“Кара жолдон” кайтпагандар… “Криматалык” Рыспек Акматбаев. 5-серия

18.03.2016 | Криминал

(Башы өткөн санда)

Алардын арасында: 50 жаштан эми өткөн “Паханчик” каймана атындагы Рыспек Керимбаев, Лимонти, Самсалиев Болот, кримдүйнөдө таңкалыштуу окуялары менен даңкы чыккан Байназаров (каймана аты “Талисман”), казак улутундагы Осмонов, Каныбек Калыбеков, Урмат Борбушев, Аят Сансызбаев ж.б. болгон. Биз айтпасак да боолголоп жатсаңыздар керек, Рыспектин, Азиз Батукаевдин бир катар жакын санаалаштары да камалышкан. Жогоруда аттары аталгандардын айрымдары Акматбаев менен Батукаевдин тобунда болушкан.

Рыспек Акматбаев уулу мененАл ортодо Рыспектин аялы, жаңылбасак 10-класста окуп жаткан баласы каза таап, бул маселе жалпы коомчулукта, өзгөчө кримдүйнөдө катуу талкууга алынган. Чынында Рыспектин  аялынын капилеттен каза болуп калышы, криминал чөйрөсүндө жүргөн адамдарды гана эмес, укук коргоо чөйрөсүндөгүлөрдү да ар кандай күдүк ойлорго түрткөн. Аялы Бишкектеги бийик кабат үйлөрдүн биринен учуп өлгөндүгү сыяктуу ар кандай версиялар айтылган. Айрымдар аны Рыспекке өчөшкөндөр атайы ыргытып жиберишкен деп да бүтүм чыгарышкан. Көпчүлүк Рыспектин аялын кандай болгон күндө да Азиз Батукаевдин тобу өлтүрдү деп билишет. Чынында андай эмес деп да айтуу кыйын. Айтор, бул маселеде тактай турчу жагдайлар арбын.

Рыспектин кайгысына кайгы кошкон окуя — аялы өлгөндөн көп узабай, анын орто мектепти бүтө элек баласынын күтүүсүздөн көз жумганы болот. Анын өлүгүн асылып турган абалда табышкандыктан, ал көрүнүштүн өзү да көпчүлүктү көптөгөн божомолдорго түрткөн. Он гүлүнүн бири ачыла элек окуучу баласынын ойдо жок жерден о дүйнөгө узап кетишин уккандардын көбү баягы эле Батукаевден көрүшкөн. Бирок, бул жерде башка да чындыкка жакын версиялар айтылган эле, аны бул жерде айтуунун кажети жоктур.

Рыспек өзү оңой менен кайгыга алдырбаган кайраттуу адам болгонун гезитибиздин мурунку сандарында кенен жаздык эле. Ал өзүнүн өткүрлүгүн, кайраттуулугун аялы менен баласы өлгөн кезде да көрсөткөн. Анткени, анын душмандары, “Рыспектин канаты кайрылды, эми сыртынан болбосо да, ичинен сынат” — деп табасы канып, дагы да болсо жамандык каалап турушкан. Бирок, Рыспек кайгыга алдырган жок, муун-жүүнүн бошотуп, сынып калбады, тескерисинче кайратына-кайрат кошулгандай, душмандарына сыр берген жок. Бул окуялардан кийин анын кримдүйнөдөгү орду дагы да бекемдеп, таасири дагы да болсо арта  берди.

 

Батукаевдин агасы Кейзанын өлүмү…

Батукаев Азиздин Алаудин деген бир тууган агасы болгон. Каймана аты — Кейза. Ал адам өз убагында кримдүйнөдө өз билгенин кылган, чектен ашкан, өзүн өтө эле кыйын сезген адам болгондугу көп эле айтылып жүрөт. Бир нече жолу соттолуп келген. Алаудин баш кесерлерден турган анча чоң эмес тобу менен бизнесте жаңыдан баш көтөргөндөргө кордук көрсөтүп, башка улуттардагы “общактарды” жок кылууга ар кандай аракеттерди көргөн. Кейзаны Токмоктогу криминалдык топтун ана башчысы катары сыпаттап келишкен. Буга төмөндөгүдөй бир эле мисал айтсак, баарына жетиштүү болоор.

2002-жылдын жазында Кейза анчалык катуу кетпеген, кримдүйнөдө чоң ийгиликке жетпеген өзбектердин “общагындагы” Марат, Фархад сыяктуу тың балдарын бир топ ызалап коёт. Намыстанып, канча чыгынышканы менен алар Кейзадан кегин ала алышпайт, себеби жеңилип калабыз деген коркуу сезимине багынып беришкен. Андыктан алар кыйла күчтүү, алдына башкаларды чыгарбай, өз доору жүрө баштаган Рыспекке кайрылышат. Айрым маалыматтар боюнча, Рыспек: “Биз турганда эч коркпо, кыргыз жеринде биз кожоюнбуз, башка улуттардын зордугуна, кордугуна жол бербейбиз” — деп айтканы айтылат. Бул сөздөр да бекер жерден айтылбаса керек. Балким, Кейзадан кордук көргөндөр такыр эле Рыспекке кайрылышпаган чыгар. Бул маселеде да тактай турчу жагдайлар бар.

Айтор, жыйынтыгында, жогоруда аттары аталган өзбек жигиттер, так айтканда ызага алдырган Фархад иниси жана эки күйөө баласы өзү эле  ошол жылдын 21-майында Токмокто өз үйүндө жаткан Кейзанын үйүнүн дарбазасын болушунча даңкылдатышат. Максаты, аны чөгөлөтүп өзүнөн кечирим суроо болгон.  Алгач Кейзанын Чеченстандан жакында келген тууганы чыгып, Кейзанын үйдө жок экенин айтып, Фархад менен жакалашып, арматура менен чабышып мушташа кетет. Аңгыча, колуна лом көтөргөн Кейза келип, Фархадды чала-була уруп калат. Фархаддын иниси жүгүрүп барып, “жол тандабас” машинесинин ичиндеги алып жүрүүгө уруксаты бар винчестерин алып чыгып, Кейзаны башка, көкүрөккө үч ирет атып, о дүйнөгө узатат. Айрым бир маалыматтарда Фархад Кейзаны бала кезинен бери тааныган, ал тургай экөө жакшы мамиледе болуп келгендиги айтылат.

22-майда 50 жашка эми толгон Алаудинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Ошентип, Кейзанын келбес сапарга кеткендигинин “урматына” узакка созулган куран окулгандан кийин, топурак салганы келгендер тез-тезден тарап кетишет. Ал жерде бандиттик топтор да, оперлер да өз милдеттерин так аткаруу аракетинде болушту. Ошол түнү саат 11лерде муун-жүүнү бошоп, ден-соолугу да анча жакшы болбой, агасын жоктоп турган Азиз бир нерсени сезип тургансып, же бир нерседен чындап шек алгандай өз машинесине эмес, досторунун машинесине олтурат. Алдыда келаткан Азиздин  “Мерседес-230” үлгүсүндөгү машинесине Токмоктун темир жолундагы атайы өтмө жолго жеткен кезде (Бишкекти көздөй келатышкан) күтүлбөгөн жерден автоматтан жамгырдай ок жаайт. Ал машиненин өзү калбырга айланып, ичиндеги Азиздин эки желдети жана анын граждандык никедеги аялы, 35 жаштагы Олеся Макагонова аттуу кыз окко учушат. Азиз болсо, жогоруда айтканда түлкүдөй мант берип, ал ирет да ажалдан аман калат.

Айтмакчы, Кейзанын өлүмүнө түздөн-түз күнөөлөнгөн Фархад ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, Кейзаны аткан инисин да милицияга алып келдирет.  Анткен менен Кейзанын жана Азиздин өзүнө кол салуу кылмыш окуясы боюнча милиция кызматкерлери бир топ эле будуң-чаң түшүп калышат. Кейзаны аткан “мерген” жигит  соттук териштирүүдөн кийин 10 жылдан көбүрөөк жылга кесилип кетет.

Агасынын өлүмүнөн кийин Азиз капканга түшпөй, ийинге кирип кетип, “жоголгон” чычкандай дайынсыз боло түшөт. Чынында анын жаны башка адамдардыкынан таттуу экени кийинки көп окуяларда даана байкалды. Аны эч ким издөө салып, жанын сууруп, көзүнө көргөзөбүз дебесе деле, андай аракеттер болбосо да, өзүнөн-өзү коркуп, эркин жүрө албай, дайым бекинип жүрчү болот. Рыспектин атын укканда, дене-бою титиреп, бирок кандай болсо да өч алууну максат кылат.

 

Чечендер 13кө жетти дейт, а кыргыздарчы?

2004-жылы жаздын биринчи айында чечен улутундагы Балаудин Межидов аттуу ишкерлик менен алектенген, бирок кримдүйнөдөн да четте калбаган адамды Жибек-Жолу-Алма-Ата көчөсүнөн атып кетишет. Аткандар машиненин терезесинен гана ок жаадырып, көздөн кайым болушат. Албетте, анын өлүмүн да Рыспектен көргөндөр четтен табылат. Бирок, Рыспектин тобу, же башка таасир талашкан топтордогу балдар аткандыгы боюнча так маалыматтар жок. Кыскасы, Межидовдун өлүмү көп адамдарга, айрыкча чечен улутундагыларга жем таштайт…

2004-жылдын 10 мартынан кийин өкмөт үйүнүн алдында чечен улутундагы 40тан ашуун аял нааразычылык акциясын өткөрүшөт. Ал “40 чоронун” башында “Чечен энелер” комитетинин ана башчысы Луиза Хадалова деген аял турган. Алардын билдирүүсү төмөндөгүдөй эле: “Кыргызстанда жашаган чечен улутундагы киши колдуу болуп каза тапкан адамдардын саны 13кө жетти. Ушул кезге чейин 13 адамдын өлүмү боюнча козголгон кылмыштын бирөөсүнүн да бети ачылган жок. Укук коргоо органдары кылмыштын бетин ачууга кызыкдар эместей…  ”.

Хадалованын айткандарынын баарын калп деп айтууга да болбойт, бирок ошол эле учурда ал “40 чоронун” өкмөт үйүнүн алдына чыгып, жалпы коомчулукка билдирүү таратышы бир четинен алганда бет тырмарлыкка жатаар эле. Себеби, чечендердин бандиттик тобу ага чейин эле далай кыргыздардын башын жуткан болчу. Биз алардын айрымдарын гана санадык, дагы айтылбай арманда кеткендери арбын. Алар тууралуу бир да кыргыз өкмөт үйүнүн алдына чыгып, жалпы элге жар салган жок. Демек, бул маселени да эч качан унутпашыбыз абзел. Тескерисинче, бийликтин бийик секисинде олтурган айрым аткаминерлер башка улуттун өкүлдөрүнө жан тарткан учурлар кездешкен. Маселен, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, “Алга Кыргызстанчы” Иса Токоев мындай деген:

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: