Кеӊешбекова Камила, бийчи: “Бийсиз жашоомду элестете албайм”

04.04.2018 | Коом, Маданият

 

IMG-20180330-WA0055Бий – жан дүйнөнү байытып, дене түзүлүштү бир нукта алып жүрүүгө гана эмес моюнду, белди түз кармап, сулуулукту сактаганга жардам берет. Андан сырткары, бийчилердин жан дүйнөсү адамдардан башкача, жароокер, боорукер болушат.  Биз бул жолу өзү кичинекей болсо да Эл аралык турнирлерге катышып, баш байгелерди багынтып, бир нече алтын медалдын ээси болгон “Феникс” бий студиясынын окуучусу Кеӊешбекова Камила менен бий туурасында баарлашып кайттык.

 

  • Канча жашыңдан баштап бийлеп баштагансың?
  • 8 жашыман баштап бийлеп баштагам. Жашоомду бийге бурган алгачкы алган сыйлыктарым дипломум менен мамалагым себепкер болгон. Азыр бийсиз жашоомду элестете албайм. Учурда “Феникс” бий студиясында спорттук бал бийи боюнча билим алып, бий өнөрүмдү өркүндөтүп, Эл аралык турнирлерге катышып, баш байгелерди алып келем.
  • Сенин жашооңдо бийдин орду кандай?
  • Бий – менин жашоом десем болот. Ырчылар ырдабай койсо маанайы бузулат эмеспи, мен бийлебей калсам өзүмдү жаман сезе берем. Бийлегенде көӊүлүм ачылат, өзүмдү жеӊил сезем. Анын үстүнө спорттук бий болгондуктан, ар бир бийде ар бир ыкманы туура жана так бийлеш керек. Ката кетирбей бийлегенге аракет кылам. Бий жөнүндөгү тасмаларды көрөм, алардын техникаларына дыкаат көӊүл бурам.
  • Бий менен канча мамлекетти кыдыра алдың?
  • Бий менен азырынча Кыргызстан жана Казакстандын Алматы шаарында өткөн Эл аралык турнирлерге катышканга жетишип жатам. Кудай буюрса келечекте дүйнөнүн бардык мамлекеттерине барып бийлейм деген үмүтүм бар.
  • IMG-20180330-WA0057 IMG-20180330-WA0058 IMG-20180330-WA0059
  • Дүйнөлүк деңгээлдеги бийчилердин кимисинин чыгармачылыгы жагат?
  • Анастасия Муравьёва жана Юлия Спесивцевалардын бийлегендери жагат. Алар бий аянтчасында өздөрүн ак куулардай эркин алып жүрүшөт. Өнөктөштөрү менен мыкты дуэт аткарышат. Алар мага бийлеп эмес учуп жүргөндөй сезим калтырат. Көрүүчүгө учуп жүргөндөй көрүнгөнү менен анын артында далай машыгуулар жатканын билем. Ошондуктан мен да алардай болуп көп машыгып, көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулагым келет.
  • Кайсы бийди бийлегенди жакшы көрөсүң?
  • Мага Самбо жана Ча-ча-ча бийлери жагат. Ал бийлерди бийегенден тажабайм.
  • Кайсы бий көңүлүңө толбойт?
  • Өзүм бийге көбүрөөк басым жасагандыктан мага жакпаган бий жок.
  • Бийчилер тамакты аз жешет экен, сен да тамакты тандайсыңбы?
  • Башка бийчилерди билбейт экенмин. Турнирге аз калганда тамакты азайтып, убактымдын көбүн машыкканга кетирем.
  • Канчанчы класста окуйсуң?
  • Бишкек шаарынын №8 мектебинин 4-классында окуйм.
  • Кайсы сабак жагат?
  • Бардык сабактар жагат. Ар бир сабактын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Бардык предметтерден жакшы окуганга аракет кылам. Убактымды бийге көбүрөөк бурганым менен сабак окуганга эч тоскоолдук деле болбойт. Тескерисинче бийлеп энергия алып келгенден кийин мээм жакшы иштеп, сабактарды тезирээк окуп коем.
  • IMG-20180330-WA0068 IMG-20180330-WA0072
  • Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
  • Дарыгер болгум келет. Дарыгерлик кесип менен көптөгөн ооруган адамдарды айыктырып, коомго пайдаңды тийгизсең болот. Ал эми бийди хоббим катары көрөм. Бийчилик өнөр доктурга терс таасирин тийгизбейт деп ойлойм.
  • Канча бир туугансың, атаң-апаң жактан бийге шыктуулар барбы?
  • 3 бир туугандын ортончусумун. Байкем жана иним бар. Үй-бүлөбүздө менден башка бийге кызыккандар жок.

 

Төлөбүбү Касымалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: