“Кара жолдон” кайтпагандар… Рыспек Акматбаев жана башкалар

11.03.2016 | Криминал

Кылмыш дүйнөсү канчалык ыплас, ашкан мыкаачылыгы менен адамзаттын асыл идеяларына караманча каршы келип турган өзгөчө жагымсыз дүйнө болсо да, жек көрүүдөн тышкары, адам ал дүйнөгө кырдаалга жараша ошончолук кызыгып карап, айрым учурларда суктануусун жашыра албасы чын.

Рыспек Акматбаев

Себеби, бул кылмыш дүйнөсүнүн кызыктары чындап эле адамды кайдыгер карап коюуга мүмкүнчүлүк бербейт. Ар бир мамлекеттин (кандай гана мамлекет болбосун, бай, кедейине карабай) ичинде өзүнчө мамлекет, өзүнчө дүйнө болууга аракет кылган кылмыштуу топтор жана атагы таш жарган “мыйзамдагы ууру” жана андан ылдыйкы “смотрящий”, “положенец” статусун алып жүргөн адамдар арбын экени белгилүү. Ал эми бул маселе биздин чакан өлкөбүз Кыргызстанда кандай? Бул суроого баарыбыз эле толук кандуу жоопторду айта албайбыз.

СССР кулагандан кийин­ки 90-жылдары КМШ мамлекеттеринде кылмыштуу дүйнө кандай жанданса, биздин өлкөдө ошондой эле жанданганын жокко чыгарууга болбойт. 1995-жылдардан тарта: Рыспек Акматбаев, Азиз Батукаев, Имаш Шамшиев, Кабылтай Карымшаков, Алмаз Сулайманкулов, (каймана аты “Лимонти”), Алмаз Бокушев, Камчы Көлбаев ж.б. ысымдар калың элдин катмарына сиңип, узун элдин учуна жетип, атагы катуу чыга баштаган. Андан кийинки мезгилдерде: Алмамбет Анапияев, Абдуллин, Мирлан Коноев, Максат Абакиров (каймана аты “Водолаз”), Санжар Кадыралиев, Мурсалим Өмүрзаков (каймана аты “Карышкыр”), Улан Токтосунов (каймана аты “Сакал”), Чыңгыз Жумагулов (каймана аты Чыңгыз дөө), Кадыр Досонов, Алтынбек Арзымбаев, Дамир Сапарбаев, Алтынбек Итибаев ж.б. өздөрүнүн “кара дүйнөдөгү” кадамдары менен коомчулукту, өзгөчө укук коргоо органдарын кайдыгер караткан жок. Мына ушул биз санаган 20 адамдын тогузу тең криминалдык таасир талашуу жана башка маселелерден улам киши колдуу болуп каза табышканы белгилүү. Калган 11 адамдын ар бирөө өз-өзүнчө топ эмес, айрымдарынын максаты, багыты бир экенин баса белгилеп коюшубуз абзел. Булар азырынча биздин өлкөдөгү кримдүйнөнүн ар кандай деңгээлдеги лидерлери десек болчудай. Арасында “мыйзамдагы ууру” статусуна жеткендер да бар.

Белгилүү болгондой, 2000-жылдан 2010-жылдарга чейин криминал дүйнөсүндө таасир талашуу болуп көрбөгөндөй орун алып, кылмышкерлер биринин башын бири жутуп турушту. Алардын аёосуз “баш жутуу” маселесине кыргыздын бычакка сап, намыска жарап, мамлекеттин байрагын көтөрүшкөн: Үсөн Кудайбергенов, Раатбек Санатбаев сыяктуу мыкты инсандары да туш болушту. Ошондой эле, милициянын полковниги Чыныбек Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары: Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Руслан Шаботоевдор, криминалдык кагылышуулардын курмандык­тарына чалынышты. Ал эми чоң саясатчы Медет Садыркуловдун бийликке ачык түрдө оппозицияга өткөнүнө ичи чыкпаган Жаныш Бакиев деген баш кесер жолдон тосуп алып, барса келбес сапарга мыкаачылык ыкма менен “жолдомо” бергени бешиктеги балага да белгилүү.

Негизи Бакиев кызматка келген жылдан тарта бир нече жылдын ичинде буйрутма өлүм менен өлгөн адамдардын саны 30дан ашкан. Бул эми расмий түрдө катталгандары гана. Катталбай катаал шарт, ач бел, куу жондо калып каза таап, дайын-дареги билинбей калгандар да анчалык аз эмес десек болот.

Бүгүнкү күндө күч органдары­нын расмий маалыма­ты боюнча Кыргызстанда чоң уюшкан кылмыштуу топтон төртөө деп айтылып келет. Маселен Көлбаев, Бокушев, Батукаев, Абакиров жана Улан Токтосуновдор Кыргызстандын кримдүйнөсүндө таасир талашкандар деп эсептелет. Нускалуу сөзү менен айтканда, “баштары бир казанда эзели кайнабагандар”.

Бул жерден айта кетчү жагдай, Кара-Балтадан баштап Чүйдүн бир тобун тейлеген Алмаз Бокушев өз эрки менен кримдүйнөдөн кетип, спорт жана ишкерлик менен алектенерин жар салган. Чын эле андан бери бир катар жылдар өтсө да Бокушев өзү тынч жашоо сүргөндөй. Бирок, анткен менен укук коргоо тарабынан “Бокушевдин тобундагы балдар” деп ар кандай кылмыштарга шектелип кармалгандардын саны көп эле. Демек, бул сөз да бекер жерден чыкпаса керек. Бокушев мурдагыдай ачык болбосо да тымызын өзүнүн таасирин сактап калуу аракетин көрүп жаткандыр.

Кыргызстандын кримдүйнөсүн­дө 15 жылдай “аталык” аталып, атагы таш жарып жүрүп, мындан туура он жыл мурун киши колдуу болуп, өлдү делген Акматбаев Рыспектин бейнесине, мурда кийин айтылып жана да эл анча билбеген окуяларына токтолобуз. Рыспекти “кара дүйнөгө” кайсы окуя, кайсы тагдыр жетеледи” эле? Рыспек Рыспек болгону, криматалык атка конгону кыргыз мамлекетинде, кыргыз саясатында кандай бурулуштар болду? Ал болушунча болуп, күч-кубат, кыйла “артыкчылыктарга” толуп турган учурда, кимдерге жардам берип, кимдерди кордогон? Акматбаев “Белый Лебедде” олтурганда кандай себептер менен “мыйзамдагы уруу” болуудан баш тарткан? Батукаев менен болгон 10 жылдан ашык тирешүүсүндө же тереңдетип айтканда, согушунда кандай артыкчылыктарга жетти эле? Алардын өз ара тирешүүсүнөн, деги эле “караларды” кармоо, жазалоого аракет кылышкан канчалаган кыргыз милициялары окко учту? Куловдун Рыспекти чоң кылмыштарга, киши өлтүрүүгө ачыктан-ачык түр­түп айткандары канчалык деңгээлде чындык? Чынында анын ата-теги, атасы, үй-бүлөсү кандай? Кимдер жана кандай себептерден улам Рыспектин жана анын ишенимдүү, кримдүйнөдө “төбөсү көрүнгөн” балдарынын көзүн тазалашты?

Крим­дүйнөдө өзүнчө эле легендага айланып калган Рыспектин өлгөнүнө быйыл 10-майда туура он жыл болот. Анын окко учканына 10 жылдын жүзү болсо да, анын өлүмү тууралуу ар кандай табышмактуу сөздөр айтылып жатат. Демек, ал күнгө жакын ЖМКлар Акматбаевди байма-бай эскерери турган иш. Рыспек акка моюн сунгандан кийинки 10 жыл ичинде кримдүйнө кандай өзгөрдү жана кандай абалда калды?

 (Уландысы кийинки санда)

 Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: