“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев

12.03.2016 | Криминал

Өткөн сандагы “Кара жолдон” кайтпагандар… Рыспек Акматбаев же “Робин Гуд” баяны» деп аталган макаланын уландысы.

 

“Общактарды” тазалоо…

Белгилүү болгондой, Рыспектей “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ашкере кайраттуу адамдарды дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү мамлекеттин пайдасына илгертен пайдаланып келишкен. Бул темада өтө узун сөз кылсак болот. Бирок, Рыспек кимдин, кайсы укук коргоо органынын жана кайсы инсандын долбоору болгон деген суроо туулбай койбойт. Бул боюнча ар кандай божомолдор бар. Жалганы жок, чындык маалымат төмөнкүчө:

Рыспек АкматбаевАйрымдар Рыспекти Рыспек кылып таптап чыккандар экөө десе, айрымдар үчөө деп айтып жүрүшөт. Ал адамдар эчак генералдык чинди ийиндерине тагышып, күч тармактарынын көрүнүктүү өкүлү болушуп, арабызда аман-эсен жүрүшөт деген да маалыматтар бар. Рыспек өзү эле Рыспек болуп чыккан дегендер да четтен табылат. Чынында бул айтылгандарды түп-тамыры менен туура эмес деп айтууга болбойт, кандайдыр бир деңгээлде чындыкка жакындашат. Бул маселени ансыз да аз эле адамдар билишет. Андыктан билгендерге көкүрөктө катылган сыр, билбегендерге табышмак болуп кала бергени оң. 1990-жылдардын башында жалпы эл, “зек”, “мыйзамдагы ууру”, “смотрящий”, “положенец”, “чөрный” деген түшүнүктөн алыс болчу. Түрмөгө түшүп келген адамдарды башкача көз караш менен карашчу. Мына ушундай көз карашка түрмөдөн жаңы чыгып келген Рыспек да жакшы эле туш (Рыспек 1988-жылы Ысык-Көлгө эс алууга келген орустардын атактуу ырчысын тоноого шектелип, ошондон улам соттолгонун гезитибиздин өткөн санында жазбай калыптырбыз) болгон. Бирок, ал кезде түрмөдөн (союз кулагандан тарта) мөөнөтүнөн мурда чыгып келгендердин да саны көбөйө баштаган. Рыспек өзүнүн тегерегине уюштургучтугу жана өткүрлүгү менен спорт дегенде жата калышкан, бука моюн, буура сан балдарды топтоп, (албетте, бул иште жогоруда купуя сөз болгон “кызылдардын” колдоосу да жардам болгон ) кыргыздарга кордук көрсөткөн башка улуттардагы “общактарга” билинбегени менен катуу “согуш” жарыялап, акырындык менен теңирин тааныбай тескери иш кылгандардын кысчу жерин кыстырып баштаган. ИИМдин ошол кездеги маалыматы боюнча республика боюнча өзгөчө коркунучтуу делип тизмеге алынгандардын саны 425 адамга жеткен. Ал эми спорт дүйнөсүнө, аны менен бирге “кара дүйнөгө” аралашып, аттары алыс-жакынга аздыр-көптүр угулган 20дан ашуун “авторитеттер” жана 2-3 “мыйзамдагы ууру” статусуна жеткендерден үчөө болгон. Балким, бул маалымат ашыкча кошумчаланып айтылгандыр. Кандай болсо да, бул расмий маалымат болчу. Маселен, ошол кезде аты бир топ угулуп калган каймана аты Халдар аттуу “мыйзамдагы ууруну” “Альфа” атайын даярдыктагы тобу “Пишпек” мейманканасынан колго түшүрүп, аны абдан “көргүсү” келип, “кусаланып” жаткан Ташкент шаарынын укук коргоо органдарынын укуругуна байлап беришкен.

Чынында кыргыздын спортчу жигиттери Рыспек пайда болгуча, лидери жок эле, кез-кези менен топтошуп алып, башка улуттардан түзүлгөн “общактар” менен акча алмаштыруучу, алтын саткан жайлардан мушташып, кыр көрсөтүп турушкан. Бирок, чыныгы жеңишке Рыспектин пайда болушу менен жетишкени ырас. Башка улуттардын “общактарын” тез эле чачыратканы менен, алардын ичинен чечендерди четке сүрүп чыгуу кыйынга турду.

Анткен менен бизнесте баш көтөрүп, акчаны арбын таап, аты чыгып калгандардын баары болбосо да, бир тобу Рыспектин тизмесинде же жеке көзөмөлүнө өтө баштайт. Бул боюнча ар кандай божомолдор, ойдон чыгарылып, чындыкка жакындабаган апыртмалар да арбын. Алардын ар бирине токтоолунун кажети жоктур.

Рыспектен мурун “кара дүйнөдө” Рашид Алканов, “мыйзамдагы ууру” делип айтылып келген Юрий Маслов дегендер өз билгенин кылышып, көп жерлерге, чоң бизнесмендерге “крыша” болуп жүрүшкөн болот. Алар Рыспектин аракетин угуп-билишкени менен, теңине албай, көңүл деле бөлүшпөйт. Маслов “кара дүйнөдө” калыстыгы менен бир топ таанылып, чоң кадыр-баркка жеткен адам. Бирок, анчалык карый элек кезинде эле, 1995-жылдардан кийин өз ажалынан каза тапкандан кийин, унутта калды.

Ал эми Рашиддин атасы чоң ишкер. Ал киши азыр да тирүү. Баласы Рашид дагы Маслов сыяктуу эле “кара дүйнөдө” калыс жүрүп, бир топ аброй топтойт. Бирок, анын аброюнун артып баратканын көрө албагандар, так айтканда Рашид “мыйзамдагы ууру” статусун алат деген сөз чыгып, ал статуска өзү да жигердүү аракет кылып баштаган мезгилде аны уйгур улутундагы Габассов (бул “бандюга” тууралуу кийин да сөз кылабыз) деген атып өлтүрөт. Эгер Рашид эрте өлбөгөндө анын “кара дүйнөдөгү” атагы алыска угулмак…

Ошол учурда чечендерден Азиз Батукаев деген чыкты баш көтөрүп. Анын таластык Эшим жана Мула деген ишенимдүү жигиттери да “кара дүйнөнүн” чыныгы каармандарына айланууга абдан аракет кылышкан.

 

“Мен эмнеге баатыр болбошум керек” — деп…

Жыл өткөн сайын Рыспектин иши ийгиликтүү жүрүп, атагы чыга баштайт. Анын ысымы көпчүлүккө 1995-96-жылдары Чолпон-Атанын кире беришине Чолпон-Атанын эстелигин орноттуруп, чоң той бергенде “дүң” дей түшөт.

Чолпон-Атанын эстелиги

Чолпон-Ата тарыхта жашап өткөн, азыркы Чолпон-Ата шаары ошол инсандын атынан аталып калгандыгы боюнча тарыхый маалыматтар бар. Ал кезде Рыспектин аты “кыргыздын бандити” деп көпчүлүккө жакшы эле угулуп калган. Ошондой болсо да, Чолпон-Атанын эстелигинин урматына арналган тойго ошол кездеги башы көрүнгөн бизнесмендердин басымдуу бөлүгү, спортчулар, бийликтин бир топ өкүлдөрү, так айтканда: акимдер, губернаторлор, министрлер, орун басарлар, ар кандай мекеме жетекчилери да барышкан. Ал тургай Аскар Акаевдин оң колу болуп, бийлик эшелонунда экинин бири катары эсептелип турган Ташкул Керексизов да ошол тойдун эң кадырлуу коногу болуп, табак толо тартылган майлуу учаны “уучтап” жеп кеткени белгилүү. Анын тойго барышы, президенттин өзү келди деген сындуу сөздөрдөн башка да бир топ нерселерден кабар берип койгон болчу. Чынында Ташкул мырзанын ал учурда президенттин атынан көп эле “керектүү” делген керемет той-аштарга барып турганын көпчүлүк жакшы билет. Бул атагы Алайга, даңкы далайга кеткен ал тойго “каралардын” бир топ өкүлдөрү да, тагыраак айтканда, каймана аты “Батя Караколский” сыяктуу лөктөр да катышкан болчу. Ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, айрыкча кылмыш иликтөөчүлөр, “манты” кулак оперлер, айтор уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүүчүлөр да өз милдеттерин аткарып жүрүшкөн.

Чынында Рыспек ал тойду өткөргөнгө чейин ар ким ар кандай көз караш менен карап, мурда угуп-билген окуяларды фактыларга таяп бышыра албай келишсе, тойдун эртеси ошол эле адамдардын ага болгон көз карашы бир топ деңгээлде (жакшы жагына) өзгөрөт. Маселен, “Рыспек бандит” деген сөзгө “Рыспек чоң бизнесмен” деген сөз кошулуп, анын аброю жогорулай түшкөн.

Рыспек да кыргыздын тарыхына аздыр-көптүр кызыккан, ал: “Мен Эр Табылды баатырдын тукуму болом. Манастагы Кошой чыккан Катаган уруусунан болом. Ата-бабаларымдын баары жоокер, баатыр болушкан. Мен эмнеге болбошум керек?” — деп ишенимдүү айтып, муну менен ар дайым сыймыктанып, көп кыйынчылык учурларда өзүнө-өзү дем берип келген. Туура, аны эч ким Эр Табылды баатырдын тукумунан эмес деп айта албайт. Бул маселени тарыхчылар эле таза, тыкыр иликтеп, бир жыйынтык айтышпаса…

Мейли, Рыспек кайсы баатырдын тукуму болсо да, анын мүнөзүндө баатырлыкка таандык өткүр мүнөз болгонун байкасак болот. Ал бардык эле адамга бериле бербеген өтө өткүрлүктү өз жашоосунда кайсы багытка жумшады? Анын элге пайдасы болдубу? Албетте, бул өтө чоң суроо. Бул суроону алдыда дагы да болсо мезгил тактап берер, тактап гана жөн болбостон өзүнүн да чыныгы баасын коөр?!

 

Кол салуу, өчөшүү, өлтүрүү фактылары

Рыспек жыл өткөн сайын күч топтоп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жүрүп олтурган. Чолпон-Атанын эстелигине арналып өткөрүлгөн тойдон кийин ого бетер жер баспай, өзүнө бир топ ишенимдүү боло түшкөн. Ошол жылдары “кара дүйнөдө” лидер болуу максаты да кадыресе бекемделе түшкөн эле. Кыргызга кыйынсынышкан башка улуттардын “общактарын” чачыраткандан кийин да ага каршы турушкан же Рыспек өзү катылган кыргыздын дагы да башка өткүр, Рыспектен кем калбаган, ал тургай андан да ашып түшүшкөн күчтүү жигиттер болушкан. Ортодо таасир талашуу күчөп, натыйжада Рыспек Акматбаевдин алын кетирип, баш бербей басып кеткендер…

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: