“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 6-серия

28.03.2016 | Криминал

(Башы өткөн санда)

“Ток пейил” Токоевдин билдирүүсү

Хадалованын айткандарынын баарын калп деп айтууга да болбойт, бирок ошол эле учурда ал “40 чоронун” өкмөт үйүнүн алдына чыгып, жалпы коомчулукка билдирүү таратышы бир четинен алганда бет тырмарлыкка жатаар эле. Себеби, чечендердин бандиттик тобу ага чейин эле далай кыргыздардын башын жуткан болчу. Биз алардын айрымдарын гана санадык, дагы айтылбай арманда кеткендери арбын. Алар тууралуу бир да кыргыз өкмөт үйүнүн алдына чыгып, жалпы элге жар салган жок. Демек, бул маселени да эч качан унутпашыбыз абзел. Тескерисинче, бийликтин бийик секисинде олтурган айрым аткаминерлер башка улуттун өкүлдөрүнө жан тарткан учурлар кездешкен. Маселен, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, “алгакыргызстанчы”, ток пейил Иса Токоев мындай деген:  “Чынында биздин жөнөкөй эмес тарыхыбызда ар кандай мезгилдерде башка улуттарга бардык күнөө иштерди түртө салып, айыптап башташат”. Албетте, депутаттык мандатка мас болуп, көзүнө эч нерсе илбей башка улуттардын өз мекендештерин курмандыкка чалып жатканына кайгырбай, кайра алардын мизин курчутууну ойлоп, “кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” коюп, анан бет тырмарлык кылып жаткан башка улуттун көзүнүн тегереги менен айланган аткаминерлерден эч кандай деле жакшылык күтүүгө болбойт. Андайларга эч аёосуз эле, өздөрүнө жараша мамиле кылуу оң болоор.

Рыспек Акматбаев жана жанындагылар“Кылмыштуулук улутка бөлүнбөйт” деген менен, ошол кылмыштарды кылып жаткандар улутка, айрыкча улутчулдукка катуу басым жасашканын четке кагуу болбойт. Рыспек Акматбаевдин кылмыш дүйнөсүндө төбөсү көрүнгөн төбөл болгону менен — улутчул болгонун четке кагууга болбойт. Ал учурунда улуттун намысы үчүн өз башын канжыгага байлап, кылыч мизинде кырчылдашып, далай ирет ажал издеп зырылдап учкан окко бута болгону ырас. Бирок, биз да бул жерден аша чаап, Акматбаевди ашыкча мактабайлы. Анткени, рахматы болгур Рыспек мырза кримдүйнөсүндө өмүрүнүн акырына чейин улут кызыкчылыгы үчүн күрөш жүргүзүп, мамлекеттин намысына жарады беле деген суроо туулбай койбойт. Ооба, Рыспек да пенде болгон, көп жерден жаңылып, көп ирет туура эмес чечим чыгарып, чоң күнөөлөргө баткандыгын баарыбыз эле болжолдоп болсо да билебиз. Эмесе, бул маселеге “кургак” эле эксперт боло бербей, бүдөмүк суроолорго жетиштүү далил болуп бере турган далилдүү окуяларга таяналы. Дагы бир ирет эскертип койчу нерсе, кандай окуя болсо да, биз бул жерде бир аз тайыздатып, боёгун азайтып беребиз. Бирок, кандай болгон учурда да чындыктан алыс кетпейбиз. Ошондой болсо да кримдүйнөдөгү окуяларды, Рыспекти толук билгендер, күбө болгондор бүтүмдү башкача чыгарышы мүмкүн. Алардын өз эрки эмеспи…

 

Эркиндиктен түрмөнүн түбүнө из жашыргысы келип…

Гезиттин өткөн санында Рыспектин аялы менен баласынын кандайча каза болгонун, андан кийин Батукаевдин бир тууган агасы Кейзанын өлүмү, Азиздин кол салуудан чоң куулук менен аман калганы тууралуу кенен жаздык эле. Эми ошол окуяны улап, суу жүрөк Азиздин Рыспектен ар кандай айла-амалдарды колдонуу менен катынчасынан качканын баяндайлы.

Агасы жерге берилген күнү кол салуудан чоң куулук менен аман калган Азиз ал иш дароо эле Акматбаевдин тобундагы балдардын колунан келди деп чечим чыгарган. Иликтеп, териштирип, далилдерди топтоого же андай ишке жооп кайтарууга күчү да, эрки да жеткен эмес. Жетмек турсун, жер алдын казып кирип кетүүгө, иши кылып, Рыспектин көзүнө көрүнбөөнүн токсон амалын ойлоп, жанын коёрго жер таппай калганы ырас. Ал: “Акматбаевден бир кутулсам, түрмөнүн түбүндө жатып кутулам” деп ойлоп, ошол 2002-жылдын май айынын этегинде шылтоого шыноо издеп Орусиянын аскер кызматкерлерине кол салып, өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен аларды бир топ сабап салышат да, издөөдөгү кылмышкер статусуна ээ болуп эки жылдай из жашырып, түлкүчөсүнөн мант берип, качып жүрөт. Акыры баскан жерлери байсалдуу болбой, кенендик тарып, кайраты барган сайын жанып баштаганда: “Акматбаевдин тузагына илингенче, укук коргоочулардын укуругуна илинейин, түрмөгө түшүп сүйүнөйүн” — деп милиция кызматкерлеринин колуна түшүп берүүнү максат кылат.

Бирок, ал оңой менен колго түшүп бербеген (коомчулукка, өзгөчө Рыспектин тобуна сөз кетпесин дегени) киши болуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын балдарын 2-3 ай убара кылат да, Бишкектин чок ортосундагы убактылуу батиринен колго түшүп берет, анын жанында РГД-5, эки тапанча чыгат. Эки күн өтпөй, Сокулуктан Батукаевдин “бандасында” делген Иманов, Кайратбеков деген отузга чыга элек эки жигит кылтакка илинет. Айтмакчы, Азиздин батиринен табылган “ТТ” жана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчалар 1994-жылы Казакстандын Кордай районунун Отар айылындагы аскер складынан уурдалгандыгы аныкталат да, бул боюнча да өзүнчө бир кылмыш беренеси кошулат. Ал тапанчалардын “тарыхый” жери чын эле ошол Отар айылындагы аскер складыбы же ойдон чыгарылган сөздөрбү, айтор чын-бышыгын далилдер менен айта албайбыз.

2005-жылдын 25-январында Батукаев Биринчи май райондук соту тарабынан 4 жылга кесилип, мурда-кийин жыты сиңип, өз билгенин кылып, өз үйүндөй болуп калган Молдовановка айылындагы №31 түрмөгө №1 СИЗОдон этап менен которулат. Ал азырынча абакта эс ала турсун, азыр көпкөндөрдү “кырып” жүргөн, көп иштин ичинен чыгып жүргөн Акматбаев жана ага тиш көрсөтүп, өзүнчө  эле “мыйзамдагы ууру” статусуна жетти делген, улуту уйгур Рустам Габбасовдун окуяларын ортого салалы.

 

Рыспек жана Рустам Габбасов …

Рустам Габазов1996-жылы Рыспектин аты алыска угулуп, “кара дүйнөнү” толугу менен калчылдата баштаган кезде, аны жок кылып, көзүн тазалагысы келгендердин саны көп болгон. Алар негизинен мурда-кийин кримдүйнөдө баш көтөрүп, өздөрүнчө жол ачып, бекер байлык, белен акчанын даамын татып калгандар эле. Маселен, ошол жылы жай айында саясатта жана кримдүйнөдө бир топ таасирлүү болуп калышкан бир нече адамдар Рыспекти аңдып жүрүшүп…

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: