтына көчүрүлгөнү боюнча дагы көбүрөөк далилдерди таптык» деп чыгышты. Албетте, 15-октябрда болуп өткөн президенттик шайлоо биометрикалык маалыматтар жана автоматташтырылган шайлоо техникалары аркылуу өткөрүлгөнүн жакшы билебиз. Эч кандай административдик ресурстар колдонулган жок. Ар бир жаран өзүнүн көкүрөгүндө ишенген талапкерине добуш берүүгө толук шарт түзүлгөн.

Бирок, ушул шайлоодо акчаны самандай сапырып, «жеңишке гана жетем, андан башка вариант жок» деп калган Бабанов жеңилүүгө дуушар болуп, азыркыга чейин өзүнө келе албай жүргөндөгү кербези. Ошондон улам айрым маалыматтарга караганда ал «Kloop.kg» сайтынын ушул жалган «иликтөөсүнүн» көшөгө артындагы «дирижеру» болуп аткан экен. Кыязы, артык кылам деп, тыртык кылып алганын кеч түшүнгөн ал эми шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгартуу аракетин көрүп аткандай.

Анын мындай аракетин мурдагы маалымат катчысы С. Каназаров, өткөөл мезгилдин президенти болгон Р. Отунбаевалар «Сорос-Кыргызстан» фондусунун көмөгү менен жасап атышканы дагы каңкууланууда.

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: